Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 18-июну № 427
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 157 «Бирдиктүү терезе» принциби боюнча тышкы экономикалык иштерди жүзөгө ашыруу үчүн мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын уруксат жана башка документтерди берүү тартиби жөнүндө» токтомуна
өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Тышкы экономикалык ишти жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон уруксат документтерин берүү жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 157 «Бирдиктүү терезе» принциби боюнча тышкы экономикалык иштерди жүзөгө ашыруу үчүн мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын уруксат жана башка документтерди берүү тартиби жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Бирдиктүү терезе» принциби боюнча тышкы экономикалык иштерди жүзөгө ашыруу үчүн мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын уруксат жана башка документтерди берүү тартиби жөнүндө жободо:
жогоруда аталган Жобонун тиркемесинде:
– 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«
4 |
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги | Продукциянын дары каражаттарына жана медициналык багыттагы товарларга тиешелүүлүгүн ырастоочу маалымкат |
Дары каражатынын сапаты жөнүндө корутунду | ||
Медициналык буюмдун сапаты жана коопсуздугу жөнүндө корутунду | ||
Продукцияны мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк | ||
Шайкештик жөнүндө декларация | ||
Адамдын ткандарынын, органдарын, канын жана анын компоненттерин, адамдын биологиялык материалдарынын үлгүлөрүн экспорттоого/импорттоого лицензия | ||
Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоого/импорттоого корутунду |
»;
– 12-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«
12 | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги | Кызматтык жарандык куралды, анын негизги (курамдык) бөлүктөрүн жана патрондорун экспорттоого/импорттоого корутунду |
Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди ташып келүүгө/ташып чыгууга лицензия же уруксат | ||
Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзиттөөгө лицензия же уруксат | ||
Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди экспорттоого/импорттоого корутунду |
».
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 19-июнундагы № 45 (3805) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |