Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 23-апрели № 444-VIII
Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө кодексинин долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген (2026-жылдын 27-февралындагы чыг. № 18-2145) Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө кодексинин долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери жогоруда аталган мыйзам долбооруна карата өздөрүнүн жазуу жүзүндөгү сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемеси менен 10 жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетине жана бир эле учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматтарына жөнөтсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитети жогоруда аталган мыйзам долбоорун келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды, түзөтүүлөрдү эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
https://kenesh.kg/kg/law-activity/resolutions/7736 расмий сайтында жарыялынды
Төрагасынын орун басары |
| Б.А. Ибрагимов |