Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 14-майы № 489-VIII
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин карамагындагы маселелерди бекитүү жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин карамагындагы маселелер бекитилсин (тиркелет).
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин карамагындагы маселелерди андан ары оптималдаштырууну жүзөгө ашыруу сунушталсын.
3. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин карамагындагы маселелерди бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 18-сентябрындагы № 2357-VII токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасына жүктөлсүн.
5. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
2026-жылдын 25-майында https://kenesh.kg/law-activity/resolutions/7764 расмий сайтында жарыялынды
Төрага |
| М.А. Маматалиев |