Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол чарба департаменти жөнүндө жобо
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол чарба департаменти (мындан ары – Департамент) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын жол чарбасын башкарууну ишке ашырган, жол тармагын өнүктүрүүнүн негизги багыттарына ылайык Жол фондунун финансылык каражаттарын топтоого жана пайдаланууга багытталган Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин ведомстволук бөлүмү болуп саналат.
2. Департамент Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол фондунун укуктары жана милдеттери боюнча анын укук улантуучусу болуп саналат.
3. Департамент өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына, аларга ылайык кабыл алынуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге, ошондой эле ушул Жобого ылайык жүргүзөт.
4. Департамент юридикалык жактын укук жөндөмдүүлүгүнө ээ, ага бекитилип берилген мамлекеттик мүлктү ыкчам башкарууну жүзөгө ашырат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, өзүнүн эмблемасы, штамптары, фирмалык бланктары, негизги жана жүгүртүү каражаттары, өз алдынча балансы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Казыналык системасында эсептери бар.
5. Департаменттин уюштуруу-укуктук формасы – мекеме.
6. Департаменттин бюджети Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин жоболоруна ылайык түзүлөт.
7. Департаменттин курамына Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги (мындан ары – Министрлик) тарабынан түзүлүүчү юридикалык жактын статусуна ээ болгон автомобиль жолдорунун аймактык башкармалыктары, жол-эксплуатациялык мекемелери кирет.
8. Департамент Министрликке отчет берет.
9. Штаттык саны, чыгашалар сметасы, түзүмү, борбордук аппаратынын штаттык ырааттамасы Министрлик тарабынан бекитилет.
10. Департаменттин толук аталышы:
– мамлекеттик тилде: «Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол чарба департаменти»;
– расмий тилде: «Департамент дорожного хозяйства при Министерстве транспорта и коммуникаций Кыргызской Республики».
Департаменттин кыскартылган аталышы:
– мамлекеттик тилде: «Жол чарба департаменти»;
– расмий тилде: «Департамент дорожного хозяйства».
11. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Исанов көчөсү, 42.
2. Департаменттин максаты
12. Департаменттин максаты болуп Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун өнүктүрүү, жол тармагын өнүктүрүүнүн негизги багыттарына ылайык Жол фондунун финансылык каражаттарын максаттуу пайдалануу жана топтоо саналат.
3. Департаменттин милдеттери жана функциялары
13. Департаменттин милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
– жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча автотранспорт каражаттарынын үзгүлтүксүз жана коопсуз кыймылын камсыз кылуу;
– автомобиль жолдорунун сапатынын транспорттук-эксплуатациялык көрсөткүчтөрүн, туруктуулугун, кызмат кылуу мөөнөтүн, жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу;
– жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун долбоорлоону, курууну, реконструкциялоону, оңдоону, күтүүнү, күнүмдүк тейлөөнү жана техникалык көзөмөлдү камсыз кылуу;
– жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун өнүктүрүү, күтүү, техникалык көзөмөлдөө, оңдоо, реконструкциялоо жана куруу максатында Жол фондунун каражаттарын натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу.
14. Департамент өзүнө жүктөлгөн негизги милдеттерге ылайык төмөнкү функцияларды аткарат:
1) негизги функциялары:
– жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун башкаруу;
– жол чарбасы жаатындагы мамлекеттик, тармактык максаттуу программаларды, жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун, жол курулмаларын куруу, реконструкциялоо, капиталдык оңдоо боюнча долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча мамлекеттик заказчынын функцияларын аткаруу;
– жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун долбоорлоо, куруу, реконструкциялоо, жол кыймылынын коопсуздугуна аудит жүргүзүү, оңдоо жана күтүү үчүн товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу жана жол чарбасынын муктаждыктарын камсыз кылуу;
– түзүлгөн контракттардын негизинде долбоорлорду ишке ашыруу боюнча финансылык операцияларды жүргүзүү;
– адистештирилген жол-курулуш жана жол-эксплуатациялык техникаларды жана жабдууларды сатып алууга, автомобиль жолдорун долбоорлоого, тариздөөгө, эсепке алууга, жер тилкелерин сактоону жана өнүктүрүүнү камсыз кылууга, жол лабораторияларын жабдууга жана модернизациялоого, илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштерди жүргүзүүгө, жол органдарынын ишин камсыз кылуучу объекттерди курууга жана оңдоого, ченемдик-техникалык документтерди иштеп чыгууга жана актуалдаштырууга, ошондой эле жол инфраструктурасын башкаруу жана мониторинг жүргүзүү процесстерин санариптештирүүгө Жол фондуна түшүүлөрдүн жылдык көлөмүнүн он пайызынан ашпаган өлчөмдө чыгымдарды каржылоо;
– казыналык системада бюджеттик, башкаруучу, депозиттик жана атайын эсептерди ачуу;
– бюджеттик чөйрөдөгү ченемдик укуктук актыларда белгиленген тартипте акча каражаттарынын кыймылы боюнча эсепке алууну жана отчеттуулукту жүргүзүү;
– Жол фондунун киреше жана чыгаша каражаттарын бөлүштүрүү долбоорун иштеп чыгуу жана бекитүү үчүн Жол фондунун кеңешине киргизүү;
– сметанын аткарылышы жөнүндө отчетту транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга берүү;
– Жол фондунун каражаттарын пайдалануу жөнүндө маалыматты жыл сайын транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий веб-сайтына жарыялоо;
– тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан берилүүчү контролдук көрсөткүчтөрдүн негизинде ар бир жылдын башында Жол фондуна түшүүлөрдүн болжолун даярдоо жана Жол фондунун кеңешинин кароосуна берүү;
– аудит үчүн маалыматтарды даярдоо жана берүү;
– жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун абалын, баланстык наркын жана эскиришин эсепке алууну жүргүзүү;
– жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун жана алардагы жасалма курулмалардын курулушу, реконструкциясы жана капиталдык оңдоосу аяктаган участокторун пайдаланууга кабыл алуу;
– көрсөтүлгөн объекттерди жайгаштыруунун долбоорлоо ченемдерине, курулуш пландарына жана башкы схемаларына ылайык жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун сервис объекттери менен жабдуу, алардын ишин уюштуруу боюнча чараларды көрүү;
– жол жана жол жээгиндеги сервистин объекттерин жайгаштырууну долбоорлоого техникалык шарттарды берүү;
– автомобиль жолдорунун сакталышын камсыз кылуу, алардын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, көрктөндүрүү жана экологиялык коопсуздук, алардын транспорттук-эксплуатациялык абалын жакшыртуу боюнча чараларды көрүү;
– автожолдордун транспорттук-эксплуатациялык абалын диагностикалоо жана баалоо, ошондой эле автомобиль жолдорун инвентаризациялоо жана паспорттоштуруу;
– жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын оңдоонун жана күтүүнүн планын даярдоо жана иштеп чыгуу жана белгиленген тартипте бекитүү үчүн Министрликке берүү;
– техникалык регламенттердин жана стандарттардын талаптарына долбоордук документтердин ылайыктуулугун макулдашуу жана экспертиза жүргүзүү;
– жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун жана алардагы жасалма курулмаларды курууга, реконструкциялоого жана оңдоого долбоордук документтерди бекитүү;
– жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда транспорт каражаттарынын кыймылынан келип чыккан зыяндын суммасын эсептөө жана өндүрүү;
– илимди жана техниканы өнүктүрүү, иштин тиешелүү чөйрөсүнө жаңы технологияларды киргизүү;
– жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун жана андагы жасалма курулмалардын техникалык абалын баалоо;
– канааттандырарлык эмес жол шарттарына байланыштуу жол-транспорт кырсыктарына талдоо жүргүзүү, жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу боюнча чараларды иштеп чыгуу;
– жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун жүрүүчү бөлүгүнүн жол кыймылын уюштуруу схемаларын, жол белгилерин, көрсөткүчтөрүн жана чийиндерин белгиленген тартипте иштеп чыгуу;
– жол иштерин аткаруу мезгилине транспорт каражаттарынын кыймылын уюштуруу схемаларын, ошондой эле транспорт каражаттарынын коопсуз кыймылын жана бул иштерди коопсуз жүргүзүүнү камсыздоо боюнча чараларды белгиленген тартипте макулдашууну камсыз кылуу;
– автомобиль жолдорунун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана көрктөндүрүү, ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоо, автомобиль жолдорунун зыяндуу таасиринен экологиялык абалды жакшыртуу боюнча чараларды көрүү жөнүндө сунуштарды даярдоо;
– иш процессинде түзүлгөн архивдик документтерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык топтоо, сактоо, эсепке алуу жана пайдалануу боюнча иштерди жүргүзүү;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акы төлөнүүчү жана акысыз кызматтарды көрсөтүү;
– Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорунун атласын чыгаруу;
– Жол фондунун кеңешинин жыйналыштарын уюштуруу боюнча иштерди жүргүзүү;
2) координациялоо функциялары:
– жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун долбоорлоо, куруу, реконструкциялоо, оңдоо, күтүү, жол жана жол боюндагы сервис объекттерин жайгаштыруу маселелери, ошондой эле жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери боюнча мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүү;
– түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана автомобиль жолдорунун аймактык башкармалыктарынын, жол-эксплуатациялык мекемелердин ишин координациялоо, алар тарабынан берилген отчетторду кабыл алуу, жалпылоо жана талдоо, жүктөлгөн милдеттерди натыйжалуу аткаруу үчүн алардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу, ошондой эле алардын ишин жакшыртуу жана ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чараларды иштеп чыгуу;
– жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик орган жана жол кыймылынын коопсуздугу жана автомобиль жолдорун көрктөндүрүү маселелери боюнча башка мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу;
3) колдоо функциялары:
– жол чарбасынын бюджетин даярдоого жана болжолдоого жана жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун жана жол чарбасын долбоорлоону, курууну, реконструкциялоону, оңдоону жана күтүүнү жыл сайын каржылоону түзүүгө катышуу;
– жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун куруу, реконструкциялоо, оңдоо жана күтүү долбоорлорун даярдоого катышуу;
– курулуш жана оңдоо иштерине бааларды түзүү методологиясын даярдоого катышуу;
– өзүнүн компетенциясынын чегинде жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун жана алардагы жасалма курулмаларды долбоорлоо, куруу жана реконструкциялоо бөлүгүндө эл аралык автомобиль жолдору жөнүндө түзүлгөн келишимдердин алкагында Кыргыз Республикасынын жана Министрликтин милдеттенмелерин аткарууга катышуу;
– жол чарбасы чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун, автомобиль жолдорун долбоорлоону, курууну, реконструкциялоону жана оңдоону техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү сунуштама мүнөзүндөгү документтерди, улуттук стандарттарды, тармактык жол ченемдик документтерди, анын ичинде эрежелерди, жоболорду өз компетенциясынын чегинде даярдоого катышуу;
3) контролдоо функциялары:
– объекттерди курууда, реконструкциялоодо жана капиталдык оңдоодо техникалык көзөмөлдүн жүргүзүлүшүн контролдоо, анын ичинде долбоордук документтердин, техникалык регламенттердин, курулуш ченемдеринин жана эрежелеринин сакталышын, ошондой эле подряддык уюмдар тарабынан иштердин сапаттуу жана өз убагында аткарылышын контролдоо;
– Жол фондунун Кеңеши тарабынан жактырылган долбоорлордун ишке ашырылышын контролдоону камсыз кылуу;
– бюджеттик каражаттардын максаттуу пайдаланылышына кварталдык негизде отчеттуулук системасы аркылуу аудит жүргүзүү;
– жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун жана аларда жасалма курулмаларды куруу, реконструкциялоо жана оңдоо боюнча келишимдик милдеттенмелердин жана көлөмдөрдүн аткарылышына мониторинг жүргүзүү;
– Департаменттин ведомстволук уюмдарынын ишине финансылык-чарбалык, техникалык талдоо жана баалоо жүргүзүү;
– ишке ашырылып жаткан долбоорлор боюнча бөлүнгөн каражаттардын максаттуу жана натыйжалуу пайдаланылышын жана төлөмдөрдү контролдоо;
– автомобиль жолдорун күтүү, оңдоо, реконструкциялоо жана куруу боюнча иштерди аткаруу сапатын контролдоону камсыз кылуу;
– авариялык-кооптуу участокторду эсепке алууга жана жоюуга контроль жүргүзүү, жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу, авариялардын жана транспорт каражаттарынын кыймылында чектөөлөрдүн алдын алуу боюнча иш-чараларды аткаруу;
4) автомобиль жолдорунун региондук башкармалыктарынын функциялары:
– автомобиль жолдорунун жана жол курулмаларынын абалын контролдоо, техникалык эсепке алууну жүргүзүү, инвентаризациялоону жана паспорттоштурууну жүзөгө ашыруу;
– автомобиль жолдорунун жана жол курулмаларынын абалы жөнүндө маалыматтар банкын түзүүнү жана өнүктүрүүнү, кыймылды эсепке алууну жүргүзүү;
– автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын оңдоо жана күтүү үчүн арналган имараттарды жана курулмаларды, жабдууларды, машиналарды жана механизмдерди, транспорт каражаттарын жана фонддорду натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу;
– жол-транспорт кырсыктарын, авариялык-кооптуу участокторду эсепке алууну жана талдоону жүргүзүү;
– объекттерди курууга, реконструкциялоого жана капиталдык оңдоого техникалык көзөмөл жүргүзүү, анын ичинде долбоордук документтердин, техникалык регламенттердин, курулуш ченемдеринин жана эрежелеринин сакталышын, ошондой эле подряддык уюмдар тарабынан иштердин сапаттуу жана өз убагында аткарылышын контролдоо;
– автомобиль жолдорун колдонуучуларга жана жол кыймылынын катышуучуларына, ошондой эле башка кызыкдар жактарга жалпы пайдалануудагы жолдор менен жүрүү шарттары жөнүндө маалымдоо;
– автомобиль жолдорун, жол курулмаларын жана жол-эксплуатациялык кызматтын объекттерин орточо жана капиталдык оңдоо боюнча иштерди аткарууга мамлекеттик сатып алуулар жол-жоболорун жүргүзүү;
– Департаментке иш, автомобиль жолдорунун жана жол курулмаларынын абалы жөнүндө, ошондой эле финансылык жана материалдык ресурстарды пайдалануу жөнүндө отчеттуулукту белгиленген тартипте берүү;
– жол-эксплуатациялык мекемелер тарабынан аткарылган иштер, автомобиль жолдорунун бекитилген участокторунун абалы жөнүндө, ошондой эле финансылык жана материалдык ресурстарды пайдалануу жөнүндө берилүүчү отчеттуулукту кабыл алуу, системалаштыруу, жалпылоо жана талдоо;
– жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун мобилизациялык даярдоо, өзгөчө кырдаалдарда аракеттердин алдын алуу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу;
5) жол-эксплуатациялык мекемелердин функциялары:
– аларга бекитилген автомобиль жолдорунун участокторунда транспорт каражаттарынын жыл бою коопсуз жана үзгүлтүксүз кыймылын камсыз кылуу;
– автомобиль жолдорун, анын ичинде бөлүү тилкесин жана жол боюндагы тилкени абаттоону камсыз кылуу;
– автомобиль жолдорунун жана жол курулмаларынын участокторун оңдоого жана күтүүгө бөлүнгөн финансылык жана материалдык ресурстарды максаттуу, үнөмдүү жана натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу, анын ичинде прогрессивдүү жана ресурстарды үнөмдөөчү жол технологияларын жана материалдарын киргизүүнүн эсебинен;
– транспорт каражаттарынын кыймылына тоскоолдуктарды жараткан оңдоо иштеринин мөөнөттөрүн кыскартууну камсыз кылуу (жолдун жүрүүчү бөлүгүн тарытуу, кыймылдын ылдамдыгын чектөө ж.б.);
– жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын алардын транспорттук-эксплуатациялык абалын жакшыртуу үчүн оңдоону жана күтүүнү уюштуруу;
– жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун жана жол курулмаларынын талаптагыдай абалын камсыз кылуу, анын ичинде жолдорду техникалык изилдеп текшерүү, сыноо жана паспорттоштуруу;
– жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун абалынын транспорттук-эксплуатациялык көрсөткүчтөрүн талдоо жана аларды өркүндөтүү боюнча иш-чаралар пландарын иштеп чыгуу;
– жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун мүлкүн, автомобиль жолдорунун баланстык наркынын өзгөрүүлөрүн жана эскиришин эсепке алуу;
– автомобиль жолдорун жана жол чарбасынын мобилизациялык объекттерин мобилизациялык даярдоону жүзөгө ашыруу;
– долбоордук документтерди иштеп чыгуу үчүн баштапкы маалыматтарды даярдоо;
– курулушу аяктаган объекттерди кабыл алууну жана пайдаланууга киргизүүнү уюштурууга катышуу;
– жол ишин жүзөгө ашыруу максатында мыйзамдарда белгиленген учурларда ЖЭМге ыкчам башкарууга берилген жол техникасын тиешелүү келишимдерди түзүү менен ижарага берүү жана өткөрүп берүү;
– кепилдик жоопкерчилик мөөнөтүндө аткарылган иштердин сапатын контролдоо;
– жол-эксплуатациялык мекеменин компетенциясына кирген маселелер боюнча келишимдерди түзүү;
– Департаментке жана автомобиль жолдорунун региондук башкармалыктарына аткарылган иштер, автомобиль жолдорунун бекитилген участокторунун абалы жана финансылык жана материалдык ресурстарды пайдалануу жөнүндө отчеттуулукту белгиленген тартипте берүү;
– жол-эксплуатациялык мекемелерге жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды ишке ашыруу үчүн эмгектик макулдашуулардын же келишимдердин негизинде адистерди тартуу;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында Министрликтин жетекчилигинин тапшырмасы боюнча башка функцияларды аткаруу.
15. Департамент Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен ага жүктөлгөн башка функцияларды да жүзөгө ашырат.
4. Департаменттин укуктары
16. Ушул Жободо аныкталган милдеттерди ишке ашыруу үчүн Департамент төмөнкүдөй укуктарга ээ:
– жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун жана жол чарбасын башкаруу маселелери боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга катышууга;
– юридикалык жана жеке жактар менен жумуштарды аткарууга жана кызматтарды көрсөтүүгө жарандык-укуктук бүтүмдөрдү белгиленген тартипте түзүүгө;
– белгиленген иш чөйрөсүндөгү маселелерди иштеп чыгуу үчүн илимий жана башка уюмдарды, окумуштууларды жана адистерди белгиленген тартипте тартууга;
– белгиленген иш чөйрөсүндө кеңешүүчү жана эксперттик органдарды (техникалык кеңештерди жана комиссияларды) түзүүгө;
– түзүмдүк бөлүмдөрдүн жоболорун бекитүүгө;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынан, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынан, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордон төлөмдөр боюнча кошуп эсептөөлөр жана түшүүлөр жөнүндө маалыматты суроого;
– объекттерди куруу, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо боюнча иштерди башкаруу үчүн ушул долбоорлорду башкаруу тобун түзүүгө, ошондой эле айрым адистерди тартууга, бекитилген долбоордук-сметалык документтерде «заказчынын чыгымдары» беренеси боюнча каралган объекттин (объекттердин) сметалык наркынын 2,9 пайызы өлчөмүндө каражаттардын эсебинен жүргүзүлүүчү чыгымдарды каржылоого;
– Департаментке жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды ишке ашыруу үчүн эмгектик макулдашуулардын же келишимдердин негизинде адистерди тартууга;
– акы төлөнүүчү иштерди аткаруу жана кызматтарды көрсөтүү маселелери боюнча Министрликтин аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрү, анын ичинде алардын түзүмдүк бөлүмдөрү, аймактык башкармалыктары, филиалдары жана өкүлчүлүктөрү, ошондой эле Министрликке караштуу «Кыргызавтожол-Түндүк» жана «Кыргызавтожол-Түштүк» мамлекеттик ишканалары менен түздөн-түз, башкача айтканда, атаандаштык жол-жоболорун жүргүзүүнү талап кылбаган шарттарда жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзүүгө;
– Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
5. Департаменттин мүлкү, каржылоо булактары, эсеби жана отчеттуулугу
17. Департаменттин мүлкүн негизги жана жүгүртүүдөгү каражаттар жана наркы баланста чагылдырылган башка материалдык баалуулуктар түзөт.
18. Департаментти күтүүгө кеткен чыгымдарды каржылоо республикалык бюджеттин, Жол фондунун каражаттарынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардын эсебинен жүргүзүлөт.
19. Департаментке ыкчам башкаруу укугунда бекитилип берилген мүлк мамлекеттик менчик болуп саналат.
20. Департамент өзүнө бекитилип берилген мүлктү мүктүн менчик ээсинин макулдугу менен гана ажыратууга же башка ыкма менен тескөөгө укуктуу.
21. Департамент жана анын региондук башкармалыктары ай сайын Министрликтин атайын эсебине өз ишинин натыйжасында алынган жалпы кирешенин 10 пайызынан ашпаган өлчөмдөгү, Министрликтин чечими менен белгиленген жана бекитилген сумманы которот.
22. Департамент мүлктүн сакталышын жана анын эксплуатациялоо ченемдерин жана эрежелерин сактоо менен натыйжалуу пайдаланылышын камсыз кылат.
23. Департамент бухгалтердик эсепти жана отчеттуулукту, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте статистикалык отчеттуулукту жүргүзөт.
6. Департаменттин ишин уюштуруу
24. Департаментти Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу директор жетектейт.
25. Департаменттин жана анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн кызматкерлери мыйзамдарда белгиленген тартипте кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
26. Департаменттин директорунун үч орун басары болот. Директордун орун басарлары Департаменттин директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
27. Директордун орун басарлары түздөн-түз директорго баш иет жана бөлүштүрүлгөн милдеттерге ылайык Департаменттин ишин уюштурат.
28. Департаменттин директору:
– жеке башкаруу принциптеринде Департаменттин ишине жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат жана ага жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
– мыйзамдарда белгиленген тартипте Департаменттин кызматкерлерин кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аларга сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын колдонот;
– Департаменттин атынан ишеним катсыз иш жүргүзөт, анын кызыкчылыктарын республиканын бардык мамлекеттик органдарында жана уюмдарында билдирет, келишимдерди түзөт, ишеним каттарды берет, банктарда эсептешүү жана башка эсептерди ачат, банктык жана финансылык документтерге кол коёт, биринчи кол коюу укугуна ээ;
– директордун орун басарларынын ыйгарым укуктарын белгилейт, аларга Департаменттин компетенциясына кирген ыкчам, уюштуруу, кадрдык, финансылык, өндүрүштүк-чарбалык жана башка маселелерди чечүү боюнча өзүнүн ыйгарым укуктарынын бир бөлүгүн аткарууну тапшырат;
– Министрликке штаттык расписаниени, түзүмдү, кирешелердин жана чыгашалардын сметасын, анын ичинде региондук башкармалыктарды жана жол-эксплуатациялык мекемелерди бекитүүгө киргизет;
– Департаменттин кызматкерлеринин кызматтык нускамаларын бекитет;
– автомобиль жолдорунун региондук башкармалыктарын, жол-эксплуатациялык мекемелерди түзүүдө алар жөнүндө жоболорду, штаттык расписаниени, түзүмдү, ошондой эле кирешелердин жана чыгашалардын сметасын Министрликке бекитүүгө киргизет;
– Министрликке региондук башкармалыктардын, жол-эксплуатациялык мекемелердин жетекчилерин кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу жөнүндө сунуштарды киргизет;
– Министрликке региондук башкармалыктардын, жол-эксплуатациялык мекемелердин жетекчилерине карата тартиптик жаза чараларын жана сыйлоо чараларын колдонуу жөнүндө сунуштарды киргизет;
– орун басарлардын сунушу боюнча аймактык автомобиль жолдорунун региондук башкармалыктарынын, жол-эксплуатациялык мекемелердин башкы инженерлерин кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
– өз компетенциясынын чегинде Департаменттин аппаратынын жана ведомстволук уюмдарынын бардык кызматкерлери аткаруу үчүн милдеттүү болгон Департаменттин буйруктарын жана башка тескемелерин чыгарат;
– Департаменттин ведомстволук уюмдарынын жетекчилеринин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген буйруктарын жана тескемелерин токтотуп турат, жокко чыгарат;
– түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана автомобиль жолдорунун региондук башкармалыктарынын, анын ичинде жол-эксплуатациялык мекемелердин алдына коюлган милдеттердин аткарылышынын сапатын контролдоону жүзөгө ашырат;
– белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрине Департаменттин өзгөчө айырмаланган кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктарга көрсөтүү жана ардак наамдарды ыйгаруу үчүн сунуштарды киргизет;
– Департаменттин атынан ишеним каттарды берет, мүлктү жана каражаттарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тескейт.
29. Директор жок болгон учурда аны орун басарларынын бири алмаштырат.
30. Департаменттин кызматкерлерин жумушка алууну, эмгек ишин, жумуштан бошотууну укуктук жөнгө салуу, кызматкерлерди укуктук жана социалдык жактан коргоо Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына жана Министрликтин актыларына ылайык жүзөгө ашырылат.
31. Департаменттин кызматкерлери аларга жүктөлгөн эмгек милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган, укукка каршы аракеттерди (аракетсиздиктерди) жасаган учурда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык материалдык, тартиптик, административдик жана кылмыш жоопкерчилигине тартылат.
7. Жол фондунун ишин уюштуруу
32. Департамент Жол фондунун катчылыгынын функцияларын аткарат.
33. Жол фондунун башкаруу органдары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Жол фондунун байкоочу кеңеши – башкаруу органы;
2) Жол фондунун катчылыгы – аткаруучу орган.
34. Жол фондунун Кеңешинин ыйгарым укуктары:
1) Жол фондунун ишинин негизги багыттарын жана артыкчылыктарын, келечектүү жана учурдагы милдеттерин кароо, аныктоо жана бекитүү;
2) Жол фондунун киреше бөлүгүнө каражаттардын түшүүлөрүнүн болжолун жактыруу;
3) Жол фондунун каражаттарын чыгымдоо планын жактыруу;
4) жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун жана жол чарбасын долбоорлоого, курууга, реконструкциялоого, оңдоого, техникалык көзөмөлгө жана күтүүгө бөлүнгөн республикалык бюджеттин каражаттарын бөлүштүрүү;
5) Жол фондунун каражаттарын пайдалануу боюнча отчетторду жактыруу;
6) учурдагы жылга каржылоонун көлөмүн жана кийинки жылдарга болжолдуу көрсөткүчтөрдү бекитүү;
7) Жол фондуна түшкөн каражаттарды топтоону жакшыртуу боюнча сунуштарды киргизүү;
8) Жол фондуна түшкөн каражаттардын өлчөмдөрү маселеси боюнча сунуштамаларды берүү;
9) автомобиль жолдоруна оңдоолорду жүргүзүү жана күтүү планы боюнча сунуштамаларды берүү;
10) Жол фондунун каражаттарын пайдалануу жөнүндө ар жылдык аудитордук отчетту угуу;
11) финансылык отчеттордун түзүмүн, даярдоо жана жарыялоо тартибин аныктоо;
12) Жол фондунун акча каражаттарынын максаттуу пайдаланылышына контроль жүргүзүү;
13) Жол фондунун чыгашалар сметасынын аткарылышы жөнүндө Жол фондунун отчетун угуу жана бекитүү;
14) Жол фондунун ишине тиешелүү башка маселелерди кароо.
35. Жол фондунун Кеңеши өзүнө жүктөлгөн ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
1) өз ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон маалыматты катчылыктан жана транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү түзүмдөрүнөн сурап алууга;
2) катчылык тарабынан берилген документтерди жеткире иштеп чыгууга жөнөтүүгө.
36. Жол фондунун Кеңешинин мүчөлөрү анын ишине коомдук башталышта катышат.
37. Жол фондунун Кеңешинин мүчөлөрү анын жыйналыштарына алмаштыруу укугусуз катышат. Жол фондунун Кеңешинин мүчөсү жок болгон учурда, ал каралып жаткан маселелер боюнча өз пикирин жазуу жүзүндө берүүгө укуктуу.
38. Жол фондунун Кеңешинин курамына кирген органдын же уюмдун өкүлүнүн мүчөлүгү тиешелүү органдын же уюмдун анын аты-жөнүн, кызмат ордун көрсөтүү менен, ошондой эле өкүл алмашкан учурда себеби көрсөтүлгөн расмий каты менен ырасталат.
39. Жол фондунун Кеңешинин мүчөлөрүнүн саны 7 адамдан кем болбошу керек.
40. Жол фондунун Кеңешинин курамы транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин чечими менен транспорт жана коммуникациялар, экономика жана финансы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын, жол куруу, жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу чөйрөсүндөгү коомдук бирикмелердин өкүлдөрүнүн тең өкүлчүлүк принциби боюнча 2 жылдан кем эмес мөөнөткө түзүлөт.
41. Жол фондунун Кеңешинин жыйналыштары зарылдыгына жараша чакырылат. Жол фондунун Кеңешинин жыйналыштары кезектеги жана кезексиз болушу мүмкүн.
42. Жол фондунун Кеңешинин анын компетенциясына кирген маселелер боюнча чечими байкоочу кеңештин жыйналышына катышкан мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең болуп калган учурда Жол фондунун Кеңешинин жыйналышында төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болуп саналат.
43. Жол фондунун Кеңешинин ишине транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси (Жол фондунун Кеңешинин төрагасы), ал жок болгон учурда – аны алмаштыруучу адам жетекчилик кылат жана анын жыйналыштарын алып барат.
44. Жол фондунун Кеңешинин жыйналыштары Жол фондунун катчылыгынын кызматкери болуп саналган Жол фондунун Кеңешинин катчысы тарабынан протоколдоштурулат. Протоколдорго төрага же жыйналышта төрагалык кылуучу адам, ошондой эле жыйналышка катышкан мүчөлөр кол коёт. Протоколдордун түп нускалары Жол фондунун катчылыгында сакталат.
45. Жол фондунун Кеңешинин өзүнүн жыйналыштарына зарылчылыкка жараша тиешелүү техникалык кызматтардын өкүлдөрүн, эксперттерди жана консультанттарды чакырууга укуктуу, алар жыйналыштарга добуш берүү укугусуз катышат.
46. Жол фондунун Кеңешинин жыйналышын чакыруу жөнүндө маалымат күн тартибин, өткөрүлүүчү убактысын жана ордун көрсөтүү менен Жол фондунун катчылыгы тарабынан Жол фондунун Кеңешинин мүчөлөрүнө жыйналыш өткөрүлө турган күнгө чейин 3 календардык күндөн кечиктирбестен жеткирилиши керек.
47. Жыйналышты видео-конференц-байланыш системасын колдонуу аркылуу өткөрүүгө жол берилет.
48. Жол фондунун Кеңешинин ишин жана долбоорлорду каржылоо жана ишке ашыруу маселелери боюнча чечимдеринин талаптагыдай аткарылышын Жол фондунун катчылыгы камсыздайт.
49. Жол фондунун катчылыгынын ишин жетектөөнү Департаменттин директорунун Жол фондунун каражаттарын башкаруу маселелерин тескеген орун басары жүзөгө ашырат, ал Департаменттин директоруна баш иет.
50. Жол фондунун киреше же чыгаша бөлүгү көбөйтүлгөн же азайтылган учурда Жол фондунун каражаттарын бөлүштүрүү Жол фондунун катчылыгы тарабынан аткарылышы үчүн Жол фондунун Кеңеши тарабынан бекитилүүгө тийиш.
51. Жол фондунун каражаттарын түзүүнүн тартиби:
1) Жол фондунун бюджети Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин жоболоруна ылайык түзүлөт.
2) Жол фондунун каражаттарын түзүү булактары «Жол фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган каражаттардын эсебинен түзүлөт.
52. Жол фондунун каражаттарын чыгымдоонун тартиби:
1) каражаттар тандап алынган долбоорлорду ишке ашыруу боюнча акча-төлөм операциялары менен бөлүнгөн каражаттардын чегинде чыгымдалат;
2) Жол фондунун каражаттары «Жол фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат;
3) Жол фондунун каражаттары республикалык бюджетте транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук классификаторунда өзүнчө сап менен чагылдырылат;
4) бюджетти аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган Жол фондуна келип түшкөн төлөмдөрдүн эсебин жүргүзөт жана аларды республикалык бюджеттен Жол фондунун казыналык эсебине ар бир айдын 5, 15 жана 25инде которууну камсыз кылат.
53. Жол фонду кирешелердин түшүүлөрүнүн жалпы көлөмү жөнүндө маалыматты алат, мониторинг жана талдоо жүргүзөт, анын ичинде атайын иштелип чыккан автоматташтырылган маалыматтык система аркылуу жүргүзөт.
8. Департаментти кайра уюштуруу жана жоюу
54. Департаментти жоюу жана кайра уюштуруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
55. Департамент жоюлгандан кийин калган мүлк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пайдаланылат.
56. Департаменттин иши токтотулган учурда документтер «Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.