Редакцияот 20.02.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ГҮЛЧӨ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Гүлчө шаарынын кеңешинин депутаттарынын кезексиз 2-отуруму

 

ТОКТОМ

 

2026-жылдын 20-февралы №2/11

Таштандынын төлөмүн бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктунун 4-бөлүмчөсүнө жана «Салыктык эмес кирешелер жөнүндө» Кодексинин 75-беренесине ылайык, «Гүлчө коммуналдык чарбасы» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Талантбек уулу Азаматтын билдирүүсүн угуп, Гүлчө шаарынын кеңеши токтом кылат:

 

1.    Гүлчө шаарына 1 (бир) жашоочуга бир жылына таштанды үчүн жыйым 100 (жүз) сомдон болуп белгиленсин, ал эми коммуналдык, тиричилик калдыктарды чогултуу жана чыгаруу кызматы үчүн тариф 2025-жылдын 2025-жылдын 1-июлундагы жергиликтүү кеңештин №9/6 токтомуна ылайык кабыл алынсын.

2.    Таштандыны чыгаруу үчүн жыйымды эсептөө мөөнөтү жыл сайын 1-апрелге чейин.

3.    Таштанды чыгаруу үчүн жыйымды төлөө мөөнөтү жыл сайын 1-апрелге чейин.

4.    Бул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага:

 А.Б.Самиев