Редакцияот 12.08.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТҮҮ VIII  СЕССИЯСЫ

 

2025-жылдын 12-августу   № 8/14

Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы “Үч-Нура таза аймак” муниципалдык ишканасына таштанды ташуучу атайын техника сатып алуу үчүн Нарын райондук өнүктүрүү фондуна даярдалган долбоордук өтүнмөнү сунуштоо жөнүндө

 

Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы “Үч-Нура таза аймак” муниципалдык ишканасына таштанды ташуучу атайын техника сатып алуу үчүн Нарын райондук өнүктүрүү фондуна даярдалган долбоордук өтүнмөнү сунуштоо жөнүндө Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчысы М.Жусубалиеванын кайрылуусун карап жана талкуулап Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеӊешинин кезектүү  VIII  сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы “Үч-Нура таза аймак” муниципалдык ишканасына таштанды ташуучу атайын техника сатып алуу үчүн Нарын райондук өнүктүрүү фондуна даярдалган долбоордук өтүнмө жактырылып сунушталсын.

 

2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчысы М.Жусубалиевага тапшырылсын.

 

3. Токтомду көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кулешовго милдеттендирилсин.

 

 

 

 

 

Төрага

С. Бектемир уулу