Загрузка документа…
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 19-июнундагы № 221 Жарлыгы менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын улуттук
коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым
укуктуу мамлекеттик органдын Күжүрмөн
туусу жана символдук белгиси жөнүндө жобо
1. Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (мындан ары – ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) Күжүрмөн туусу жана символдук белгиси аскердик намыстын, каармандыктын, даңктын символу болуп эсептелет жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ар бир аскер кызматчысына Мекенди коргоонун баатырдык салттарын жана ыйык милдетин эске салат.
2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Күжүрмөн туусу (мындан ары – Күжүрмөн туу) тик бурчтуу формадагы эки беттүү кездемеден турат. Ал кызыл түстөгү эки бүктөлгөн жибек кездемеден жасалып, үч тарабынын четине алтын түстөгү жибек чачы бастырылган. Кездеменин узундугу – 1500 миллиметр, туурасы – 1100 миллиметр.
Кездеменин алдынкы бетинин борборунда ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сары түстөгү символдук белгисинин (мындан ары – символдук белги) сүрөтү жайгашкан. Символдук белгинин өлчөмү – 600 мм.
Символдук белгинин төмөн жагында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК КООПСУЗДУК МАМЛЕКЕТТИК КОМИТЕТИ» деген мамлекеттик тилдеги аталышы алтын түстүү тамгалар менен жазылган.
Туунун арткы бетинин борборунда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин диаметри 650 мм сүрөтү түшүрүлгөн.
Күжүрмөн туунун каскагы жыгачтан, кара-күрөң түстө, диаметри – 40 мм, узундугу – 2500 мм.
Күжүрмөн туунун каскагынын учу дат баспас болоттон жасалган, учтун борборунда беш бурчтуу жылдыздуу жарым айдын сүрөтү жайгашкан. Учтун узундугу – 250 мм.
Күжүрмөн туунун боосу учтарында эки чачысы бар алтын түстөгү эшилген жибек жиптен жасалган. Чачылуу боонун узундугу – 2800 мм.
3. Күжүрмөн туу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын борбордук аппаратынын имаратында гербдүү мөөр менен бекитилген айнек капкактын астындагы пьедесталда сакталат жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ишине байланышкан салтанаттуу иш-чараларга чыгарылат.
4. Символдук белги ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга таандык экендигин көрсөткөн расмий айырмалоочу символ болуп эсептелет.
5. Символдук белги аныктоочу жана мүнөздөөчү элементтерди жана символдорду камтыйт. Стилдештирилген калкан ички элементтери менен аныкталган формадан жана алардын айкашуусунан турат.
Символдук белги четтеринде жасалгалуу кырлары жана улуттук орнамент бар көп нурлуу жылдыздан турат.
Борбордук бөлүгүндө түндүктүн фонунда илбирстин үч өлчөмдүү сүрөтү жайгашкан. Композициянын төмөнкү бөлүгү да тоолордун рельефтүү үч өлчөмдүү сүрөтү менен толукталган. Илбирстин артында никель менен капталган кайчылаш кылычтар жайгаштырылган.
Белгинин тегерегине: «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ УЛУТТУК КООПСУЗДУК МАМЛЕКЕТТИК КОМИТЕТИ» деген жазуу жайгаштырылган. Борбордук бөлүгү жасалгалуу орнаменттүү оюулар менен ачык көк жана кызыл түстөгү түстүү эмаль менен кооздолгон.
6. Символдук белгинин түшүрүлгөн сүрөтү анын өлчөмүнө карабастан символдук белгинин үлгүсүнүн түстүү же ак-кара сүрөтүнө так дал келүүгө тийиш. Символдук белги ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана анын түзүмдүк бөлүмдөрү ээлеген имараттарга жана курулмаларга, транспорттук жана атайын каражаттарга, кызматтык жабдууларга, айырмалоочу белгилерге, кызматкерлердин форма кийимдерине жана кызматтык күбөлүктөрүнө, кызматтык документтерге жайгаштырылышы мүмкүн.
Символдук белгини жогоруда аталган учурларда жайгаштырууда жана пайдаланууда колдонулган материалдарга ылайык негизги түстөрдү жана түстөрдүн түрлөрүн өзгөртүүгө жол берилет. Ошондой эле символдук белгинин сүрөтүнүн бир түстө (бир өңдө) болушуна жол берилет.
Символдук белги ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйрутмасы боюнча чыгарылуучу жана даярдалуучу басма, жарнама-маалыматтык жана сувенирдик продукцияда, сыйлыктарда жана белектерде, ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин чечими боюнча башка учурларда жайгаштырылышы мүмкүн.
7. Символдук белги ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башка символдорун түзүү үчүн негиз боло алат.
Символдук белгинин сүрөтү менен түрдүү атрибуттарды даярдоодо анын өлчөмү буюмдун өлчөмдөрүнө пропорциялуу шайкеш болууга тийиш.
Символдук белгини сыйлык жана белек буюм катары даярдоодо негизги элементтерди жана алардын пропорциясын милдеттүү сактоо, пайдаланылган материалдарды эске алуу менен (алтын, күмүш, жылмаланган, хромдолгон же кара болот, латунь, коло) негизги түстөрдү, түстөрдүн түрлөрүн өзгөртүүгө жол берилет.
8. Күжүрмөн тууну жана символдук белгини башка мамлекеттик органдар, юридикалык жана жеке жактар пайдаланууга болбойт.
Күжүрмөн тууну жана символдук белгини булгоого, маанисин бурмалоочу жазууларды жазууга, белгилерди, сүрөттөрдү тартууга, ошондой эле аларды бузууга жана аларга карата ушул сыяктуу башка иш-аракеттерге тыюу салынат.
Жогоруда аталган иш-аракеттерди жасаганы үчүн күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопко тартылат.