Редакцияот 12.08.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН А ЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТҮҮ VIII  СЕССИЯСЫ

 

2025-жылдын 12-августу   № 8/4

 

Чет-Нура айыл аймагынын турак эмес имараттар, курулмалар жана жайлар, ошондой эле калктуу конуштардагы жана айыл чарба багытындагы эмес жер аянттарына колдонулуучу зоналдык коэффициентин бекитүү жөнүндө

        

Чет-Нура айыл аймагынын турак эмес имараттар, курулмалар жана жайлар, ошондой эле калктуу конуштардагы жана айыл чарба багытындагы эмес жер аянттарына колдонулуучу зоналдык коэффициентин бекитүү жөнүндө  Чет-Нура айыл өкмөтүнүн салык адиси Ж.Айдралиевдин баяндамасын угуп жана талкуулап Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеӊешинин кезектүү  VIII сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Чет-Нура айыл аймагынын турак эмес имараттар, курулмалар жана жайлар, ошондой эле калктуу конуштардагы жана айыл чарба багытындагы эмес жер аянттарына колдонулуучу зоналдык коэффициентинин өлчөмү 1 ченден 1,3 ченге  көтөрүлүп бекитилсин

 

2.Чет-Нура айыл аймагынын турак эмес имараттар, курулмалар жана жайлар, ошондой эле калктуу конуштардагы жана айыл чарба багытындагы эмес жер аянттарына бекитилген зоналдык коэффициентинин менен иш алып баруу жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн салык адиси Ж.Айдралиевге милдеттендирилсин.

3. Токтомду аткарлышын көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кулешовго милдеттендирилсин.

 

 

 

 

 

 

Төрага

С. Бектемир уулу