Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 2-июну № 383
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо
жана миграция министрлигинин ведомстволук
мекемелеринин ишинин айрым маселелери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин түзүмдөрүнүн ишин оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 96-98-статьяларына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу "Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду" мекемеси жоюлсун.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 252 "Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин башкаруу схемасы ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги:
1) жоюу комиссиясын түзсүн;
2) юстиция органдарында ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн мекемени жоюу жол-жобосун Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүргүзсүн;
3) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жоюлуп жаткан мекеменин укук улантуучулук, ошондой эле анын мүлкүн өткөрүп берүү, жоюу иш-чараларын каржылоо, финансылык милдеттенмелерди суммалоо жана калган бюджеттик каражаттарды жарандык жана бюджеттик мыйзамдардын алкагында бөлүштүрүү маселелерин чечсин;
4) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө мыйзамдарга ылайык мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрин жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу органга ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн мекеме тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтарды аталган реестрлерден алып салуу үчүн документтердин пакетин жөнөтсүн;
5) ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 550 "Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу "Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду" мекемесин түзүү жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 318 "Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 5-пункту;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-июнундагы № 334 "Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу "Социалдык коргоону санариптештирүү борбору" мамлекеттик мекемеси жөнүндө" токтому.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |