Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КУРУЛУШ, АРХИТЕКТУРА ЖАНА ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК ЧАРБА МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2026-жылдын 22-июну № 419
Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жайкоммуналдык чарба министрлигинин 2026-жылдын 9-февралындагы № 110-чуа буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Бишкек шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун саммитин өткөрүүгө даярдыкты өз убагында аяктоо максатында ошондой эле Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 04-4/2619 жана Бишкек шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 20-31/3180 кайрылууларын эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025- жылдын 22-апрелиндеги № 221 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги жөнүндө» (мындан ары – Курулуш министрлиги) жобону жетекчилике алуу менен, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин 2026-жылдын 9-февралындагы № 110-чуа буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
Жогоруда аталган буйруктун 3-1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3-1. Ушул буйруктун 1-пунктунда бекитилген Эсептөө методикасы Бишкек шаарын кошпогондо, Кыргыз Республикасынын аймагында жолдордун бардык түрлөрүн курууга, реконструкциялоого жана капиталдык оңдоого жайылтылбайт.
Бишкек шаарын кошпогондо, Кыргыз Республикасынын аймагында жолдордун бардык түрлөрүн курууда, реконструкциялоодо жана капиталдык оңдоодо 2023-жылдан 2025-жылга чейинки мезгил үчүн инфляциянын деңгээлинин (керектөө бааларынын индексинин) негизинде курулуш иштеринин сметалык наркынын өзгөрүү индекстеринин суммалык эсептөөлөрү колдонулат.
Бишкек шаарынын аймагында жолдордун бардык түрлөрүн курууга, реконструкциялоого жана капиталдык оңдоого салыктарды эске алуу менен асфальтбетондун түрлөрүнө төмөнкүдөй баа белгиленсин:
- асфальтбетон аралашмалары (кадимки) - 7600 сом/т;
- шагылдуу-мастикалуу асфальтбетон (ШМА) - 8800 сом/т.».
2. Лицензиялоо жана сертификациялоо башкармалыгы:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө» 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 токтомуна ылайык, ушул буйруктун расмий жарыяланышын камсыз кылуу;
2) расмий жарыяланган күндөн тартып ушул буйруктун мамлекеттик жана расмий тилдердеги көчүрмөлөрүн эки нускада кагаз түрүндө жана электрондук түрдө, жарыяланган булагын көрсөтүү менен, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн;
3) бул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде анын көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жөнөтүлсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.
4. Бул буйрук 2026-жылдын 30-апрелинен тартып күчүнө кирет, расмий жарыяланууга тийиш жана 2026-жылдын 31-декабрына чейин күчүндө болот.
2026-жылдын 24-июнунда https://egov.kg/ru/ministry/construction/npa расмий сайтында жарыяланды
Министр |
| Н.К. Орунтаев |