Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2026-жылдын «04» июну № 61/XVII-6
Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн муниципалдык менчигинде турган, Кайыңды шаарынын Трудовая көчөсүнүн 49 дарегинде жайгашкан аянты 1,6 га болгон жер тилкесин ижарага пайдаланууга берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13, 29-беренелерин, Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамынын 11, 15-беренелерин, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 27, 34-беренелерин жетекчиликке алып, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 токтому менен бекитилген «Муниципалдык менчиктеги жер тилкелерине менчик же ижара укугун акылуу негизде берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобонун» талаптарын аткаруу жана Кайыңды шаарынын мэриясынын бюджетин толтуруу максатында, Кайыңды шаарынын мэриясынын кайрылуусун карап чыгып, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы, токтом кылат:
1. Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн муниципалдык менчигинде турган, Кайыңды шаарынын Трудовая көчөсүнүн 49 дарегинде жайгашкан, жалпы аянты 1,6 га болгон жер тилкесин ижарага пайдаланууга берүүгө макулдук берилсин.
2. Ушул токтом каттоого алынсын жана токтомдун көчүрмөсү ченемдик укуктук актылардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Кайыңды шаардык кеңешинин агрардык, жер жана турак жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Ж.Н. Капалов |