Редакцияот 20.02.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН  I КЕЗЕКТҮҮ СЕССИЯСЫ 

 

2026-жылдын 20-февралы  № 14/92

 

     

Миң-Булак айыл аймагында Лахол айылындагы спорт комплексин Нарын райондук спорт комитетине өткөрүп берүү жөнүндө

      Миӊ-Булак айыл аймагынын Лахол айылындагы Арпачиев Төлөбек Муратбекович атындагы спорт комплексинин башкаруусун Нарын райондук спорт комитетине өткөрүп берүү  боюнча Лахол айылынын айыл башчысы Р. Дайыровдун кайрылуусун талкулап,  Миӊ-Булак айылдык кеӊешинин XXIХ чакырылышынын I кезектүү сессиясы токтом кылат:

 

  1. Миӊ-Булак айыл аймагындагы Лахол айылындагы Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн балансасында турган  Арпачиев Төлөбек Муратбекович атындагы спорт комплексинин башкаруусу Нарын райондук спорт комитетине өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
  2. Бул токтомдун аткарылышын  Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы А. Океновго милдетендирилсин.

 

3. Ушул  токтом, каттоодон  ɵткɵрүлүп, min-bulak.gov.kg  веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн

 

 

 

 

Төрага

И. Мукамбетов