Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 9-июнундагы № 403 токтому менен бекитилген.
Расмий эмес котормо
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин фундаменталдык илим жаатындагы кызматташуусу боюнча кеңешти түзүү жөнүндө
МАКУЛДАШУУ
Расмий
бекитилген
текст
Расмий эмес котормо
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин фундаменталдык илим жаатындагы кызматташуусу боюнча кеңешти түзүү жөнүндө макулдашуу
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин Өкмөттөрү, мындан ары Тараптар деп аталуучулар,
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын кеңешинин 2007-жылдын 5-октябрындагы чечими менен жактырылган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигин мындан ары өнүктүрүү концепциясынын илим жана билим берүүнү өнүктүрүү бөлүгүнүн жоболоруна таянып,
Тараптардын мамлекеттеринин социалдык жана экономикалык прогресси үчүн фундаменталдык илимди өнүктүрүүгө чоң маани берип,
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин фундаменталдык илим жаатындагы кызматташтыгын өнүктүрүү, координациялоо жана ырааттуу тереңдетүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашышты:
1-берене
Тараптар Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин фундаменталдык илим жаатындагы кызматташуу боюнча кеңешин (мындан ары - Кеңеш) түзүшөт, Кеңеш өз ишин Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин фундаменталдык илимдер жаатындагы кызматташуу боюнча кеңеши жөнүндө жобонун негизинде жүзөгө ашырат, ал ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
2-берене
Бул Макулдашуу өз мамлекети катышкан башка эл аралык келишимдерден келип чыккан ар бир Тараптын укуктарына жана милдеттенмелерине таасир этпейт.
3-берене
Бул Макулдашуу, ага кол койгон Тараптар тарабынан анын күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон ички жол-жоболор аткарылгандыгы тууралуу үчүнчү билдирүү депозитарийге тапшырылган күндөн тартып күчүнө кирет. Ички жол-жоболорду кийинчерээк аткарган Тараптар үчүн бул Макулдашуу депозитарий тиешелүү документтерди алган күндөн тартып күчүнө кирет.
4-берене
Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча, бул Макулдашууга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана тиешелүү протокол менен таризделет.
5-берене
Бул Макулдашуу күчүнө киргенден кийин, анын максаттарын жана принциптерин карманган каалаган мамлекет үчүн кошулуу жөнүндө документти депозитарийге тапшыруу аркылуу кошулууга ачык болот.
6-берене
Бул Келишим белгисиз мөөнөткө түзүлөт.
Ар бир Тарап, Келишимден чыгуу ниети жөнүндө депозитарийге алты ай мурда жазуу жүзүндө билдирүү жөнөтүп, Келишимге катышкан мезгил ичинде келип чыккан финансылык жана башка милдеттенмелерди аткаргандан кийин, бул Келишимден чыгууга укуктуу.
Минск шаарында 2011-жылдын 19-майында орус тилинде бир түп нускада түзүлгөн. Түп нускасы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетинде сакталат, ал бул Келишимге кол койгон ар бир мамлекетке күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн жөнөтөт.
Азербайжан Республикасынын Өкмөтү үчүн
Армения Республикасынын Өкмөтү үчүн
Беларусь Республикасынын Өкмөтү үчүн
Казакстан Республикасынын Өкмөтү үчүн
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн
|
| Молдова Республикасынын Өкмөтү үчүн
Россия Федерациясынын Өкмөтү үчүн
Тажикстан Республикасынын Өкмөтү үчүн
Түркмөнстандын Өкмөтү үчүн
Өзбекстан Республикасынын Өкмөтү үчүн
Украинанын Өкмөтү үчүн
|
|
| 2011-жылдын 19-майындагы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин фундаменталдык илим жаатында кызматташуу боюнча кеңешин түзүү жөнүндө макулдашууга тиркеме
|
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин фундаменталдык илим жаатындагы кызматташуу боюнча кеңеши жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
{I. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин фундаменталдык илим жаатындагы кызматташуу боюнча кеңеши (мындан ары - Кеңеш) Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин фундаменталдык илим жаатында кызматташуу боюнча кеңешти түзүү жөнүндө макулдашууга (мындан ары - Макулдашуу) мамлекеттик бийлик органдарынын, улуттук илимдер академияларынын, ошондой эле Макулдашууга катышуучу мамлекеттердин фундаменталдык илимий изилдөөлөрдү жүргүзгөн уюмдарынын ортосундагы кызматташтыкты уюштурууну камсыз кылуу максатында түзүлөт.
I.2* Кеңеш өз ишинде Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (мындан ары – КМШ) Уставын, КМШнын алкагында кабыл алынган эл аралык көп тараптуу келишимдерди жана чечимдерди, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин тармактык кызматташуу органдары жөнүндө жалпы жобону, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
II. Кеңештин негизги иш багыттары жана анын иш-милдеттери
2.1. Кеңештин негизги иш багыттары болуп төмөнкүлөр саналат: фундаменталдык илим жаатында мамлекеттер аралык программаларды жана долбоорлорду түзүү жана ишке ашыруу боюнча сунуштарды даярдоо; фундаменталдык илим жаатында кызматташтыктын ченемдик укуктук базасын өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдоо;
Макулдашууга катышуучу мамлекеттердин фундаменталдык илимий изилдөөлөрдү жүргүзгөн уюмдарынын ортосунда түз байланыштарды түзүүгө жана кызматташтыкты чындоого көмөк көрсөтүү;
өз компетенциясынын чегинде КМШ органдары, КМШнын Аткаруу комитети, Макулдашууга катышуучу мамлекеттердин мамлекеттик бийлик органдары, ошондой эле Макулдашууга катышуучу мамлекеттердин фундаменталдык илимий изилдөөлөрдү жүргүзгөн уюмдары менен өз ара аракеттенүү;
фундаменталдык илимдин маселелери боюнча эл аралык уюмдардын жумушчу аппараттары менен кызматташуу.
2.2. Кеңештин негизги иш-милдеттери:
сунуштарды даярдоо:
фундаменталдык илим жаатындагы кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын жана формаларын аныктоо боюнча;
фундаменталдык илим жаатындагы мамлекеттер аралык программаларды жана долбоорлорду түзүү жана ишке ашыруу боюнча;
фундаменталдык илим жаатындагы кызматташуунун ченемдик укуктук базасын өркүндөтүү боюнча;
фундаменталдык илим жаатындагы маалымат алмашуу системасын түзүү боюнча;
фундаменталдык илим жаатындагы биргелешкен программаларды жана долбоорлорду аткарууну уюштуруу.
III. Кеңештин укуктары
Кеңеш өзүнүн иш-милдеттерин аткаруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
Кеңеш тарабынан даярдалган документтердин долбоорлорун Мамлекет башчылар кеңешинин, Өкмөт башчыларын кеңешинин, Экономикалык кеңештин, КМШнын тышкы иштер министрлер кеңешинин кароосуна белгиленген тартипте киргизүүгө;
Кеңештин алдында турган милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон учурда белгиленген тартипте жумушчу топторду түзүүгө;
Келишимге катышуучу мамлекеттердин тиешелүү мамлекеттик органдарынан жана уюмдарынан, фундаменталдык изилдөөлөрдү жүргүзгөн уюмдардан Кеңештин милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон материалдарды жана маалыматтарды белгиленген тартипте суратып алууга;
өз компетенциясына кирген башка маселелерди чечүүгө.
III. Кеңештин ишин уюштуруу
4.1. Кеңештин курамына КМШга катышуучу мамлекеттердин илим жаатындагы тиешелүү мамлекеттик бийлик органдарынын жетекчилери, улуттук илимдер академияларынын жетекчилери же мамлекеттер тарабынан ыйгарым укук берилген башка адамдар кирет.
Кеңеш мүчөлөрүнүн ордуна Кенештин жыйналыштарына адамдар жөнөтүлгөндө, алардын ыйгарым укуктары тиешелүү документ менен тастыкталышы керек.
Кеңештин катчылыгынын жетекчиси жана КМШнын Аткаруу комитетинин өкүлү Кеңештин курамына кеңеш берүүчү добуш укугу менен кирет, ошондой эле КМШнын башка тармактык кызматташуу органдарынын жетекчилери кириши мүмкүн.
Келишимдин катышуучусу эмес, бирок анын максаттарын жана принциптерин карманган мамлекеттердин илим жаатындагы мамлекеттик бийлик органдарынын өкүлдөрү байкоочу катары Кеңештин ишине катыша алышат.
Кеңештин чечими боюнча башка адамдар чакырылгандар катары Кеңештин жыйналыштарына катыша алышат.
4.2. Кенешке төрагалык кылуу КМШга катышуучу мамлекеттердин аталыштары орус алфавитинин тартибинде берилген кезек менен КМШга катышуучу мамлекеттердин ар биринин атынан анын өкүлү тарабынан, эреже катары бир жыл бою жүзөгө ашырылат. Кеңештин мурдагы жана кийинки төрагалары анын тең төрагалары болуп саналат. Кеңештин төрагасы жок болгон учурда анын милдеттери тең төрагалардын бирөөнө жүктөлөт.
Төрагалык жөнүндө маселе Кеңештин биринчи жыйналышында чечилет.
4.3. Кеңештин жыйналыштары зарылдыгына жараша, бирок жылына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.
Кеңештин жыйналыштарына чакыруу, аларды өткөрүү тартиби, кворум, чечимдерди кабыл алуу жол-жобосу, ошондой эле анын ишинин башка маселелери ал тарабынан кабыла алынган регламент менен аныкталат.
4.4. Кеңештин төрагасы:
Кеңештин ишин уюштурат;
Кеңештин жыйналыштарын өткөрөт жана кабыл алынган документтерге кол коет, Кеңештин мүчөлөрүнөн Кеңештин чечимдерин аткаруу жөнүндө маалыматты сурайт;
КМШ органдарында жана Макулдашууга катышуучу мамлекеттердин фундаменталдуу изилдөөлөрдү жүргүзгөн уюмдарында Кеңешти өкүлдөйт.
4.5. Кеңештин катчылыгы Кенештин ишин уюштуруучулук-техникалык жана маалыматтык камсыздоону жүзөгө ашырат.
Кеңештин катчылыгынын иш-милдеттери Кенешке төрагалык кылган Макулдашууга катышуучу мамлекеттин илим жаатындагы мамлекеттик бийлик органына же улуттук илимдер академиясына жүктөлөт.
Кенештин катчылыгынын жетекчиси болуп Кеңештин катчылыгынын иш-милдеттери жүктөлгөн органдын өкүлү, ал эми катчылыктын жетекчисинин орун басары болуп КМШнын Аткаруу комитетинин өкүлү саналат.
4.6. Макулдашууга катышуучу мамлекеттер Кеңешке жана анын катчылыгына иш-милдеттерин аткарууга зарыл жардамды көрсөтүшөт.
V. Каржылоо
5.1. Кеңештин жыйналыштарын өткөрүүнү каржылоого байланышкан чыгымдар кабыл алуучу КМШга катышуучу мамлекеттердин илим жаатындагы тиешелүү мамлекеттик бийлик органдарынын, ошондой эле илимдер академиясынын эсебинен жүзөгө ашырылат. Кенештин мүчөлөрүн жана жыйналыштын катышуучуларын иш сапарга жөнөтүүгө кеткен чыгымдары аларды жөнөткөн Макулдашууга катышуучу мамлекеттердин илим жаатындагы мамлекеттик бийлик органдары жана уюмдары тарабынан жүргүзүлөт.
5.2. Финансирование деятельности рабочих групп, создаваемых Советом, может осуществляться за счет средств внебюджетных источников.
VI. Корутунду жоболор
Кеңештин жумушту тили болуп орус тили саналат.
Кеңеш жыл сайын КМШнын Аткаруу комитетине өз ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат берет.
Кенештин иши жөнүндө отчет КМШнын Өкмөт башчылар кеңешинин жыйналышында белгиленген тартипте каралат.
Ушуну менен тиркемедеги текст Минск шаарында 2011-жылдын 19-майында өткөн Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин Өкмөт башчылар кеңешинин жыйналышында кабыл алынган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин фундаменталдык илим жаатында кызматташуу боюнча кеңешин түзүү жөнүндө макулдашуунун аутенттүү көчүрмөсү болуп саналарын тастыктайм. Жогоруда аталган Макулдашуунун түп нускасы Көз карандысыз мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетинде сакталат.
КМШнын Аткаруу комитетинин Төрагасынын – Аткаруучу катчысынын биринчи орун басары |
|
В. Гаркун |