Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 18-июну № 429
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-майындагы № 269 «Индустриялык парктар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Индустриялык парктардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 8, 28-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-майындагы № 269 «Индустриялык парктар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Индустриялык парктар жөнүндө жободо:
– 4-пункттун 2-пунктчасы «ижара» деген сөздөн кийин «, мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу» деген сөздөр менен толукталсын;
– 5-пункттун 2-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2) индустриялык парктын аймагы мамлекеттик, муниципалдык же жеке менчикте турган бир же бир нече жер тилкелеринен жана (же) кыймылсыз мүлк объекттеринен түзүлөт;»;
– 8-пункттун 2-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2) индустриялык парктын башкаруу компаниясы индустриялык парктын жылуулук, электр жана газ менен камсыздоого, ошондой эле башка энергоресурстарга жана технологиялык газдарга (кычкылтек, азот, кысылган аба жана башкалар) муктаждыктарын камсыз кылуу үчүн, анын ичинде индустриялык парктын керектөөлөрүн биринчи кезекте камсыз кылган шартта аталган ресурстардын ашыкчасын үчүнчү жактарга сатуу укугу менен өндүрүштүк ишти жүзөгө ашыруу учурларынан тышкары, индустриялык парктын аймагында өндүрүштүк ишти жүзөгө ашыра албайт.»;
– 11-пункттун 1-пунктчасы «ижара» деген сөздөн кийин «, мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу» деген сөздөр менен толукталсын;
– 12-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 11–15-пунктчалар менен толукталсын:
«11) Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине жана Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарды жана чарбалык коомдорду жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык индустриялык паркты өнүктүрүүгө, резиденттердин иш шарттарын жакшыртууга, өндүрүштүк кубаттуулуктарды кеңейтүүгө, алынган илимий-техникалык натыйжаларды коммерциялаштырууга жана индустриялык парктын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган айрым өнөр жай, инвестициялык, технологиялык жана башка долбоорлорду ишке ашыруу үчүн туунду жана көз каранды коомдорду, ошондой эле башка юридикалык жактарды түзүүгө;
12) индустриялык парктын аймагында жана анын чегинен тышкары өзүнүн компетенциясынын чегинде жана башка компаниянын уставдарына ылайык, индустриялык парктын иши менен байланышкан инвестициялык, инфраструктуралык, өндүрүштүк жана сервистик долбоорлорду ишке ашыруу үчүн аныкталган максаттарга ылайык келген шартта, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине жана юридикалык жактарды жана чарбалык коомдорду жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка юридикалык жактардын уюштуруучусу, акционери же катышуучусу болууга, анын ичинде иши индустриялык парктын максаттары жана милдеттери, анын ичинде мамлекеттик, жеке жана/же эл аралык инвесторлор катышкан долбоорлор менен байланышкан мындай юридикалык жактардын уставдык капиталына салымдарды (төгүмдөрдү) киргизүү жолу менен болууга;
13) башкаруу компаниясына менчик укугунда таандык болгон мүлктү, анын ичинде имараттарды, курулмаларды, инженердик жана транспорттук инфраструктура объекттерин, мүлктүк жана башка укуктарды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жол берилген учурларда жер тилкелерин, башкаруу компаниясы уюштуруучу (катышуучу, акционер) болуп саналган юридикалык жактардын уставдык капиталына салым катары Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарды жана чарбалык коомдорду жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык киргизүүгө;
14) чет өлкөлүк жактарга жер тилкелерин берүүгө, эгерде алар индустриялык парктын резиденттери болсо жана жер тилкесин индустриялык парктын аймагында ишин жүзөгө ашыруу үчүн гана пайдаланышса, мында мамлекеттик менчикте турган жер тилкелери мындай жактарга тоорук өткөрбөстөн Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 28-беренесинде каралган тартипте, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 8-беренесинде белгиленген чектөөлөрдү жана шарттарды эске алуу менен түз берилет;
15) жеке менчикте турган жер тилкелерин индустриялык парктын максаттары үчүн пайдаланууга жер тилкесинин менчик ээси менен ыктыярдуу түзүлгөн жарандык-укуктук келишимдин (ижара, акысыз пайдалануу, сервитут, биргелешкен иш жөнүндө) же болбосо мыйзамда каралган башка макулдашуунун негизинде гана жол берилет. Жер тилкелерин индустриялык парктын чегине киргизүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында түздөн-түз каралган учурларды кошпогондо, бул тилкелерге жеке менчик укугун токтотууга алып келбейт.».
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |