Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 22-июну № 434
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 10-февралындагы № 56 «Кыргыз
Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик
комитетинин Антитеррордук борборунун маселелери жөнүндө»
токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
«Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 56 «Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антитеррордук борборунун маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антитеррордук борбору жөнүндө жободо:
– 1-пункт «терроризмге каршы аракеттенүү жаатындагы ишин координациялоочу» деген сөздөрдөн кийин «, ошондой эле террористтик жана экстремисттик ишти алдын алуу, аныктоо, бөгөт коюу боюнча алардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуучу» деген сөздөр менен толукталсын;
– 3-пунктта:
3-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3) террористтик жана экстремисттик мүнөздөгү кылмыштарды, анын ичинде эл аралык террористтик жана экстремисттик ишти аныктоо, алдын алуу, бөгөт коюу, ошондой эле терроризмдин жана экстремизмдин пайда болушуна жана жайылышына өбөлгө түзүүчү себептерди жана шарттарды аныктоо жана четтетүү;»;
– 4-пунктча «терроризмге» деген сөздөн кийин «жана диний экстремизмге» деген сөздөр менен толукталсын;
– 4-пунктта:
– расмий тилдеги 3-пунктчада «ООП» деген аббревиатура «ООН» деген аббревиатурага алмаштырылсын;
– 4–7 жана 14-пунктчалар «терроризмге» деген сөздөн кийин «жана диний экстремизмге» деген сөздөр менен толукталсын;
– 8-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«8) командалык-штабдык, оперативдик-тактикалык окууларды жана башка антитеррордук иш-чараларды, анын ичинде контрчалгындоо, ыкчам-иликтөө жана ыкчам-күжүрмөн иш-чараларды өткөрүү»;
– 5-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 9–12-пунктчалар менен толукталсын:
«9) террористтик жана экстремисттик мүнөздөгү кылмыштарды аныктоо, алдын алуу, бөгөт коюу жана бетин ачуу максатында контрчалгындоо жана ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзөт;
10) террористтик жана башка кылмыштуу ишке бөгөт коюу боюнча атайын операцияларды ишке ашырат;
11) терроризмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндө, ошондой эле аларды жасоого шектелген адамдарды издөөдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган чараларды жана убактылуу чектөөлөрдү колдонот;
12) террористтик жана экстремисттик мүнөздөгү укук бузуулардын жана кылмыштардын алдын алууну жүргүзөт жана профилактикалык таасир этүү чараларын, анын ичинде жарандарга расмий эскертүү жарыялоо формасында колдонот.»;
– 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«7. Антитеррордук борбордун ишине түздөн-түз жетекчиликти жана башкарууну УКМКнын төрагасынын орун басары болуп саналган директор жүргүзөт.
Антитеррордук борбордун директорунун үч орун басары болот, алардын бири директордун биринчи орун басары болуп эсептелет.»;
– 8-пункттун 4-пунктчасынын экинчи абзацы «директордун» деген сөздөн кийин «биринчи» деген сөз менен толукталсын;
– 9-пункттун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Бул токтомду ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин штаттык санынын чегинде жүргүзүлөт.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 23-июнундагы № 46 (3806) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |