Редакцияот 12.08.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТҮҮ VIII  СЕССИЯСЫ

 

2025-жылдын 12-августу   № 8/16

Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Нарын финансы башкармалыгынан кошумча план бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Нарын финансы башкармалыгынан кошумча план бекитүүмаксатында, Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин XXIX чакырылышынын кезектүү  VIII сессиясы;

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Чет-Нура айыл аймагынын жергиликтүү бюджетине 11111110 (кирешелер салыгынан) 2 000 000(эки миллион) сом акча каражатына кошумча план бекитилсин жана Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Нарын финансы башкармалыгынан кошумча план бекитип берүү жагы суралсын.

 

2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну Чет-Нура айыл өкмөтүнүн экономиканы өнүктүрүү, ишкердикти колдоо, инвестиция тартуу жана айыл чарба боюнча бөлүмүнүн башчысы С.Сыдыковага милдеттендирилсин.

 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кулешовго милдеттендирилсин.

 

 

 

 

 

 

Төрага

С. Бектемир уулу