КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 17-июну № 587-VIII
«2025-жылдын 4-декабрында Исламабад шаарында кол коюлган
Кыргыз Республикасы менен Пакистан Ислам Республикасынын
ортосундагы Соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө
макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын
Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген (2026-жылдын 20-майындагы чыг. № 21-6304) «2025-жылдын 4-декабрында Исламабад шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Пакистан Ислам Республикасынын ортосундагы Соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
2026-жылдын 18-июнунда https://kenesh.kg/kg/law-activity/resolutions/7961 расмий сайтында жарыяланды
Төраганын биринчи орун басары |
М.К. Алиев |