Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 20-июну № 433
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин атайын эсептеринин каражаттарын түзүү жана пайдалануу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 105-беренесинин 8-бөлүгүнүн 3-пунктунун «з» пунктчасын ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июлундагы № 55 «Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө жободо:
– 13-пункттун 6-пунктчасынын үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«– бирдиктүү казыналык эсеп системасындагы атайын эсептерде топтолгон каражаттарды эске алуу менен кирешелердин жана чыгашалардын сметаларын иштеп чыгат жана бекитет, ошондой эле Министрликтин, анын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн ишин финансылык камсыз кылуу бөлүгүндө республикалык бюджеттин аткарылышын уюштурат;».
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 346 «Жол тармагынын системасын кайра өзгөртүп түзүү боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Кыргызжолтрансдолбоор» долбоорлоо-изилдөө институту» мамлекеттик ишканасынын уставында:
– 9-глава төмөнкүдөй мазмундагы 581-пункт менен толукталсын:
«581. Ишкана, ошондой эле анын филиалдары жана өкүлчүлүктөрү ай сайын Министрликтин атайын эсебине Министрликтин чечими менен белгиленген жана бекитилген, өзүнүн ишинин натыйжасында алынган жалпы кирешенин 10 пайызынан ашпаган сумманы которот.»;
2) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Өндүрүштүк-инновациялык борбор» мамлекеттик мекемеси жөнүндө жободо:
– 6-глава төмөнкүдөй мазмундагы 271-пункт менен толукталсын:
«271. Борбор, ошондой эле анын филиалдары жана өкүлчүлүктөрү ай сайын Министрликтин атайын эсебине Министрликтин чечими менен белгиленген жана бекитилген, өзүнүн ишинин натыйжасында алынган жалпы кирешенин 10 пайызынан ашпаган сумманы которот.».
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 223 «Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти жөнүндө жободо:
– 4-пункт «алыш-бериш эсебине» деген сөздөрдөн кийин «, атайын эсебине» деген сөздөр менен толукталсын;
– 5-глава төмөнкүдөй мазмундагы 181-пункт менен толукталсын:
«181. Департаменттин казыналык системасында атайын жана депозиттик эсептери бар.
Департамент жана анын аймактык башкармалыктары ай сайын Министрликтин атайын эсебине Министрликтин чечими менен белгиленген жана бекитилген, өзүнүн ишинин натыйжасында алынган жалпы кирешенин 10 пайызынан ашпаган сумманы которот.».
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |