Загрузка документа…
АК-БАШАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 29-декабры № 28
Ак-Башат айыл аймагынын 2026-2030- жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү программасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34; 39-беренелерине ылайык жана Ак-Башат айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Б.Азаматовдун Ак-Башат айыл аймагынын 2026-2030-жылдарга түзүлгөн социалдык-экономикалык программасын угуп жана талкуулап Ак-Башат айылдык кеңеш токтом кылат :
1. Ак-Башат айыл аймагынын 2026-2030-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн программасы бекитилсин.
2. Ак-Башат айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы :
- Ак-Башат айыл аймагынын 2026-2030-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын аткарылышын камсыз кылсын.
3. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети бюджет боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага |
| И.С.Рыскулов |