Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2026-жылдын «04» июну № 60/XVII-5
Кайыңды шаардык кеңешинин 2023-жылдын 26-декабрындагы № 88/XXV–4 «2024-жылдын 1-январынан тартып Кайыңды шаарында таштанды чыгаруу үчүн төлөмдүн ставкасын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 10-августундагы № 90 «Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин» 73–76-беренелерине, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 11-пунктуна жана 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 11-пунктуна ылайык, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы, токтом кылат:
1. Кайыңды шаардык кеңешинин 2023-жылдын 26-декабрындагы № 88/XXV–4 «2024-жылдын 1-январынан тартып Кайыңды шаарында таштанды чыгаруу үчүн төлөмдүн ставкасын бекитүү жөнүндө» токтомунун 2-пунктуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
2. Калктуу конуштардан таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйымдарды төлөө жана эсептөөлөрдү тапшыруу мөөнөтү жыл сайын үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинен кечиктирилбесин, ошондой эле алардын өз убагында аткарылышы камсыз кылынсын.
3. Үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинен кийин жаңы катталган субъекттер үчүн жыйымды төлөө жана эсептөөнү тапшыруу мөөнөтү — алар Салык төлөөчүлөрдүн мамлекеттик реестрине киргизилген айдан кийинки айдын 20сынан кечиктирилбестен белгиленсин.
4. Ушул токтом каттоого алынсын жана токтомдун көчүрмөсү Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Ушул токтом ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Кайыңды шаардык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Ж.Н. Капалов |