Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2026-жылдын 1-июну № 77
"Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 7, 926-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1-берене. Жөнгө салуу предмети
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын ишинин укуктук негизин белгилейт, анын милдеттерин, иш-милдеттерин аныктайт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кызматкерлеринин эмгек жана башка мамилелерин жөнгө салат.";
2) 3-берененин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Консулдук кызматтын иши ушул Мыйзам, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин (мындан ары - Президент) чечими менен бекитилүүчү Консулдук устав жана Кыргыз Республикасынын башка тиешелүү ченемдик укуктук актылары менен регламенттелет.";
3) 4-беренеде:
а) төмөнкүдөй мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасында турган Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси - бир же бир нече чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен болгон мамилелерде Кыргыз Республикасынын атынан чыгууга тиешелүү ыйгарым укуктарга ээ болгон, Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын кызмат адамы;";
б) он алтынчы жана он жетинчи абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"дипломатиялык кызматтын кызматкерлери - дипломатиялык жана консулдук кызмат орундарын, ошондой эле дипломатиялык кызмат органдарында мамлекеттик жарандык кызмат орундарын ээлеген Кыргыз Республикасынын жарандары;
акчалай күтүү - Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин кызматкерлерине акчалай төлөмдөр;";
4) 5-берененин 2-бөлүгүндө:
а) биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Президент ыйгарым укуктуу органдын сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелерин уюштурат, алардын ишин токтотуп турат жана жоёт.";
б) үчүнчү абзацта "Өкмөттүн" деген сөз "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасында турган Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчисинин ишин уюштуруунун тартиби Президент тарабынан аныкталат.";
5) 8-беренеде:
а) 2-пунктта "Өкмөткө", "Премьер-министрге" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине (мындан ары - Министрлер Кабинети)", "Министрлер Кабинетинин Төрагасына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-пункт менен толукталсын:
"2-1) чет мамлекеттерди жана өкмөттөрдү таануу жөнүндө сунуштарды Президентке киргизүү;";
в) 8 жана 9-пункттарда "Өкмөттүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
г) 11-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11) өзүнүн компетенциясынын алкагында улуттук коопсуздук, коргоо, жаратылыш жана суу-энергетикалык ресурстарын пайдалануу, айлана-чөйрөнү коргоо, Кыргыз Республикасына чет өлкөлүк инвестицияларды жана чет өлкөлүк туристтерди тартуу, тышкы экономикалык жана соода, илимий-техникалык, маданий-гуманитардык, миграциялык, ошондой эле чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен башка байланыштар сыяктуу чөйрөлөрдө Министрлер Кабинетинин саясатын жана иш-чараларын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуу;";
д) 14-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"14) Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен дипломатиялык мамилелерди түзүүсү жөнүндө Президентке сунуштарды киргизүү;";
е) төмөнкүдөй мазмундагы 14-1-пункт менен толукталсын:
"14-1) Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдарга мүчөлүгү жөнүндө Президентке, Жогорку Кеңештин Төрагасына, Министрлер Кабинетинин Төрагасына сунуштарды киргизүү;";
ж) 32-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"32) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына жана эл аралык укуктун ченемдерине ылайык Президенттин, Жогорку Кеңештин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жана ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин чет мамлекеттерге сапарларын жүзөгө ашырууда, ошондой эле чет мамлекеттердин делегацияларынын жана эл аралык уюмдардын Кыргыз Республикасына бийик жана жогорку деңгээлдеги сапарларында Президенттин Администрациясынын жана Жогорку Кеңештин Аппаратынын протоколдук кызматтары менен биргеликте дипломатиялык протоколду камсыз кылуу;";
6) 9-берененин 2-бөлүгүндө "Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында" деген сөздөр "Президент тарабынан" деген сөздөргө алмаштырылсын;
7) 10-берененин 4-бөлүгүндө, 11-берененин 3-бөлүгүндө, 29-беренеде "Өкмөт" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
8) 13-беренеде:
а) 2-бөлүктө:
- 8-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8) Президенттин Администрациясынын жана Жогорку Кеңештин Аппаратынын эл аралык кызматташтык маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмдөрүнүн бир же бир нече чет тилдерди билген жана ошол түзүмдүк бөлүмдөрдө 2 жылдан кем эмес үзгүлтүксүз иштеген кызматкерлери;";
- 9-пунктта ", бирок бош кызмат ордуна дайындоого сунушталбаган" деген сөздөр алып салынсын;
б) 3-бөлүктө "Өкмөт" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
9) 14-беренеде:
а) 1-бөлүктө:
- биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Бош дипломатиялык, консулдук кызмат орундарына, ыйгарым укуктуу органдагы, ыйгарым укуктуу органдын алдындагы органдагы же ыйгарым укуктуу органдын өкүлчүлүгүндөгү мамлекеттик жарандык кызмат орундарына кадрлар резервине кирген, башка мамлекеттин жарандыгына таандык болбогон, жогорку кесиптик билимге ээ жана ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келген Кыргыз Республикасынын жарандары ыйгарым укуктуу органдын аттестациялык-конкурстук комиссиясынын сунуштамасынын негизинде ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин чечими менен дайындалат.";
- экинчи абзацта "же Премьер-министр" деген сөздөр алып салынсын;
б) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Ыйгарым укуктуу орган төмөнкү кызмат ордуна дайындалуучу жана андан бошотулуучу талапкерлер боюнча Президентке сунуш киргизет:
1) Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси жана Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлү;
2) Кыргыз Республикасында турган Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси.
Ыйгарым укуктуу органдын сунуштамасы боюнча көрсөтүлгөн кызмат орундарына дипломатиялык кызмат органдарында, Президенттин Администрациясынын жана Жогорку Кеңештин Аппаратынын эл аралык кызматташтык маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмдөрүндө жыйындысында 10 жылдан кем эмес иштеген Кыргыз Республикасынын жарандары дайындалат.
Өзгөчө учурларда ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик, коомдук же экономикалык өнүгүүсүнө салым кошкон Кыргыз Республикасынын жарандарын көрсөтүлгөн кызмат орундарына дайындоо үчүн Президентке сунуштама киргизет.
Ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасын эл аралык уюмдарда көрсөтүүгө ыйгарым укуктуу башка кызмат адамдарынын талапкерлиги боюнча Президентке жана Министрлер Кабинетинин Төрагасына сунуштарды киргизет, аларды кызмат ордуна дайындоо жана андан бошотуу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын компетенциясына кирет.
Дипломатиялык кызмат органдарынын калган кызматкерлери ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси тарабынан кызмат орумдарына дайындалат жана кызмат орундарынан бошотулат.";
в) төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-бөлүк менен толукталсын:
"2-1. Кыргыз Республикасынын башкы консулдары бир же бир нече чет тилин билген жана дипломатиялык кызмат органдарында жыйындысында 10 жылдан кем эмес иштеген Кыргыз Республикасынын жарандарынын ичинен Президент менен макулдашуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин чечими менен дайындалат.";
10) 15-берененин 4-бөлүгүнүн экинчи абзацында "жана Премьер-министр" деген сөздөр алып салынсын;
11) 16-беренеде:
а) 2-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Президенттин Администрациясынын жана Жогорку Кеңештин Аппаратынын эл аралык кызматташуу маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери Президенттин Администрациясынын жана Жогорку Кеңештин Аппаратынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчисинин жазуу жүзүндөгү сунуштамасынын/сунушунун негизинде ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин чечими боюнча кесиптик квалификациясы, даярдык деңгээли, адистешүүсү бар болгон жана чет тилдерди билген шартта ээлеген кызмат ордунан бошотуу жана Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесинде кызмат ордуна дайындоо менен ЧУИге иш сапарга жөнөтүлөт.";
б) 3-5-бөлүктөрдө "Президенттин Аппаратынын, Жогорку Кеңештин Аппаратынын жана Өкмөттүн Аппаратынын" деген сөздөр "Президенттин Администрациясынын жана Жогорку Кеңештин Аппаратынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 6-бөлүктө:
- "Президенттин Аппаратынын, Жогорку Кеңештин Аппаратынын жана Өкмөттүн Аппаратынын" деген сөздөр "Президенттин Администрациясынын жана Жогорку Кеңештин Аппаратынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Жогоруда аталган кызматкерлердин тиешелүү чет өлкөлүк мекемеге келген датасы ЧУИде болуунун башталган датасы болуп эсептелет.";
г) 7-бөлүктүн экинчи абзацында "жана Премьер-министр" деген сөздөр алып салынсын;
12) 17-берененин 3-5-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Дипломатиялык кызматтын кызматкерлерин аттестациялоо ыйгарым укуктуу органдын аттестациялык-конкурстук комиссиясы тарабынан жүзөгө ашырылат.
4. Ыйгарым укуктуу органдын аттестациялык-конкурстук комиссиясынын ыйгарым укуктары ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин чечими менен бекитилүүчү Ыйгарым укуктуу органдын аттестациялык-конкурстук комиссиясы жөнүндө жободо аныкталат.
5. Ыйгарым укуктуу органдын аттестациялык-конкурстук комиссиясы өзүнүн протокол түрүндө жол-жоболоштурулуучу чечими менен ыйгарым укуктуу органдын жетекчисине тиешелүү сунуш киргизет.";
13) 18-берененин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацында "аттестациялык-конкурстук комиссиянын" деген сөздөр "ыйгарым укуктуу органдын аттестациялык-конкурстук комиссиясынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
14) 19-берененин 3-бөлүгүндө, 23-берененин 1-бөлүгүндө "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" деген сөздөр "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
15) 20-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"20-берене. Дипломатиялык рангдарды ыйгаруу жана андан ажыратуу
1. Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчисинин, Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Кичи Элчисинин дипломатиялык рангдарын ыйгаруу жана андан ажыратуу ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин сунуштамасы боюнча Президент тарабынан жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин башчыларына Кыргыз Республикасынын тышкы саясатын ишке ашырууга катышуусунун натыйжалуулугун эске алуу менен дипломатиялык кызмат ордунда 5 жылдан кем эмес стажы болгондо Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчинин жана Атайын жана Ыйгарым укуктуу Кичи Элчинин дипломатиялык рангдары ыйгарылышы мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчисинин, Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Кичи Элчисинин дипломатиялык рангдарын ыйгаруунун жана ажыратуунун тартиби Президент тарабынан аныкталат.
2. Ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси тарабынан ыйгарым укуктуу органдын аттестациялык-конкурстук комиссиясынын сунуштамасынын жана Президенттин Администрациясынын жана Жогорку Кеңештин Аппаратынын эл аралык кызматташтык маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчисинин жазуу жүзүндөгү сунуштамасынын негизинде дипломатиялык рангдар Президенттин Администрациясынын жана Жогорку Кеңештин Аппаратынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине, анын ичинде ушул Мыйзамдын 22-беренесинде каралган мөөнөтүнөн мурда же кезексиз тартипте ыйгарылышы мүмкүн.
3. Башка дипломатиялык рангдар ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси тарабынан ыйгарылат.
Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчисинин жана Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Кичи Элчисинин дипломатиялык рангдарын кошпогондо, дипломатиялык рангдарды ыйгаруунун жана ажыратуунун тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
4. Дипломатиялык рангдарды ыйгаруу тийиштүү күбөлүктөрдү берүү жана кызматтык тизмеге (эмгек китепчесине) жазуу менен ырасталат.
Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчисинин, Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Кичи Элчисинин дипломатиялык рангын ыйгаруу жөнүндө күбөлүктүн формасы жана сыпаттамасы Президент тарабынан бекитилет, башка дипломатиялык рангдарды ыйгаруу жөнүндө күбөлүктүн формасы жана сыпаттамасы Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
Дипломатиялык рангдар, ажыратуу учурларын кошпогондо, ушул Мыйзамдын 21 жана 27-беренелеринин жоболорун эске алуу менен өмүр бою ыйгарылат.";
16) 21-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Кезектеги дипломатиялык рангдар ушул Мыйзамда белгиленген мөөнөттөргө ылайык ыйгарылат.";
б) 2-бөлүктүн 5-пунктунда "Президенттин Аппаратынын, Жогорку Кеңештин Аппаратынын жана Өкмөттүн Аппаратынын" деген сөздөр "Президенттин Администрациясынын жана Жогорку Кеңештин Аппаратынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
17) 24-берене:
а) төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-пункт менен толукталсын:
"2-1) Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген дипломатиялык кызмат өтөөгө байланышкан чектөөлөрдү өзүнө алууга;";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 6-1-пункт менен толукталсын:
"6-1) ЧУИге жөнөтүү алдында түзүлгөн контракттын шарттарын сактоого;";
18) 27-берененин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Дипломатиялык кызматтын кызматкерлери укук бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартиптик, материалдык, кылмыш-жаза жана/же башка жоопкерчиликке тартылат.";
19) 30-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Дипломатиялык кызматтын органдарын жана алардын кызматкерлерин, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин башка кызматкерлерин финансылык камсыз кылуу республикалык бюджеттин каражаттарынын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына карама-каршы келбеген тартипте алынган консулдук кызмат көрсөтүүлөрдөн жана башка каражаттардан түзүлгөн атайын эсептеги каражаттардын эсебинен жүзөгө ашырылат.";
20) 31-беренеде:
а) 1-бөлүктө "Өкмөт" деген сөз "Президент" деген сөзгө алмаштырылсын;
б) 2 жана 3-бөлүктөрдө "Өкмөт" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Президентине ушул Мыйзамдан келип чыгуучу чараларды көрүү сунушталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2026-жылдын 22-апрелинде |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |