Редакцияот 17.06.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 17-июну № 424

Кыргыз Республикасынын Министрлер

Кабинетинин айрым токтомдорун күчүн жоготту деп

таануу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын системалаштыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-февралындагы № 65 «2017-2020-жылдардагы иштин жыйынтыгы боюнча мамлекеттик кайра аттестациялоодон өткөн Кыргыз Республикасынын үрөнчүлүк чарбаларынын, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин мамлекеттик сорт сыноо станцияларынын жана мамлекеттик сорт сыноо участокторунун тизмесин бекитүү жөнүндө» токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы № 238 «2021-2023-жылдардагы иштин жыйынтыгы боюнча мамлекеттик кайра аттестациялоодон өткөн Кыргыз Республикасынын үрөнчүлүк чарбаларынын жана мөмө-жемиш питомниктеринин, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин мамлекеттик сорт сыноо станцияларынын жана мамлекеттик сорт сыноо участокторунун тизмесин бекитүү жөнүндө» токтому.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 19-июнундагы № 45 (3805) саны менен жарыяланды

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

А.А. Касымалиев