Редакцияот 12.08.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТҮҮ VIII  СЕССИЯСЫ

 

2025-жылдын 12-августу   № 8/12 

Чет-Нура айыл аймагына караштуу Орто-Нура айылына спорт комплекстин имаратын куруу максатында долбоордук-сметалык иш кагаздарын даярдоо үчүн Нарын райондук өнүктүрүү фондуна долбоордук өтүнмөгө жергиликтүү бюджеттен өздүк салымга акча каражатын кароо жөнүндө

 

            Чет-Нура айыл аймагына караштуу Орто-Нура айылына спорт комплекстин имаратын куруу максатында долбоордук-сметалык иш кагаздарын даярдоо үчүн Нарын райондук өнүктүрүү фондуна долбоордук өтүнмөгө жергиликтүү бюджеттен өздүк салымга акча каражатын кароо жөнүндө Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчысы М.Жусубалиеванын кайрылуусун карап жана талкуулап Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеӊешинин кезектүү  VIII сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Чет-Нура айыл аймагына караштуу Орто-Нура айылына спорт комплекстин имаратын куруу максатында долбоордук-сметалык иш кагаздарын даярдоо үчүн Нарын райондук өнүктүрүү фондуна даярдалган долбоордук өтүнмө жактырылып жергиликтүү бюджеттен өздүк салым катары 300 000 (үч жүз ми) сом акча каражаты Чет-Нура айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин.

 

2.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчысы М.Жусубалиевага тапшырылсын.

 

3. Токтомду көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кулешовго милдеттендирилсин.

 

 

 

 

Төрага

С. Бектемир уулу