Редакцияот 23.05.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ  VII  СЕССИЯСЫ

 

2025-жылдын 23-майы   № 7/7

 

Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-февраль 2025-жылдагы №3/14 “Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын бюджетинин аткарылышы жана 2025-жылга карата бюджетин бекитүү” жөнүндө токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Бюджет кодексинин 109-беренесинин 1-пунктуна ылайык Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-февраль 2025-жылдагы №3/14 “Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын бюджетинин аткарылышы жана 2025-жылга карата бюджетин бекитүү” жөнүндө токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеӊешинин кезексиз  VII сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Кыргыз Республикасынын “Бюджет кодексинин 109-беренесинин 1-пунктуна ылайык Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-февраль 2025-жылдагы №3/14 “Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын бюджетинин аткарылышы жана 2025-жылга карата бюджетин бекитүү” жөнүндө токтомундагы Чет-Нура бала бакчасынын кошумча корпусун куруу үчүн даярдалган долбоордун өздүк салымына  бөлүнгөн бала бакчанын бюджеттик эсебинен 765 000 (Жети жүз алтымыш беш миң) сом акча каражатын Чет-Нура айыл өкмөтүнүн  аппараттык эсебине которулуп багыты (Статьясы) өзгөрүүсүз калтырылсын.

 

2.Токтомду аткарлышын ишке ашыруу жагы Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтерине тапшырылсын.

 

3. Токтомду аткарлышын көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жумалиевге милдеттендирилсин.

 

  

Төрага

С. Бектемир уулу