Загрузка документа…
| 2-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы № 411 токтому менен бекитилди) |
Пенсия дайындоо жана кайра эсептөө,
пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүү, ошондой эле расымдык (сөөк коюуга )
жөлөкпул төлөө үчүн зарыл болгон документтердин
тизмеси
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-сентябрындагы № 541, 2026-жылдын 18-июнундагы № 426 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
2-глава. Пенсия дайындоо үчүн зарыл болгон документтер
3-глава. Пенсияларды кайра эсептөө үчүн зарыл болгон документтер
4-глава. Пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүү үчүн зарыл болгон документтер
5-глава. Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул төлөө үчүн зарыл болгон документтер
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Тизме мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсия (мындан ары - пенсия) дайындоо жана кайра эсептөө, пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүү, расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул төлөө үчүн зарыл болгон документтердин тизмесин аныктайт.
11. Пенсия дайындоо жана кайра эсептөө, пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүү максатында камсыздандырылган адамдын (пенсионердин) ким экендиги, ошондой эле расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул төлөө максатында арыз ээсинин ким экендиги төмөнкү документтер менен ырасталат:
1) Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн – паспорт (ID-карта);
2) качкын расмий статусу бар жарандар үчүн – качкындын күбөлүгү;
3) Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган чет өлкөлүк жарандар үчүн – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жашап турууга берилген уруксат;
4) кайрылман расмий статусу бар адамдар үчүн – кайрылмандын күбөлүгү;
5) чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш статусуна ээ болгон адамдар үчүн – Мекен-карт.
16 жашка толо элек адамдардын курагын, ким экендигин жана жарандыгын ырастоочу документ болуп туулгандыгы тууралуу күбөлүк саналат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-июнундагы № 426 токтомунун редакциясына ылайык)
2. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-июнундагы № 426 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Камсыздандыруу стажы (эмгек китепчесинен башка) жана эмгек акы жөнүндө ушул Тизмеде каралган, компетенттүү органдар жана кызмат адамдары тарабынан берилген документтер түп нускасында, калган документтердин көчүрмөсү кабыл алынат.
4. Ушул Тизмеге ылайык документтердин бардык берилген көчүрмөлөрү пенсия дайындоочу органдар тарабынан милдеттүү тартипте алардын түп нускалары менен салыштырылат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-сентябрындагы № 541 токтомунун редакциясына ылайык)
41. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-июнундагы № 426 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2-глава. Пенсия дайындоо үчүн зарыл болгон
документтер
5. Курагы боюнча жалпы негиздерде пенсия дайындоо жөнүндө арыз менен кошо төмөнкү документтер берилүүгө тийиш:
1) (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-июнундагы № 426 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2) Мыйзамдын 9-беренесинин 1-пунктунда көрсөтүлгөн, жекече эсепке алуу киргизилгенден кийин 12 ай иш стажы бар адамдардан тышкары адамдарга, пенсия чектөө үчүн камсыздандыруу стажын ырастоонун тартиби жөнүндө жобого ылайык белгиленүүчү камсыздандыруу стажы жөнүндө маалыматтарды камтыган эмгек китепчеси же документтер;
3) башка фамилияга берилген документтер болсо, никени каттоо же бузуу жөнүндө маалымат.
4) Мыйзамдын 13-беренесине ылайык пенсияга үстөк алуу укугун ырастаган документтер:
- Улуу Ата мекендик согуштун катышуучусунун же Улуу Ата мекендик согуштун майыбынын же аларга теңештирилген адамдардын күбөлүгү;
- "Чернобыль АЭСиндеги кыйроонун кесепеттерин жоюунун катышуучусу" күбөлүгү;
- "Кыргыз Республикасынын ардактуу донору", "Кыргыз ССРинин ардактуу донору", "СССРдин ардактуу донору" күбөлүгү;
- сот же башка мамлекеттик органдар (прокуратура же улуттук коопсуздук органдары) тарабынан берилген реабилитациялоо жөнүндө маалымкат;
- II топтогу жалгыз бой майыптын башка бирөөнүн багуусуна муктаж экендиги жөнүндө дарылоо мекемесинин маалымкаты; мында жалгыз жашагандыгынын фактысы жашаган жеринен берилген маалымкат жана текшерүү актысы менен ырасталат;
- СССРдин "Мать-героиня" жана Кыргыз Республикасынын "Баатыр эне" ордендери менен энелердин сыйлангандыгын тастыктай турган документтер;
5) пенсиялык күбөлүк алуу үчүн 3x4 см өлчөмүндөгү эки сүрөт;
6) жашаган жеринен маалымкат - турган жери боюнча пенсия дайындоо үчүн кайрылган учурда гана.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-июнундагы № 426 токтомунун редакциясына ылайык)
Эскертүү:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-июнундагы № 426 токтому менен ушул Тизмесине 3-пунктчасына 5-пункттун киргизилген өзгөртүүлөр, редакциялык түп нускага ылайык келтирилди (чекит)
6. Жеңилдик берилген шартта курагы боюнча пенсия дайындоо үчүн ушул Тизменин 5-пунктунда көрсөтүлгөн документтерге кошумча иретинде төмөнкү документтер берилүүгө тийиш:
1) № 1 жана № 2 тизмелер боюнча - эмгектин жеңилдик берүүчү мүнөзүн ырастоочу маалымкаттар.
Маалымкатта атайын стажга эсептеле турган иштин мезгили, кесиби же кызматы, аткарылган ишинин мүнөзү, иштин ушул мезгили тизмелердин кайсыл бөлүмүнө, бөлүмчөсүнө, пунктуна, аталышына киргизиле тургандыгы жана алардын номери, анын негизинде аталган маалымкаттар берилген баштапкы документтер көрсөтүлүүгө тийиш. Зарыл учурда жумуш орундарын аттестациялоонун натыйжалары менен эмгектин өзгөчө шарттарында иштөөнүн далилдери берилет.
№ 2 тизме боюнча пенсиянын экинчи камсыздандыруучу бөлүгүн дайындоо максатында эмгектин өзгөчө шарттары үчүн жана ишканадан пенсия алуучу текстиль өндүрүшүндө иштегендерге - эмгектин жеңилдик берүүчү мүнөзүн ырастаган маалымкат, ишканада жеңилдик берилген шартта пенсия дайындалгандыгынын фактысы жөнүндө маалымкат, пенсия дайындалган датаны көрсөтүү менен;
2) бийик тоолуу шарттарда жашаган адамдарга пенсия дайындоо үчүн - эмгектенген ишканасы, уюму жайгашкан жер жөнүндө жергиликтүү мамлекеттик администрациянын же айыл өкмөтүнүн маалымкаты, ал эми аялдарга кошумча - үч баласынын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү жана аларды сегиз жашка чейин тарбиялагандыгын ырастаган документтер (балдардын паспорттору, жашаган жеринен айыл өкмөтү, үй башкармалары тарабынан берилген маалымкаттар, туулгандыгы тууралуу актылык жазуудан көчүрмө же баланын каза болгондугу тууралуу күбөлүк);
3) көп балалуу энеге жеңилдик берүүчү пенсия дайындоо үчүн - беш баласынын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү жана аларды сегиз жашка чейин тарбиялагандыгын ырастаган документтер (балдардын паспорттору, жашаган жеринен айыл өкмөтү, үй башкармалары тарабынан берилген маалымкаттар, туулгандыгы тууралуу актылык жазуудан көчүрмө же баланын каза болгондугу тууралуу күбөлүк);
4) бала чагынан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген баланын энесине жеңилдик берүүчү пенсия дайындоо үчүн - аймактык (райондор аралык) медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын (мындан ары - МСЭК) баланын майыптуулугун аныктагандыгы жөнүндө маалымкаты, туулгандыгы тууралуу күбөлүк жана аны сегиз жашка чейин тарбиялагандыгын ырастаган документтер (баланын паспорту, жашаган жеринен айыл өкмөтү, үй башкармалыгы тарабынан берилген маалымкат, туулгандыгы тууралуу актылык жазуудан көчүрмө же баланын каза болгондугу тууралуу күбөлүк);
5) ишканалардын кайра уюштурулушуна, жоюлушуна, штаттык сандын кыскарышына байланыштуу алардан бошотулган адамдар үчүн - Социалдык фондго кызматкер пенсияга чыгуунун жалпы белгиленген курагына жеткенге чейин мөөнөтүнөн мурда пенсия төлөө үчүн акчалай каражаттардын которулгандыгы жөнүндө төлөм тапшырмасынын көчүрмөсү;
6) гипофизардык нанизм дартына чалдыккан адамдар (эргежелдер) жана диспропорциялык кодолор үчүн - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин дарылоо-алдын алуу мекемелеринин врачтык-консультациялык комиссиясынын маалымкаты;
7) учкучтар жана сыноочу учкучтар курамына пенсия дайындоо үчүн - аба транспортун пайдалануучунун учуу сааттары жөнүндө жана пенсия төлөөгө кетүүчү чыгымдарды жабууга каражаттардын которулгандыгын ырастаган документтер берилет.
7. Майыптыгы боюнча пенсия алуу, ошондой эле Улуу Ата мекендик согуштун майыптарына жана аларга теңештирилген адамдарга үстөктөрдү чегерүү үчүн Социалдык фонддун аймактык органына ушул Тизменин 5-пунктунда көрсөтүлгөн документтерге кошумча МСЭКтин майыптыгын белгилөө жөнүндө корутундусу берилет.
Майып адам аракетке жөндөмсүз деп табылган учурда, камкорчунун арызына камкордук кылуу органынын камкорчуну дайындоо жөнүндө чечими тиркелет.
8. Баккан адамынан айрылгандыгы боюнча пенсия алуу үчүн Социалдык фонддун региондук органына ушул Тизменин 5-пунктунда көрсөтүлгөн баккан адамдын документтерине кошумча төмөнкүлөр тиркелет:
1) баккан адамынын өлгөндүгү жөнүндө жарандык абалдын актыларын жазуу органынын маалыматы (же анын дайынсыз жок болгондугун күбөлөндүрүүчү документ);
2) эмгекке жарамсыз багууда болгондордун туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү;
3) бала чагынан майыптык пенсиясы дайындалган учурда – майыптыгынын тобун белгилөө жөнүндө МСЭКтин маалымкаты;
4) үй-бүлөнүн эмгекке жарамсыз мүчөсүнүн каза болгон багуучунун багуусунда болгондугун ырастаган документтер;
5) камкорчунун арызына аны камкорчу кылып дайындоо жөнүндө камкорчулук органынын чечиминин көчүрмөсү тиркелет;
6) өгөй баланын (өгөй кыздын) өлгөн адамдын тарбиясында жана багуусунда болуу фактысын ырастаган документтер;
7) багууда болгон балдар кесиптик, орто жана атайын орто окуу жайларынын окуучулары же жогорку окуу жайларынын студенттери болуп саналарын ырастаган документтер тиркелет.
Багууда болгон балдар Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чет өлкөлүк билим берүү мекемелеринде окуган учурда алардын окугандыгы фактысын ырастаган документтер мамлекеттик же расмий тилге нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормосун тиркөө менен берилет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-июнундагы № 426 токтомунун редакциясына ылайык)
3-глава. Пенсияларды кайра эсептөө үчүн зарыл болгон
документтер
9. Кыргыз Республикасынын кабыл алынган ченемдик укуктук актыларына ылайык пенсияларды кайра эсептөө пенсиялык иште болгон документтердин негизинде жүргүзүлөт.
10. Пенсиянын өлчөмүн башка негиздер боюнча кайра эсептөө үчүн төмөнкү документтер берилиши мүмкүн:
1) пенсияны кайра эсептөөнүн себеби, социалдык коргоо күбөлүгүнүн жекече идентификациялык номери жана пенсия алуучунун пенсиялык күбөлүгүнүн номери көрсөтүлгөн белгиленген формадагы арыз;
2) пенсия дайындалганга чейин иштелип чыккан жана аны дайындоодо эсепке алынбаган камсыздандыруу стажы жөнүндө документтер;
3) майыптыгынын тобу өзгөргөн учурда - МСЭКтин майыптуулуктун башка тобун белгилөө жөнүндө корутундусу;
4) багууда болгондордун саны өзгөргөн учурда - багууда болгон адамдын туулгандыгы же өлгөндүгү жөнүндө күбөлүк;
5) Мыйзамдын 13-беренесинде каралган тиешелүү үстөктөрдү эсептөө үчүн ушул Тизменин 5-пунктунун 5-пунктчасында каралган документтер;
6) пенсионер карылар жана майыптар үчүн үй интернаттарына жайгаштырылган учурда - мамлекеттик камсыздоого которулгандыгы жөнүндө буйруктун көчүрмөсү.
4-глава. Пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүү
үчүн зарыл болгон документтер
11. Пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүү Социалдык фонддун аймактык органы тарабынан пенсионердин арызы боюнча пенсиялык иште болгон документтердин негизинде жүргүзүлөт. Зарыл учурларда пенсиянын бир түрүнөн башкасына өтүү үчүн ушул Тизменин 2-бөлүмүнө ылайык пенсиянын жаңы түрүнө укук берүүчү кошумча документтер тиркелет.
5-глава. Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул төлөө үчүн
зарыл болгон документтер
12. Пенсионер же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөлөрү каза болгон учурда расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул арыз ээсинин арызынын жана "Түндүк" санариптик өз ара аракеттенүү системасы (мындан ары – "Түндүк" СӨС) аркылуу алынган каза болгондугу жөнүндө маалыматтын негизинде төлөнөт, "Түндүк" СӨС аркылуу маалыматтарды алуу мүмкүн болбогон учурда Кыргыз Республикасынын жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген каза болгондугу жөнүндө күбөлүк талап кылынат.
Эгерде пенсионердин сөөгү үй-бүлө мүчөсү болбогон адамдар тарабынан коюлса, сөөк коюу фактын ырастаган акт түзүлөт. Акт каза болгон пенсионер жашаган жери боюнча кошуналардын (беш адамдан кем эмес) катышуусу менен түзүлөт, алар арыз ээси тарабынан сөөк коюу фактын ырастай алат. Актта каза болгон пенсионердин фамилиясы, аты, атасынын аты жана жашаган жеринин дареги, арыз ээсинин жана кошуналарынын фамилиясы, аты, атасынын аты жана акт түзгөн адамдардын кол тамгалары көрсөтүлүшү керек.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-июнундагы № 426 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Пенсионер же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары каза болгон учурда расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул арыздын жана Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгү же консулдук мекемеси же болбосо чет мамлекеттин компетенттүү органы тарабынан берилген каза болгондугу жөнүндө күбөлүктүн негизинде төлөнөт.
Чет мамлекеттин компетенттүү органы тарабынан берилген каза болгондугу жөнүндө күбөлүк Кыргыз Республикасынын аймагында, эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, мыйзамдаштырылган же апостиль коюлган шартта кабыл алынат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-июнундагы № 426 токтомунун редакциясына ылайык)
14. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-июнундагы № 426 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
15. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-июнундагы № 426 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
16. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-сентябрындагы № 541 токтомуна ылайык күчүн жоготту)