Редакцияот 12.08.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТҮҮ VIII  СЕССИЯСЫ

 

2025-жылдын 12-августу   № 8/1

 

Чет-Нура айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын

айрым жарандарга ыйгаруу жөнүндө

 

         Чет-Нура айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын айрым жарандарга Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 20-февралындагы №4/5 токтому менен өзгөртүлүп бекитилген “Чет-Нура айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу боюнча жобого ылайык Чет-Нура айыл аймагынын айылдарынын элдик жыйналышынын протоколу менен жана Чет-Нура  айыл өкмөтүнүн кайрылуусунуну негизинде сунушталган жарандарды талкуулап, Чет-Нура айыл аймагынын айылдык  кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Чет-Нура айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы Өмүрбеков Марс Базаркуловичке, Керим уулу Аманга, Черикбаев Талантбек Аскарбековичке, Абикова Аэлита Токторбаевнага, Асылбекова Миргүл Сатыгуловнага, Турсунов Акылбек Бакеновичке, Өмүрканов Элтуйбаска  ыйгарылсын.  

2.Чет-Нура айыл аймагынын “Ардактуу атуул” наамы ыйгарылган жарандарды сыйлоону уюштуруу жагы Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Э.Султанбек уулуна тапшырамын.

3. Токтомдун аткаралышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

Төрага

С. Бектемир уулу