Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 23-майы № 365
«Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу
Жол фонду» мамлекеттик мекемесин «Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол чарба департаменти» мамлекеттик мекемесине кошуу жолу менен кайра уюштуруу жөнүндө
Жол чарбасын башкаруу системасын өркүндөтүү, Кыргыз Республикасынын Жол фондунун каражаттарын пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу, ведомстволук уюмдардын түзүмүн оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 92, 93-статьяларына, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. «Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол фонду» мамлекеттик мекемеси «Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол чарба департаменти» мамлекеттик мекемесине кошуу жолу менен кайра уюштурулсун.
2. «Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол чарба департаменти» мамлекеттик мекемеси «Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол фонду» мамлекеттик мекемесинин укуктарынын жана милдеттенмелеринин укук улантуучусу болот деп эсептелсин.
3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол чарба департаменти жөнүндө жобо ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык бекитилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-июнундагы № 423 «Объекттерди курууда заказчы-куруучунун кызматын күтүүгө чыгымдардын нормативин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– 1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
«Бул норматив мамлекеттик капиталдык салымдардын каражаттарынын жана Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондунун каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылуучу жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун курууда жана реконструкциялоодо да колдонулушу мүмкүн, ал боюнча заказчы болуп Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин заказчынын функцияларын аткарган ведомстволук уюмдары чыгат.».
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июлундагы № 55 «Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө жободо:
– 14-пункт төмөнкүдөй мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын:
«– Министрликке караштуу аймактык башкармалыктарды Министрликтин штаттык санынын чегине жана башкаруу схемасына ылайык түзүүгө;»;
2) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин башкаруу схемасы ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 «Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 1-тиркемесинде:
– 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«
7 | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги | 887 | 71 |
| анын ичинде: |
|
|
| борбордук аппарат | 68 | 15 |
| аймактык бөлүмдөрү | 16 | – |
| ведомстволук бөлүмдөрү | 803 | 56 |
»;
2) жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 5-тиркемесинде:
– төмөнкүдөй мазмундагы 331-пункт менен толукталсын:
«
331 | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол чарба департаменти | 3 |
»;
– 34, 35-пункттарда «28–33» деген цифралар «28–331» деген цифраларга алмаштырылсын.
7. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 346 «Жол тармагынын системасын кайра өзгөртүп түзүү боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– 1-пункт, 2-пункттун 4-пунктчасы жана көрсөтүлгөн токтомдун 7-тиркемесинин 1-пунктунун 2-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын.
8. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434 «Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ведомстволук мекемелеринде иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 13-тиркемеси ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
9. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 11-апрелиндеги № 162 «Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасын кайра уюштуруу жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Кыргызавтожол-Түндүк» мамлекеттик ишканасынын уставында:
– 12–14-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«12. Ишкананын ишинин негизги максаты болуп жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун учурдагы оңдоо боюнча иштерди аткаруу, аэропорт ичиндеги жолдорду, аэропорттордун аэродром элементтерин (жасалма учуу-конуу тилкеси, рулеждик жолчо жана перрон) куруу, ошондой эле мамлекеттин, юридикалык жана жеке жактардын жол чарбасы чөйрөсүндөгү муктаждыктарын канааттандыруу саналат.
13. Ишкананын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын учурдагы оңдоо, аэропорт ичиндеги жолдорду, аэропорттордун аэродром элементтерин (жасалма учуу-конуу тилкеси, рулеждик жолчо жана перрон) куруу боюнча иштерди (кызмат көрсөтүүлөрдү) аткаруунун сапатынын ченемдик деңгээлин автомобиль жолдорунун абалы жана күтүү боюнча ченемдик-техникалык документтердин жана стандарттардын талаптарына ылайык камсыз кылуу;
2) жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун участокторун жана жол курулмаларын оңдоого, аэропорт ичиндеги жолдорду, аэропорттордун аэродром элементтерин (жасалма учуу-конуу тилкеси, рулеждик жолчо жана перрон) курууга бөлүнгөн финансылык жана материалдык ресурстарды, анын ичинде прогрессивдүү жана ресурстарды үнөмдөөчү жол технологияларын жана материалдарын ишке киргизүүнүн эсебинен максаттуу, үнөмдүү жана натыйжалуу пайдалануу;
3) жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын эксплуатациялоо үчүн арналган имараттарды жана курулмаларды, жабдууларды, машиналарды жана механизмдерди, транспортту жана башка негизги фонддорду жана каражаттарды натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдалануу, аларга бекитилип берилген жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун участокторун жана жол курулмаларын учурдагы оңдоо боюнча жумуштарды (кызмат көрсөтүүлөрдү) аткаруу үчүн аларды талаптагыдай өз убагында оңдоону уюштуруу;
4) Ишкананын иши үчүн зарыл болгон материалдык-техникалык базаны түзүү.
14. Ишкана милдеттерин аткаруу максатында төмөнкүдөй функцияларды жүзөгө ашырат:
1) техникалык регламенттердин жана стандарттардын талаптарын сактоо менен жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун, жол курулмаларын учурдагы оңдоо боюнча жумуштарды аткарууну, аэропорт ичиндеги жолдорду, аэропорттордун аэродром элементтерин (жасалма учуу-конуу тилкеси, рулеждик жолчо жана перрон) курууну өз убагында жана сапаттуу камсыз кылуу;
2) автомобиль жолдорун жана жасалма курулмаларды, ошондой эле аэропорт ичиндеги жолдорду, аэропорттордун аэродром элементтерин (жасалма учуу-конуу тилкеси, рулеждик жолчо жана перрон) капиталдык, орточо жана учурдагы оңдоо, абаттоо боюнча жумуштарды аткаруу;
3) жолдорду жана көпүрөлөрдү, транспорттук курулмаларды, коргоочу дамбаларды куруу, жээктерди бекемдөө жумуштарын жүргүзүү жана мамлекеттик маанидеги башка объекттерди куруу;
4) транспорттук жана өнөр жай-жарандык курулушу үчүн долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгуу;
5) жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун жана жол курулмаларынын транспорттук-эксплуатациялык абалына туруктуу байкоо жүргүзүү;
6) жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун жана алардагы жасалма курулмалардын техникалык абалын баалоо;
7) жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча жол кыймылын уюштуруу схемаларын, жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун жол белгилерин, жүрүүчү бөлүгүнүн көрсөткүчтөрүн жана чиймелерин жайгаштыруу схемаларын белгиленген тартипте иштеп чыгуу;
8) оор салмактуу жүктөрдү ташыган транспорт каражаттарынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда жүрүүдө келтирген зыянынын өлчөмүн аныктоо боюнча сунуштарды иштеп чыгууга катышуу;
9) автомобиль жолдорунун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана абаттоо жөнүндө сунуштарды даярдоо, ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоо, автомобиль жолдорунун зыяндуу таасиринен экологиялык абалды жакшыртуу боюнча чараларды көрүү;
10) автомобиль жолдорун пайдалануучуларга жана жол кыймылынын катышуучуларына, ошондой эле башка кызыкдар жактарга жалпы пайдалануудагы жолдордо жүрүү шарттары жөнүндө маалымдоо;
11) жол жана жол боюндагы тейлөө объекттерин уюштуруу;
12) жүк ташууларды, жүктөрдү ташуу боюнча транспорттук-экспедициялык жумуштарды жүзөгө ашыруу;
13) продукцияны, товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү даярдоого жана сатууга келишимдердин негизинде юридикалык жана жеке жактар (анын ичинде чет өлкөлүк) менен өз ара мамилелерди жүзөгө ашыруу;
14) оңдоо-курулуш материалдарын өндүрүү, сатып алуу жана сатуу;
15) карьердик жумуштарды жүргүзүү;
16) пайдалуу кен чыккан жерлерди ачык жана жер астындагы ыкмалар менен иштетүү;
17) жол курулушу чөйрөсүндө адистерди уюштуруу жана окутуу;
18) франко-кампа чарбаларын уюштуруу;
19) жол курулушу, жолдордогу инженердик системалар жана курулмалар, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча илимий-техникалык жана тажрыйба-конструктордук жумуштарды аткаруу;
20) илимдин жана техниканын жол курулушу жаатындагы жетишкендиктерин жол курулушуна киргизүү, курулуш материалдарын, конструкцияларды, инженердик системаларды жана курулмаларды өндүрүү;
21) илимий-техникалык консультация кызматтарын көрсөтүү;
22) Ишкананын иши үчүн зарыл болгон материалдык-техникалык базаны түзүү;
23) Ишкананын компетенциясына кирген маселелер боюнча жарандардын кайрылууларын объективдүү, ар тараптуу жана өз убагында кароону, аларга жазуу жүзүндөгү жоопторду даярдоону камсыз кылуу.»;
– 32-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«32. Ишканада башкы директордун үч орун басарынын кызмат орду каралган. Башкы директордун орун басарлары мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашылган Ишкананын башкы директорунун сунушу боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.»;
– 52-пунктта «жана күтүү» деген сөздөр алып салынсын;
– 62-пункттун 1-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1) заманбап техниканы жана технологияларды ишке киргизүүгө жана өздөштүрүүгө;»;
2) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Кыргызавтожол-Түштүк» мамлекеттик ишканасынын уставында:
– 12–14-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«12. Ишкананын ишинин негизги максаты жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун учурдагы оңдоо боюнча жумуштарды аткаруу, аэропорт ичиндеги жолдорду, аэропорттордун аэродром элементтерин (жасалма учуу-конуу тилкеси, рулеждик жолчо жана перрон) куруу, ошондой эле жол чарбасы чөйрөсүндө мамлекеттин, юридикалык жана жеке жактардын муктаждыктарын канааттандыруу болуп саналат.
13. Ишкананын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) автомобиль жолдорунун абалы жана аларды күтүү боюнча ченемдик-техникалык документтердин жана стандарттардын талаптарына ылайык жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын учурдагы оңдоо боюнча жумуштарды (кызмат көрсөтүүлөрдү) аткаруу, аэропорт ичиндеги жолдорду, аэропорттордун аэродром элементтерин (жасалма учуу-конуу тилкеси, рулеждик жолчо жана перрон) куруу сапатынын ченемдик деңгээлин камсыз кылуу;
2) жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун участокторун жана жол курулмаларын оңдоого, аэропорт ичиндеги жолдорду, аэропорттордун аэродром элементтерин (жасалма учуу-конуу тилкеси, рулеждик жолчо жана перрон) курууга бөлүнгөн финансылык жана материалдык ресурстарды, анын ичинде прогрессивдүү жана ресурс үнөмдөөчү жол технологияларын жана материалдарын ишке киргизүүнүн эсебинен максаттуу, үнөмдүү жана натыйжалуу пайдалануу;
3) жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын эксплуатациялоо үчүн арналган имараттарды жана курулмаларды, жабдууларды, машиналарды жана механизмдерди, транспортту жана башка негизги фонддорду жана каражаттарды натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдалануу, аларга бекитилип берилген жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун участокторун жана жол курулмаларын учурдагы оңдоо боюнча жумуштарды (кызмат көрсөтүүлөрдү) аткаруу үчүн аларды талаптагыдай өз убагында оңдоону уюштуруу;
4) Ишкананын иши үчүн зарыл болгон материалдык-техникалык базаны түзүү.
14. Ишкана милдеттерин аткаруу максатында төмөнкүдөй функцияларды жүзөгө ашырат:
1) техникалык регламенттердин жана стандарттардын талаптарын сактоо менен жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун, жол курулмаларын учурдагы оңдоо боюнча жумуштарды аткарууну, аэропорт ичиндеги жолдорду, аэропорттордун аэродром элементтерин (жасалма учуу-конуу тилкеси, рулеждик жолчо жана перрон) курууну өз убагында жана сапаттуу камсыз кылуу;
2) автомобиль жолдорун жана жасалма курулмаларды, ошондой эле аэропорт ичиндеги жолдорду, аэропорттордун аэродром элементтерин (жасалма учуу-конуу тилкеси, рулеждик жолчо жана перрон) капиталдык, орточо жана учурдагы оңдоо, абаттоо боюнча жумуштарды аткаруу;
3) жол жана көпүрөлөрдү, транспорттук курулмаларды, коргоочу дамбаларды куруу, жээктерди бекемдөө жумуштарын жүргүзүү жана мамлекеттик маанидеги башка объекттерди куруу;
4) транспорттук жана өнөр жай-жарандык курулушу үчүн долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгуу;
5) жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун жана жол курулмаларынын транспорттук-эксплуатациялык абалына туруктуу байкоо жүргүзүү;
6) жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун жана алардагы жасалма курулмалардын техникалык абалын баалоо;
7) жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча белгиленген тартипте жол кыймылын уюштуруу схемаларын, жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун жол белгилерин, жүрүүчү бөлүгүнүн көрсөткүчтөрүн жана чиймелерин жайгаштыруу схемаларын иштеп чыгуу;
8) оор салмактуу жүктөрдү ташыган транспорт каражаттарынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда жүрүүдө келтирген зыянынын өлчөмүн аныктоо боюнча сунуштарды иштеп чыгууга катышуу;
9) автомобиль жолдорунун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана абаттоо боюнча сунуштарды даярдоо, ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоо, автомобиль жолдорунун зыяндуу таасиринен экологиялык абалды коргоону жакшыртуу боюнча чараларды көрүү;
10) автомобиль жолдорун пайдалануучуларга жана жол кыймылынын катышуучуларына, ошондой эле башка кызыкдар жактарга жалпы пайдалануудагы жолдордо жүрүү шарттары жөнүндө маалымдоо;
11) жол жана жол боюндагы тейлөө объекттерин уюштуруу;
12) жүк ташуу, жүк ташуу боюнча транспорттук-экспедициялык жумуштарды жүзөгө ашыруу;
13) продукцияны, товарларды кызмат көрсөтүүлөрдү даярдоого жана сатууга келишимдердин негизинде юридикалык жана жеке жактар (анын ичинде чет өлкөлүк) менен өз ара мамилелерди жүзөгө ашыруу;
14) оңдоо-курулуш материалдарын өндүрүү, сатып алуу жана сатуу;
15) карьердик жумуштарды жүргүзүү;
16) пайдалуу кен чыккан жерлерди ачык жана жер астындагы ыкмалар менен иштетүү;
17) жол курулушу чөйрөсүндөгү адистерди уюштуруу жана даярдоо;
18) франко-кампа чарбаларын уюштуруу;
19) жол курулушу, жолдордогу инженердик системалар жана курулмалар, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча илимий-техникалык жана тажрыйба-конструктордук жумуштарды аткаруу;
20) илимдин жана техниканын жол курулушу жаатындагы жетишкендиктерин жол курулушуна киргизүү, курулуш материалдарын, конструкцияларды, инженердик системаларды жана курулмаларды өндүрүү;
21) илимий-техникалык консультация кызматтарын көрсөтүү;
22) Ишкананын иши үчүн зарыл болгон материалдык-техникалык базаны түзүү;
23) Ишкананын компетенциясына кирген маселелер боюнча жарандардын кайрылууларын объективдүү, ар тараптуу жана өз убагында кароону, аларга жазуу жүзүндөгү жоопторду даярдоону камсыз кылуу.»;
– 32-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«32. Ишканада башкы директордун үч орун басарынын кызмат орду каралган. Башкы директордун орун басарлары мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашылган Ишкананын башкы директорунун сунушу боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.»;
– 52-пунктта «жана күтүү» деген сөздөр алып салынсын;
– 62-пункттун 1-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1) заманбап техниканы жана технологияларды ишке киргизүүгө, өздөштүрүүгө;».
10. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги:
– ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн кайра уюштурулуп жаткан юридикалык жактын өткөрүп берүү актысын бекитсин;
– «Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол чарба департаменти» мамлекеттик мекемесин мамлекеттик кайра каттоону камсыз кылсын;
– кайра уюштуруу менен байланышкан иш-чараларды жүргүзүүнү камсыз кылсын, ошондой эле ушул токтомдон келип чыгуучу башка уюштуруу-укуктук чараларды көрсүн.
11. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 68 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 1-пункту;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 209 «Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол фондунун ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 195 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жол тармагындагы айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 26-августундагы № 525 «Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 1-пункту;
5) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 761 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин транспорт жана жолдор чөйрөсүндөгү коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 1-пункту, 3-пунктунун 4-пунктчасы.
12. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
13. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.А. Касымалиев