Загрузка документа…
|
| |
|
| |
Кыргыз Республикасынын алыскы барууга кыйын
калктуу конуштарында жайгашкан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын кызматкерлеринин кызматтык маяналарына ар айлык үстөктөрдү төлөө үчүн эмгек стажын белгилөө жана
эсептөө тартиби
Бул Тартип Кыргыз Республикасынын алыскы барууга кыйын калктуу конуштарында жайгашкан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын кызматкерлеринин кызматтык маянасына ар айлык үстөктөрдү төлөө үчүн эмгек стажын ошол жердеги иш стажына ылайык белгилөө жана эсептөө эрежелерин аныктайт.
1-глава. Үстөктөрдү алууга
укук берген иш стажын эсептөө
1. Алыскы барууга кыйын калктуу конуштарда иштегендиги үчүн ар айлык пайыздык үстөктү алууга укук берүүчү иш стажына менчигинин формасына карабастан ушул калктуу конуштарда жайгашкан мекемелерде, уюмдарда жана ишканаларда иштеген бардык иш убактысы кирет.
2. Алыскы барууга кыйын калктуу конуштарда иштегендиги үчүн кызматтык маянага үстөктү алууга укук берүүчү иш стажына, ошондой эле бала бир жарым жашка чыкканга чейин бала багуу боюнча жарым-жартылай акы төлөнүүчү өргүү убактысы жана бала үч жашка чыкканга чейин эмгек акысы сакталбаган бала багуу боюнча кошумча өргүү убактысы да кирет.
2-глава. Эмгек акыга пайыздык үстөктү
эсептөө жана төлөө тартиби
3. Алыскы барууга кыйын калктуу конуштарда иштегендиги үчүн пайыздык үстөк кызматкердин негизги иши боюнча кызматтык маянасына үстөктөрдүн жана кошумча төлөмдөрдүн бардык түрлөрүн эсепке албастан кошулат.
Календардык ай ичинде үстөктүн өлчөмүнө таасир этүүчү иш стажы өзгөргөндө, үстөктүн жаңы өлчөмү бул өзгөрүүдөн кийинки айдын 1инен тартып белгиленет.
Алыскы барууга кыйын калктуу конуштарда иштегендиги үчүн пайыздык үстөк аяктаган ай үчүн эмгек акы берилүүчү күнү белгиленген өлчөмдө төлөнөт.
4. Алыскы барууга кыйын калктуу конуштарда иштегендиги үчүн пайыздык үстөк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматкер үчүн сакталуучу орточо эмгек акыны эсептөөдө эске алынат (эмгек өргүүсү, мамлекеттик же коомдук милдеттерди аткаруу, убактылуу эмгекке жарамсыздык мезгилдери үчүн, мамлекеттик пенсия дайындоодо).
5. Алыскы барууга кыйын калктуу конуштарда иштегендиги үчүн ар айлык үстөктөрдү төлөө үчүн иш стажы эмгек стажын белгилөө боюнча комиссия тарабынан аныкталат. Комиссиянын курамы белгиленген тартипте ишкананын, уюмдун, мекеменин жетекчиси тарабынан бекитилет.
6. Иш стажын аныктоо үчүн негиз болуп эмгек китепчеси саналат. Эмгек китепчеси жок болгондо жана эмгек китепчесинде керектүү жазуу жок болгон учурда же иштеген мезгилдери жөнүндө так эмес жазуулар камтылса, эмгек стажын ырастоо үчүн иштеген мезгилдери жөнүндө маалыматтарды камтыган маалымкаттар, буйруктардан көчүрмөлөр, жеке эсептер кабыл алынат. Алыскы барууга кыйын калктуу конуштарда иштегендиги үчүн пайыздык үстөк алууга укук берүүчү эмгек стажын күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнө ылайык ырастоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
7. Комиссиянын алыскы барууга кыйын калктуу конуштарда иштегендиги үчүн пайыздык үстөктү алууга укук берүүчү иш стажын белгилөө жөнүндө чечими протокол менен таризделет.
Комиссиянын чечиминен көчүрмөлөр кызматкердин алыскы барууга кыйын калктуу конуштарда иштегендиги үчүн ар айлык үстөктү кошуп эсептөө үчүн бухгалтерияга жана өздүк делосуна тиркөө үчүн кадрлар бөлүмүнө берилет.