Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 18-июну № 426
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 23-июлундагы № 411 «Мамлекеттик
пенсиялык социалдык камсыздандыруу жаатындагы
ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө»
токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Пенсия дайындоону жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандырылган адамдардын кайрылуу тартибин андан ары регламенттөө максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы № 411 «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жаатындагы ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Пенсия дайындоо жана кайра эсептөө үчүн кайрылуунун, пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүүнүн, ошондой эле расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул төлөө үчүн кайрылуунун тартиби жөнүндө жободо:
- 4-пунктта:
3-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3) жеке камсыздандыруу эсеби – социалдык камсыздандыруу органы тарабынан камсыздандырылган адамдын жекече эсепке алуу киргизилгенден кийин (1996-жылдан кийин) эмгектик жана башка ишинин мезгили үчүн топтолгон камсыздандырылган адам жөнүндө маалыматтарды камтыган жана пенсияны жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча төлөмдөрдү башка дайындоо (кайра эсептөө) жана өлчөмүн аныктоо үчүн зарыл болгон маалыматтардын толуктугун камсыз кылган документ. Жеке камсыздандыруу эсебинин камсыздандырылган адамга ыйгарылган жеке идентификациялык номери болот;»;
6-пунктча күчүн жоготту деп таанылсын;
- 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«5. Курагы боюнча (№ 2 тизме боюнча эмгектин өзгөчө шарттары жана текстиль өндүрүшүнүн кызматкерлери үчүн пенсияга укугу барларды кошпогондо), майыптыгы боюнча, баккан адамынан айрылгандыгы боюнча пенсия алууга укугу бар камсыздандырылган адамдар пенсия дайындоо жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун (мындан ары – Социалдык фонд) региондук органына жашаган жери же турган жери боюнча, ошондой эле Социалдык фонддун санариптик порталындагы «Камсыздандырылган адамдын жеке кабинети» аркылуу арыз менен кайрылат, мында арыз ээсин идентификациялоо Кыргыз Республикасынын бирдиктүү идентификациялоо системасы аркылуу жүзөгө ашырылат.»;
- 12-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Камсыздандырылган адамдын пенсия дайындоо үчүн кайрылган күнү болуп бардык зарыл болгон документтер менен пенсия дайындоо жөнүндө арыз пенсия дайындоочу орган тарабынан же Социалдык фонддун санариптик порталындагы «Камсыздандырылган адамдын жеке кабинети» аркылуу кабыл алынган күн эсептелет. Эгерде аталган арыз почта аркылуу жөнөтүлсө жана мында бардык зарыл документтер тиркелсе, анда пенсия алуу үчүн кайрылган дата болуп ушул арыз жөнөтүлгөн жердеги почталык штемпелде көрсөтүлгөн дата эсептелет.»;
- 14-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«14. Пенсия дайындоо жөнүндө арызга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген Пенсия дайындоо жана кайра эсептөө, пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүү, ошондой эле расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул төлөө үчүн зарыл болгон документтердин тизмесине (мындан ары – Тизме) ылайык зарыл болгон документтер жана маалыматтар тиркелет.»;
- төмөнкүдөй мазмундагы 141, 142-пункттар менен толукталсын:
«141. Жобого ылайык пенсия дайындоо жана кайра эсептөө, пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүү, ошондой эле расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул төлөө үчүн зарыл болгон санариптик түрдө жеткиликтүү маалыматтар, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, Социалдык фонддун органдары тарабынан «Түндүк» санариптик өз ара аракеттенүү системасы (мындан ары – «Түндүк» СӨС) аркылуу акысыз негизде суралат.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда, ошондой эле жекече эсепке алуу системасында зарыл болгон маалыматтар жок болгон учурда же мамлекеттик органдардын маалыматтык системаларынын техникалык жактан даяр эместигинен «Түндүк» СӨС аркылуу мындай маалыматтарды алуу мүмкүн болбосо, камсыздандырылган адамдар зарыл болгон документтерди көрсөтүү үчүн Социалдык фонддун региондук органдарына же Социалдык фонддун санариптик порталындагы «Камсыздандырылган адамдын жеке кабинети» аркылуу кайрылат.
Арыз ээсин идентификациялоо Кыргыз Республикасынын Бирдиктүү идентификациялоо системасы аркылуу, ал эми жеке кайрылганда бекитилген Тизменин 11-пунктунда каралган ким экендигин ырастоочу документтин негизинде жүргүзүлөт.
142. Социалдык фонддун органдары тарабынан «Түндүк» СӨС аркылуу алынган маалыматтар анык, жарактуу деп эсептелет жана кагаз түрүндөгү документтерге теңештирилет.»;
- 15-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«15. Эгерде пенсия дайындоо үчүн берилген документтерде жана жеке эсепке алуунун маалыматтарында пенсия дайындоо үчүн зарыл маалыматтар жок болсо, Социалдык фонддун пенсия дайындоочу региондук органы 5 (беш) жумуш күндүн ичинде иш берүүчүгө же компетенттүү органга эмгек иши жөнүндө жана камсыздандыруу стажы жөнүндө маалыматтарды берүү тууралуу суроо-талап жиберет же болбосо маалыматтар «Түндүк» СӨС аркылуу суралат.
Социалдык фонддун региондук органдары пенсия дайындоо үчүн кайрылган камсыздандырылган адамга консультация берүүгө жана жардам көрсөтүүгө милдеттүү.»;
- 23-пункттун 4-пунктчасында «бирок 23 жаштан ашпаган куракта» деген сөздөр «бирок 23 жаштан ашпаган куракка чейин» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 30-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«30. Пенсия арыздын негизинде дайындалат. Пенсия дайындоо үчүн зарыл болгон документтер жана маалыматтар ушул Жободо каралган учурларда жана тартипте тиркелет.»;
- 54-пунктта:
2-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2) арыз ээси пенсионер каза болгон күндөн тартып үч жыл өткөндөн кийин кайрылган учурда.»;
экинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Пенсия дайындоо жана кайра эсептөө, пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүү, ошондой эле расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул төлөө үчүн зарыл болгон документтердин тизмесинде:
- төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:
«11. Пенсия дайындоо жана кайра эсептөө, пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүү максатында камсыздандырылган адамдын (пенсионердин) ким экендиги, ошондой эле расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул төлөө максатында арыз ээсинин ким экендиги төмөнкү документтер менен ырасталат:
1) Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн – паспорт (ID-карта);
2) качкын расмий статусу бар жарандар үчүн – качкындын күбөлүгү;
3) Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган чет өлкөлүк жарандар үчүн – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жашап турууга берилген уруксат;
4) кайрылман расмий статусу бар адамдар үчүн – кайрылмандын күбөлүгү;
5) чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш статусуна ээ болгон адамдар үчүн – Мекен-карт.
16 жашка толо элек адамдардын курагын, ким экендигин жана жарандыгын ырастоочу документ болуп туулгандыгы тууралуу күбөлүк саналат.»;
- 2, 41, 14, 15-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
- 5-пунктта:
1-пунктча күчүн жоготту деп таанылсын;
3-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3) башка фамилияга берилген документтер болсо, никени каттоо же бузуу жөнүндө маалымат.»;
- 8-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«8. Баккан адамынан айрылгандыгы боюнча пенсия алуу үчүн Социалдык фонддун региондук органына ушул Тизменин 5-пунктунда көрсөтүлгөн баккан адамдын документтерине кошумча төмөнкүлөр тиркелет:
1) баккан адамынын өлгөндүгү жөнүндө жарандык абалдын актыларын жазуу органынын маалыматы (же анын дайынсыз жок болгондугун күбөлөндүрүүчү документ);
2) эмгекке жарамсыз багууда болгондордун туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү;
3) бала чагынан майыптык пенсиясы дайындалган учурда – майыптыгынын тобун белгилөө жөнүндө МСЭКтин маалымкаты;
4) үй-бүлөнүн эмгекке жарамсыз мүчөсүнүн каза болгон багуучунун багуусунда болгондугун ырастаган документтер;
5) камкорчунун арызына аны камкорчу кылып дайындоо жөнүндө камкорчулук органынын чечиминин көчүрмөсү тиркелет;
6) өгөй баланын (өгөй кыздын) өлгөн адамдын тарбиясында жана багуусунда болуу фактысын ырастаган документтер;
7) багууда болгон балдар кесиптик, орто жана атайын орто окуу жайларынын окуучулары же жогорку окуу жайларынын студенттери болуп саналарын ырастаган документтер тиркелет.
Багууда болгон балдар Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чет өлкөлүк билим берүү мекемелеринде окуган учурда алардын окугандыгы фактысын ырастаган документтер мамлекеттик же расмий тилге нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормосун тиркөө менен берилет.»;
- 12, 13-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«12. Пенсионер же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөлөрү каза болгон учурда расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул арыз ээсинин арызынын жана «Түндүк» санариптик өз ара аракеттенүү системасы (мындан ары – «Түндүк» СӨС) аркылуу алынган каза болгондугу жөнүндө маалыматтын негизинде төлөнөт, «Түндүк» СӨС аркылуу маалыматтарды алуу мүмкүн болбогон учурда Кыргыз Республикасынын жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген каза болгондугу жөнүндө күбөлүк талап кылынат.
Эгерде пенсионердин сөөгү үй-бүлө мүчөсү болбогон адамдар тарабынан коюлса, сөөк коюу фактын ырастаган акт түзүлөт. Акт каза болгон пенсионер жашаган жери боюнча кошуналардын (беш адамдан кем эмес) катышуусу менен түзүлөт, алар арыз ээси тарабынан сөөк коюу фактын ырастай алат. Актта каза болгон пенсионердин фамилиясы, аты, атасынын аты жана жашаган жеринин дареги, арыз ээсинин жана кошуналарынын фамилиясы, аты, атасынын аты жана акт түзгөн адамдардын кол тамгалары көрсөтүлүшү керек.
13. Пенсионер же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары каза болгон учурда расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул арыздын жана Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгү же консулдук мекемеси же болбосо чет мамлекеттин компетенттүү органы тарабынан берилген каза болгондугу жөнүндө күбөлүктүн негизинде төлөнөт.
Чет мамлекеттин компетенттүү органы тарабынан берилген каза болгондугу жөнүндө күбөлүк Кыргыз Республикасынын аймагында, эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, мыйзамдаштырылган же апостиль коюлган шартта кабыл алынат.».
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 19-июнундагы № 45 (3805) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |