Редакцияот 20.02.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН  I КЕЗЕКТҮҮ СЕССИЯСЫ 

 

2026-жылдын 20-февралы  № 14/90

 

        Көр-Булак участкасында жайгашкан  №31 контурундагы 0,49 га жерге суу бөлүштүрүүчү  резервуарын курууга Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнө убактылуу пайдаланууга  макулдук берүү жөнүндө

 

         Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн 19.02.2026-жылагы №02-2-4/47 каты боюнча Миӊ-Булак айыл аймагына караштуу Көр-Булак участкасында жайгашкан  №31 контурундагы 0,49 га жерге суу бөлүштүрүүчү курулма резервуар курууга жана убактылуу  пайдалануу  үчүн макулдук берүүгө  Миӊ-Булак айылдык кеӊешинин XXIХ чакырылышынын I кезектүү сессиясы  токтом кылат:

1.            Миӊ-Булак айыл аймагына караштуу Көр-Булак участкасында жайгашкан  №31 контурундагы 0,49 га жерге суу бөлүштүрүүчү курулма  резервуарын  курууга Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнө убактылуу пайдаланууга макулдук берилсин. 

 

2.            Бул токтомдун аткарылышын келишим түзүү жагы Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы А. Океновго милдетендирилсин.

 

3. Ушул  токтом, каттоодон  ɵткɵрүлүп, min-bulak.gov.kg  веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

 

 

 

 

Төрага

И. Мукамбетов