Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 11-июну № 208
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 22-сентябрындагы № 178 "Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы № 137 "2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген 2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын (2025-2027-жылдардын орто мөөнөттүү мезгилинде I этап үчүн) ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 22-сентябрындагы № 178 "Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети жөнүндө жободо:
- 4-пунктта "Башкы эсептөө борбору" деген сөздөр "Интеллектуалдык маалыматтар борбору" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 13-пунктта "Өкмөтүнө" деген сөз "Министрлер Кабинетине" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 19-пункт төмөнкүдөй мазмундагы он сегизинчи абзац менен толукталсын:
"коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү, мыйзамдардын сакталышын контролдоону камсыз кылуу, ошондой эле кызматтык тартиптин абалы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.".
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |