Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 17-июну № 220
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын
31-январындагы № 17 «Кыргыз Республикасынын
Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат
орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө»
Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын ишин өркүндөтүү максатында, «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5, 17-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1..Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде:
– II бөлүмдүн 4-главасынын 9-пунктунун «Жогорку кызмат орду» тобунун «Ж-Б» категориясы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«
Ж-Б | Аппараттын жетекчиси (*) |
|
».
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 19-июнундагы № 45 (3805) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |