Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 1-июну № 380
Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын кызматкерлерин формалык кийим менен камсыздоо
тартибин жана Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын кызматкерлерин формалык кийим менен камсыздоо ченемдерин бекитүү жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 59-беренесинин 1-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын кызматкерлерин формалык кийим менен камсыздоо тартиби 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын кызматкерлерин формалык кийим менен камсыздоо ченемдери 2-тиркемеге ылайык.
2. Бул токтомду ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына республикалык бюджетте тиешелүү жылдарга каралган каражаттардын чегинде жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы:
1) жогоруда аталган Камсыздоо тартибине жана ченемдерине ылайык прокуратура органдарынын кызматкерлерин формалык кийим менен камсыз кылсын;
2) ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 4-майындагы № 279 «Кыргыз Республикасынын Аскердик прокуратурасы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 16-апрелиндеги № 173 «Прокуратура органдарынын кызматкерлери үчүн форма кийимдери жана айырмалоо белгилери жөнүндө» токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 19-октябрындагы № 662 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 4-майындагы № 279 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасы жөнүндөгү Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-февралындагы № 52 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө» токтомунун 2-пункту.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.А. Касымалиев