Загрузка документа…
ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Орловка шаарынын кеңешинин ХХIХ чакырылышынын
ХIV кезексиз сессиясы
2026-жылдын 8-апрели № 94/14-29
Айыл чарба мамлекеттик жер фондунун жерлерине ижара акы жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34 жана 39-беренелерине ылайык Орловка шаарынын кеңеши токтом кылат:
1. Орловка шаарынын кеңешинин 2025-жылдын 18-июнундагы №54/6-29 токтому күчүндө калтырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий веб-сайтында жарыялансын.
3. Шаардык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышы Орловка шаарынын мэри А.А.Койшыбаевге жүктөлсүн.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын кеңешинин жер, курулуш, архитектура жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганы орун басары |
| Х.С.Мамедов |