Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 20-майы № 498-VIII
«2025-жылдын 19-декабрында Токио шаарында кол коюлган
Кыргыз Республикасы менен Япониянын ортосундагы Киреше салыгына карата кош салык салууну жоюу жана салык төлөөдөн качуунун жана четтөөнүн алдын алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тѳрагасы тарабынан демилгеленген (2026-жылдын 10-апрелиндеги чыг. № 18-4365) «2025-жылдын 19-декабрында Токио шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Япониянын ортосундагы Киреше салыгына карата кош салык салууну жоюу жана салык төлөөдөн качуунун жана четтөөнүн алдын алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Опубликовано на официальном сайте https://kenesh.kg/ru/law-activity/resolutions/7773 от 26 мая 2026 года
Төрагасынын орун басары |
| Б.А. Ибрагимов |