Редакцияот 10.04.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Жоош айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын  кезектеги 13-сессиясы

 

ТОКТОМ

 

2026-жылдын 10-апрели                        №13/8                                   Кум Арык айылы

Мамажан айылынын ылдый жагындагы асфальт жолго М. Зулпукаровдун атын коюуу боюнча 20.02.2026-жылдагы элдик жыйындын протоколун жана Маданият айылындагы, Маданият орто мектебине Ж.Сатыбалдиевдин атын берүү боюнча 08.02.2026-жылдагы элдик жыйындын чечимин, кароо жөнүндө

Жоош айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.Гайыповдун Мамажан айылынын ылдый жагындагы асфалть жолго М. Зулпукаровдун атын коюуу боюнча 20.02.2026-жылдагы элдик жыйындын протоколу жана Маданият айылындагы, Маданият орто мектебине Ж.Сатыбалдиевдин атын берүү боюнча 08.02.2026-жылдагы элдик жыйындын чечими менен тааныщтырды жана жаштар иштери, спорт, социалдык-маданий, билим берүү, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиянын кортундусун угуп жана талкуулап чыгып Жоош айылдык Кеңешинин VIII-чакырылыш кезектеги 13-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Жоош айыл өкмөтүнүн,Мамажан айылынын ылдый жагындагы асфальт жолго, Мамажан айылынын 20.02.2026-жылдагы, элдик жыйынынын протоколунун негизинде М. Зулпукаровдун атын берүүгө макулдук берилсин.

2.    Жоош айыл өкмөтүнүн Маданият орто мектебине, Ж.Сатыбалдиевдин атын берүү боюнча, Маданият айылында өткөрүлгөн, 08.02.2026-жылдагы элдик жыйындын протоколунун чечиминин негизинде макулдук берилсин.

3.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жаштар иштери, спорт, социалдык-маданий, билим берүү, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо жана маданият боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.

 

Төрага:

А.Л.Зулпукаров