Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 17-июну № 217
Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство
жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сый акысын ыйгаруу жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесинин 2-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 10-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. 2025-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сый акысы төмөнкү номинацияларда ыйгарылсын:
1) Адабият жаатындагы мамлекеттик сый акы Айтмамбетов Ишен Джакшылыковичке, жазуучу – «Бет-Алман» тарыхый романы үчүн;
2) Музыкалык искусство жаатындагы мамлекеттик сый акы Казаков Тугелбай Токтогуловичке, композитор-обончу, Кыргыз Республикасынын эл артисти – «Боз жорго» музыкалык чыгармасы үчүн;
3) Кино искусство, радио жана телекөрсөтүү жаатындагы мамлекеттик сый акы Абдыкадыр Тилекке, Т. Океев атындагы «Кыргызфильм» улуттук киностудиясынын документалдык жана илимий-популярдуу фильмдердин сценаристи жана кинорежиссеру – Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган 4 сериялуу тарыхый-документалдуу киноэпопеясы үчүн.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 19-июнундагы № 45 (3805) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |