Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 15-июну № 420
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-майындагы № 258 «Кесиптик жогорку жана орто билим берүү чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кесиптик жогорку жана орто билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоону өткөрүү жол-жоболорунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-майындагы № 258 «Кесиптик жогорку жана орто билим берүү чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– жогоруда аталган токтомдун 1, 2-тиркемелери ушул токтомдун 1, 2-тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
1-тиркеме
«1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку
билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын
бүтүрүүчүлөрүн жыйынтыктоочу
мамлекеттик аттестациялоо жөнүндө
жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кесиптик жогорку билим берүүнүн билим берүү программаларын өздөштүрүү бүтүрүүчүлөрдү милдеттүү жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоо менен аяктайт.
2. Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоо жөнүндө жобо (мындан ары – Жобо) бардык формалар боюнча кесиптик жогорку билим алып жаткан бүтүрүүчүлөргө карата колдонулат.
3. Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоонун максаты болуп кесиптик жогорку билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын (мындан ары – ЖКБ билим берүү уюму) бүтүрүүчүлөрүнүн кесиптик тапшырмаларды аткарууга болгон даярдыгынын деңгээлин жана аларды даярдоонун кесиптик жогорку билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартынын талаптарына шайкештигин аныктоо саналат.
4. Бүтүрүүчүлөрдү жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоо аккредитацияланган ЖКБ билим берүү уюмдарында жана алардын аккредитациясы бар түзүмдүк бөлүмдөрүндө кесиптик жогорку билим берүүнүн адистиктери жана даярдоо багыттары боюнча жүргүзүлөт.
Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоодон өтүүгө ЖКБ билим берүү уюму тарабынан кесиптик жогорку билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартынын талаптарына ылайык иштелип чыккан кесиптик жогорку билим берүүнүн адистиктери же даярдоо багыттары боюнча билим берүү программасын толук көлөмдө өздөштүрүүнү ийгиликтүү аяктаган бүтүрүүчүлөргө жол берилет.
Жыйынтыктоочу аттестациялык сынактардын бардык белгиленген түрлөрүн ийгиликтүү тапшырган шартта бүтүрүүчүгө тиешелүү квалификация ыйгарылат жана мамлекеттик жана (же) өздүк үлгүдөгү кесиптик жогорку билими жөнүндө диплом берилет.
5. Аккредитациясы жок ЖКБ билим берүү уюмдарында окуган же аларды ийгиликтүү аяктаган адамдар аккредитациясы бар ЖКБ билим берүү уюмдарында учурдагы жана жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоодон өтүүгө укуктуу.
2-глава. Жыйынтыктоочу аттестациялык сынактардын түрлөрү
6. ЖКБ билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоонун жыйынтыктоочу аттестациялык сынактарынын түрлөрүнө төмөнкүлөр кирет:
1) бүтүрүүчү квалификациялык ишти жактоо;
2) мамлекеттик экзамен;
3) жыйынтыктоочу отчетту (бизнес-планды, стартап-долбоорду, колдонмо долбоорду же практикалык колдонууга жана (же) мүмкүн болгон коммерциялык сатууга багытталган башка натыйжаны) аткаруу менен практика (такшалма).
Милдеттүү жыйынтыктоочу аттестациялык сынактардын тизмеги кесиптик жогорку билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарты менен белгиленет.
7. Бүтүрүүчү квалификациялык иштер кесиптик жогорку билим берүүнүн белгилүү бир баскычтарына ылайык формаларда аткарылат:
1) бакалавр квалификациясы үчүн – бакалаврдын бүтүрүүчү иши формасында;
2) адис квалификациясы үчүн – дипломдук иш (долбоор) формасында;
3) магистр квалификациясы үчүн – магистрдик диссертация формасында.
ЖКБ билим берүү уюмунун чечими боюнча бакалавр, магистр жана адис квалификациялары үчүн бүтүрүүчү квалификациялык иш жыйынтыктоочу отчетту аткаруу менен практикага (такшалмага) алмаштырылышы мүмкүн.
8. Бүтүрүүчү квалификациялык иштердин темалары ЖКБ билим берүү уюму тарабынан аныкталат. Бүтүрүүчүгө ЖКБ билим берүү уюму тарабынан белгиленген тартипте бүтүрүүчү квалификациялык иштин темасын тандоо,анын ичинде аны иштеп чыгуунун максатка ылайыктуулугун негиздөө менен өзүнүн темасын сунуштоо укугу берилиши мүмкүн. Бүтүрүүчү квалификациялык ишти даярдоо үчүн бүтүрүүчүгө жетекчи дайындалат.
Бакалаврлардын бүтүрүүчү иштери аткарылган курстук иштерди жана долбоорлорду жалпылоого негизделип, теориялык окутуунун акыркы мезгилинде жактоого даярдалышы мүмкүн.
Адистерди жана магистрлерди даярдоонун билим берүү программалары аяктагандан кийин аткарылган бүтүрүүчү квалификациялык иштер рецензияланууга тийиш. Рецензиялоо тартиби ЖКБ билим берүү уюму тарабынан белгиленет.
9. Бүтүрүүчү квалификациялык иштерди аткаруунун шарттары жана мөөнөттөрү ушул Жобонун, кесиптик жогорку билим берүүнүн тиешелүү мамлекеттик билим берүү стандарттарынын негизинде ЖКБ билим берүү уюму тарабынан белгиленет.
Практиканы (такшалманы) өтүүнүн жана бүтүрүүчү квалификациялык иштин ордуна жыйынтыктоочу отчетту аткаруунун тартиби жана мөөнөттөрү ушул Жобонун, кесиптик жогорку билим берүүнүн тиешелүү мамлекеттик билим берүү стандарттарынын негизинде ЖКБ билим берүү уюму тарабынан аныкталат.
10. Окутуудан күтүлүүчү натыйжаларды текшерүү максатында ЖКБ билим берүү уюму тарабынан жыйынтыктоочу аттестациялык сынактардын программасы, суроолордун тизмеги жана баалоо критерийлери иштелип чыгат жана бекитилет.
3-глава. Мамлекеттик аттестациялоо комиссиялары
11. Мамлекеттик аттестациялоо комиссиялары өз ишинде Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы мыйзамдарын, ушул Жобону, кесиптик жогорку билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарттарын, ЖКБ билим берүү уюмдары иштеп чыккан окуу-методикалык документтерди жетекчиликке алат.
12. Мамлекеттик аттестациялоо комиссиясынын негизги функциялары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) бүтүрүүчүнү даярдоонун кесиптик жогорку билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартынын талаптарына жана бекитилген негизги билим берүү программасына ылайык окутуунун күтүлгөн натыйжаларына шайкеш келишин аныктоо;
2) жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоонун натыйжалары боюнча квалификация ыйгаруу жана бүтүрүүчүгө кесиптик жогорку билими жөнүндө тиешелүү мамлекеттик же өздүк үлгүдөгү диплом берүү жөнүндө чечим кабыл алуу;
3) мамлекеттик аттестациялоо комиссиясынын ишинин натыйжаларынын негизинде бүтүрүүчүлөрдү даярдоону өркүндөтүүгө багытталган сунуштамаларды иштеп чыгуу.
13. Бүтүрүүчүлөрдү жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоодон өткөрүү үчүн ЖКБ билим берүү уюму тарабынан ар бир багыт жана адистик боюнча мамлекеттик аттестациялоо комиссиясынын курамы бекитилет.
ЖКБ билим берүү уюму тарабынан кесиптик жогорку билим берүүнүн бир билим берүү программасы боюнча бир нече мамлекеттик аттестациялоо комиссиясы бекитилиши мүмкүн.
Мамлекеттик аттестациялоо комиссиялары бир календардык жыл бою иштейт.
14. Мамлекеттик аттестациялоо комиссиясы иш берүүчүлөрдүн (ушул профилдин чөйрөсүндө иштеген ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын адистери), ошондой эле ЖКБ билим берүү уюмдарынын профессордук-окутуучулук курамынын жана илимий кызматкерлеринин ичинен 5 адамдан кем эмес санда түзүлөт.
Мамлекеттик аттестациялоо комиссиясынын курамындагы иш берүүчүлөрдүн саны комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмесин түзүүгө тийиш.
15. Мамлекеттик аттестациялоо комиссиясынын курамына факультеттердин декандары, кафедра башчылары, административдик башкаруу персоналынын өкүлдөрү, билим берүү уюмунун жетекчилиги кирбейт.
16. Мамлекеттик аттестациялоо комиссиясын тиешелүү профилдеги бүтүрүүчүлөр үчүн потенциалдуу иш берүүчүлөр болуп саналган ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын өкүлдөрүнүн ичинен төрага жетектейт, ал эми алар жок болгон учурда – ушул профилдеги/адистиктеги илимдин доктору же кандидаты жетектейт. Төрага ЖКБ билим берүү уюмунда иштебеген адам болууга тийиш. Бир эле ошол адам катары менен эки жылдан ашык мамлекеттик аттестациялоо комиссиясынын төрагасы боло албайт.
Төрага мамлекеттик аттестациялоо комиссиясынын ишин уюштурат жана контролдойт, бүтүрүүчүлөргө коюлуучу талаптардын бирдей болушун камсыз кылат.
ЖКБ билим берүү уюму ар бир даярдоо багыты жана (же) адистик боюнча мамлекеттик аттестациялоо комиссияларынын төрагаларынын маалыматтар базасын өз алдынча түзөт.
4-глава. Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоону өткөрүү тартиби
17. Өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал режиминин шарттарында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-февралындагы № 76 «Аралыктан билим берүү технологияларын колдонууну жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген Жогорку жана орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү программаларын ишке ашырууда аралыктан билим берүү технологияларын колдонуу тартибине ылайык аралыктан билим берүү технологияларын колдонуу менен онлайн режиминде бүтүрүүчүлөрдү жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоодон өткөрүүгө жол берилет.
Ошол эле учурда жашырындуулук режимин сактоону талап кылган, жеткиликтүүлүгү чектелген грифи бар дисциплиналар боюнча, ошондой эле маданият жана искусство ЖКБ билим берүү уюмдарында атайын чыгармачыл дисциплиналар боюнча аралыктан билим берүү технологияларын колдонуу менен онлайн режиминде бүтүрүүчүлөрдү жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоодон өткөрүүгө жол берилбейт.
Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жерде болгон бүтүрүүчүлөр үчүн күтүлбөгөн кырдаалдар пайда болгон учурда жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоо ушул Жободо каралган жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоону өткөрүүнүн бардык жол-жоболорун сактоо менен аралыктан билим берүү технологияларын колдонуу аркылуу онлайн режиминде өткөрүлүшү мүмкүн.
18. Мамлекеттик аттестациялык сынактарды өткөрүү тартиби ЖКБ билим берүү уюму тарабынан ушул Жобонун негизинде иштелип чыгат жана билим алуунун бардык формаларындагы бүтүрүүчүлөргө жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоо башталганга чейин жарым жылдан кечиктирилбестен маалымдалат. Бүтүрүүчүлөр мамлекеттик экзамендердин программалары менен камсыз болушат, аларга даярдоо үчүн зарыл шарттар түзүлөт жана консультациялар өткөрүлөт.
19. Бүтүрүүчү квалификациялык ишти жактоо (жабык тематика боюнча иштерди кошпогондо) мамлекеттик аттестациялоо комиссиясынын ачык жыйынында, анын курамынын үчтөн экисинен кем эмесинин катышуусу менен өткөрүлөт. Мамлекеттик аттестациялык сынактарды өткөрүү жол-жобосу ЖКБ билим берүү уюму тарабынан белгиленет. Мамлекеттик аттестациялоо комиссиясынын ар бир жыйынынын узактыгы күнүнө 6 сааттан ашпоого тийиш.
Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоого киргизилген мамлекеттик аттестациялык сынактардын кайсы түрүнүн болбосун жыйынтыктары ЖКБ билим берүү уюму тарабынан белгиленген баллдык система боюнча «эң жакшы», «жакшы», «канааттандырарлык», «канааттандырарлык эмес» деген бааларга которуу менен бааланат жана комиссиянын жыйындарынын протоколдору белгиленген тартипте таризделгенден кийин ошол эле күнү жарыяланат.
20. Бүтүрүүчү квалификациялык ишти жактоого кесиптик жогорку билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартынын талаптарына ылайык иштелип чыккан кесиптик жогорку билим берүүнүн багыты/адистиги боюнча билим берүү программасын толук көлөмдө өздөштүрүүнү ийгиликтүү аяктаган жана жыйынтыктоочу аттестациялык сынактардын бардык башка түрлөрүнөн ийгиликтүү өткөн бүтүрүүчүлөргө жол берилет.
21. Бүтүрүүчүгө бакалавр, магистр же адис квалификациясын ыйгаруу жана мамлекеттик жана (же) өздүк үлгүдөгү кесиптик жогорку билими жөнүндө диплом берүү тууралуу чечимди мамлекеттик аттестациялоо комиссиясы мамлекеттик аттестациялоо комиссиясынын протоколдору менен таризделген жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоонун оң натыйжалары боюнча кабыл алат.
Мамлекеттик аттестациялоо комиссиясынын чечимдери жабык жыйындарда комиссиянын төрагасынын же анын орун басарынын милдеттүү түрдө катышуусу менен жыйынга катышкан комиссиянын мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштардын саны тең болгон учурда комиссиянын төрагасы (же аны алмаштырган комиссиянын төрагасынын орун басары) чечүүчү добуш укугуна ээ болот. Мамлекеттик аттестациялоо комиссиясынын бардык чечимдери протоколдор менен таризделет.
22. Бардык экзамендерди «эң жакшы», «жакшы» деген бааларга тапшырган жана окуунун бардык мезгилинде жетишүүнүн орточо баллы 3,75тен төмөн эмес (GPA – Grade Point Average) болгон, ошондой эле бардык жыйынтыктоочу аттестациялык сынактарды тапшырган жана бүтүрүүчү квалификациялык ишти «эң жакшы» деген баага жактаган бүтүрүүчүгө артыкчылык диплому берилет (аскердик даярдык боюнча бааны эске албастан). Бүткүл окуу мезгилиндеги студенттин орточо баллы дипломдун тиркемесинде көрсөтүлөт.
23. Негизги билим берүү программасын өздөштүрүүнү аяктаган жана бир же бир нече жыйынтыктоочу аттестациялык сынактардан өтүүдө кесиптик жогорку билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартынын талаптарына даярдыктын ылайык келишин ырастабаган бүтүрүүчүлөрдү ЖКБ билим берүү уюмуна калыбына келтирүүдө аларга ЖКБ билим берүү уюму аныктаган тартипте кайталап жыйынтыктоочу аттестациялык сынактар дайындалат.
Эгерде кайталап жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоо бүтүрүүчү ишти жактоо болуп саналса, анда бүтүрүүчү ЖКБ билим берүү уюмунун окуу планында белгиленген мезгилде жаңы тема боюнча бүтүрүүчү ишти аткарууга тийиш.
Бүтүрүүчү иштин темасы жана тапшырмасы бүтүрүүчү квалификациялык ишти аткаруу үчүн белгиленген мезгил башталганга чейин бекитилет жана 10 календардык күн мурун бүтүрүүчүгө берилет.
24. Жыйынтыктоочу аттестациялык сынактардан кайра өтүү жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоодон биринчи жолу өткөндөн кийин үч айдан эрте эмес жана беш жылдан кеч эмес дайындалат.
Кайталап жыйынтыктоочу аттестациялык сынактар ЖКБ билим берүү уюму тарабынан эки жолудан ашык дайындалышы мүмкүн эмес.
Оң бааны жогорулатуу максатында жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоону кайра тапшырууга жана (же) бүтүрүүчү квалификациялык ишти жактоого жол берилбейт.
25. Жүйөлүү себептер менен (медициналык көрсөтмөлөр, үй-бүлөлүк шарттар боюнча, документ менен тастыкталган) жыйынтыктоочу аттестациялык сынактардан өтпөгөн бүтүрүүчүлөргө ЖКБ билим берүү уюмунан чыгарбастан жыйынтыктоочу аттестациялык сынактардан өтүүгө мүмкүнчүлүк берилиши керек.
Мамлекеттик аттестациялоо комиссияларынын кошумча жыйындары ЖКБ билим берүү уюму тарабынан белгиленген тартипте уюштурулат.
26. ЖКБ билим берүү уюму тарабынан мамлекеттик аттестациялоо комиссиясынын бардык жыйындары видеотартуу менен камсыздалат.
27. Бүтүрүүчүлөрдү жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоодон өткөрүүнүн натыйжалары ЖКБ билим берүү уюмунун окумуштуулар кеңешинин же факультеттин жыйынында мамлекеттик аттестациялоо комиссияларынын төрагаларынын жазуу жүзүндөгү отчетторунун негизинде угулат. Жыйындардын протоколдору жана видеожазуулары, мамлекеттик аттестациялоо комиссияларынын иши жөнүндө отчеттор ЖКБ билим берүү уюмунун архивинде сакталат. Мамлекеттик аттестациялоо комиссияларынын отчеттору адистерди кесиптик даярдоонун сапатын өркүндөтүү боюнча сунуштамалары менен электрондук форматта билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ал аяктагандан кийин эки айлык мөөнөттө берилет. Зарыл болгон учурда билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мамлекеттик аттестациялоо комиссияларынын төрагаларынын отчетторунун түп нускасын сурап алууга укуктуу.
28. ЖКБ билим берүү уюмдарынын мамлекеттик аттестациялоо комиссияларынын ишине мониторинг жүргүзүү билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
5-глава. Мамлекеттик аттестациялоо комиссияларынын
ишине текшерүү жүргүзүү тартиби
29. Мамлекеттик аттестациялоо комиссиясынын бүтүрүүчүгө бакалавр, магистр же адис квалификациясын ыйгаруу жана мамлекеттик жана (же) өздүк үлгүдөгү кесиптик жогорку билими жөнүндө диплом берүү жөнүндө чечими ушул Жобого ылайык жүргүзүлгөн текшерүүнүн натыйжалары менен тастыкталган жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоону өткөрүү тартибин жана (же) билими жөнүндө документтерди берүү тартибин олуттуу бузуулар аныкталган учурда билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан жокко чыгарылышы мүмкүн.
30. Бүтүрүүчүлөрдү жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоодон өткөрүү тартибин бузуулар аныкталган учурда билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган кызматтык (комиссиялык) текшерүү жүргүзүүнү демилгелөөгө милдеттүү.
31. Бүтүрүүчүлөрдү жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоодон өткөрүү тартибин бузууларга төмөнкүлөр кирет:
1) экзаменди өткөрүүнүн, бүтүрүүчү квалификациялык ишти жактоонун белгиленген жол-жобосун же жыйынтыктоочу аттестациялоонун башка формаларын бузуу;
2) бүтүрүүчү тарабынан жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоо убагында тыюу салынган материалдарды, байланыш каражаттарын же башка техникалык каражаттарды жана (же) маалымат сактагычтарды пайдалануу;
3) бүтүрүүчүгө жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоого жол берүү тартибин бузуу;
4) үчүнчү жактардын жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоодон өтүүгө катышуусу;
5) жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоонун натыйжаларын бурмалоо;
6) жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоодон өтүүдө бүтүрүүчүнүн жол берүүнүн же баалоонун натыйжаларына таасирин тийгизген негизсиз катышпай калуусу;
7) билим берүү уюму тарабынан белгиленген жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоону өткөрүү тартибин анын натыйжаларын баалоонун объективдүүлүгүнө жана аныктыгына таасирин тийгизген башка бузуулар.
32. Кызматтык (комиссиялык) текшерүүнүн натыйжалары боюнча аныкталган бузуу фактылары, алардын мүнөзү, ошондой эле аныкталган бузуулардын жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоонун натыйжаларына тийгизген таасирин баалоо камтылган корутунду түзүлөт.
33. Текшерүү жүргүзүлүп жаткан адам милдеттүү түрдө кабарланууга тийиш жана анын позициясын тастыктаган жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөрдү, ошондой эле башка документтерди жана материалдарды берүүгө укуктуу.
34. Кызматтык (комиссиялык) текшерүүнүн корутундусун кароонун натыйжалары боюнча билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат:
1) жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоонун натыйжаларын жараксыз деп таануу;
2) бүтүрүүчүгө жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоодон кайра өтүүгө жол берүү;
3) жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоонун натыйжаларын кайра кароо үчүн негиздердин жоктугу.
35. Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоонун натыйжаларын жараксыз деп таануу жөнүндө чечим мамлекеттик аттестациялоо комиссиясынын чечимин ушул Жободо белгиленген тартипте жокко чыгаруу үчүн негиз болуп саналат.
36. Текшерүүнүн натыйжалары боюнча кабыл алынган чечим Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сот тартибинде даттанылышы мүмкүн.».
2-тиркеме
«2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын кесиптик орто
билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын
бүтүрүүчүлөрүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоо жөнүндө
жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кесиптик орто билим берүү уюмдарында (мындан ары – ОКБ билим берүү уюму) кесиптик орто билим берүү программасы боюнча окууну аяктаган бүтүрүүчүлөрдү жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоо милдеттүү болуп саналат.
2. Бүтүрүүчүлөрдү жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоо аккредитациясы бар ОКБ билим берүү уюмдарында өткөрүлөт жана билим деңгээли жана квалификациясы жөнүндө мамлекеттик жана (же) өздүк үлгүдөгү документ берүү менен аяктайт.
3. Аккредитациясы жок ОКБ билим берүү уюмдарында билим алган бүтүрүүчүлөрдүн бүтүрүүчүлөрдү жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоого жана мамлекеттик үлгүдөгү диплом алууга укугу мамлекеттик ОКБ билим берүү уюмдары аркылуу камсыз кылынат.
4. ОКБ билим берүү уюмунун бүтүрүүчүлөрүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоо үчүн ар бир адистик боюнча мамлекеттик аттестациялоо комиссиясынын курамы бекитилет.
Мамлекеттик аттестациялоо комиссиялары бир календардык жылдын ичинде иштейт.
5. Мамлекеттик аттестациялоо комиссиялары өз ишинде ушул Жобону, кесиптик орто билим берүүнүн конкреттүү адистиктери боюнча мамлекеттик билим берүү стандарттарынын негизинде ОКБ билим берүү уюму тарабынан иштелип чыгуучу окуу-методикалык документтерди жетекчиликке алат.
2-глава. Жыйынтыктоочу мамлекеттик сынактардын түрлөрү
6. Бүтүрүүчүлөрдү жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоо мамлекеттик аттестациялык сынактардын төмөнкү түрлөрүнөн турат:
1) бүтүрүүчү квалификациялык ишти жактоо;
2) мамлекеттик экзамен;
3) жыйынтыктоочу отчетту (бизнес-планды, стартап-долбоорду, колдонмо долбоорду же практикалык колдонууга жана (же) мүмкүн болгон коммерциялык сатууга багытталган башка натыйжаны) аткаруу менен практика (такшалма).
ОКБ билим берүү уюмунун чечими боюнча бүтүрүүчү квалификациялык иш жыйынтыктоочу отчетту (бизнес-планды, стартап-долбоорду, колдонмо долбоорду же практикалык колдонууга жана (же) мүмкүн болгон коммерциялык сатууга багытталган башка натыйжаны) аткаруу менен практикага (такшалмага) алмаштырылышы мүмкүн.
7. Өзүнчө дисциплина боюнча жыйынтыктоочу экзамен бүтүрүүчүнүн окуу программасында каралган материалды өздөштүрүү деңгээлин аныктоого жана тиешелүү мамлекеттик билим берүү стандартында белгиленген ошол дисциплинанын минималдуу мазмунун камтууга тийиш.
8. Бүтүрүүчү квалификациялык иш конкреттүү милдеттерди чечүүдө бүтүрүүчүнүн адистик боюнча билимин системалаштырууга жана бекемдөөгө көмөктөшүүгө, ошондой эле бүтүрүүчүнүн өз алдынча иштөөгө даярдыгынын деңгээлин аныктоого багытталган. Бүтүрүүчү квалификациялык иш дипломдук иш же дипломдук долбоор түрүндө аткарылат. Бүтүрүүчү квалификациялык иштердин тематикасы ОКБ билим берүү уюму тарабынан аныкталат. Бүтүрүүчүгө бүтүрүүчү квалификациялык иштин темасын тандоо, анын ичинде иштеп чыгуунун максатка ылайыктуулугун негиздөө менен өзүнүн темасын сунуштоо укугу берилет. Бүтүрүүчү квалификациялык ишти даярдоодо ар бир бүтүрүүчүгө жетекчи жана консультанттар дайындалат.
Практика (такшалма) өтүүнүн жана бүтүрүүчү квалификациялык иштин ордуна жыйынтыктоочу отчетту аткаруунун тартиби жана мөөнөттөрү ушул Жобонун, кесиптик орто билим берүүнүн тиешелүү мамлекеттик билим берүү стандарттарынын негизинде ОКБ билим берүү уюму тарабынан аныкталат.
9. Бүтүрүүчүлөрдү жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоонун курамына кирген аттестациялык сынактардын убактысынын көлөмү жана түрү (түрлөрү) кесиптик орто билим берүүнүн адистиктери боюнча мамлекеттик билим берүү стандарты менен белгиленет. Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоонун курамына киргизилген аттестациялык сынактар учурдагы жетишүүсүн контролдоонун жана бүтүрүүчүнү орто аралык аттестациялоонун негизинде даярдыгынын деңгээлин баалоо менен алмаштырылбайт.
10. Адистиктер боюнча жыйынтыктоочу дисциплиналар аралык экзамендердин айрым дисциплиналары боюнча жыйынтыктоочу экзамендердин программалары, бүтүрүүчү квалификациялык иштерге талаптар, ошондой эле аттестациялык сынактарда билимди баалоонун критерийлери алар билим берүү уюмунун кеңешинин жыйынында талкуулангандан кийин ОКБ билим берүү уюмунун жетекчиси тарабынан бекитилет.
3-глава. Мамлекеттик аттестациялоо комиссиялары
11. Мамлекеттик аттестациялоо комиссиялары өз ишинде Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы мыйзамдарын, ушул Жобону, кесиптик орто билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарттарын, ОКБ билим берүү уюмдары тарабынан иштелип чыккан окуу-методикалык документтерди жана окуу-методикалык кеңештердин сунуштамаларын жетекчиликке алат.
12. Мамлекеттик аттестациялоо комиссиясынын негизги функциялары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) кесиптик орто билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартынын талаптарына бүтүрүүчүнү даярдоонун шайкештигин аныктоо;
2) жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациянын натыйжасы боюнча квалификацияны ыйгаруу жана бүтүрүүчүгө кесиптик орто билими жөнүндө мамлекеттик/өздүк үлгүдөгү тиешелүү документти берүү жөнүндө чечим кабыл алуу;
3) мамлекеттик аттестациялоо комиссиясынын ишинин натыйжасынын негизинде бүтүрүүчүлөрдү даярдоону өркүндөтүүгө багытталган сунуштамаларды иштеп чыгуу.
13. Мамлекеттик аттестациялоо комиссиясынын төрагасы тиешелүү профилдеги бүтүрүүчүлөр үчүн потенциалдуу иш берүүчү болуп саналган ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын өкүлдөрү, ал эми алар жок болгон учурда – ошол профилдеги/адистиктеги илимдин доктору же кандидаты болууга тийиш. Төрага ошол ОКБ билим берүү уюмунда иштебеген адам болууга тийиш. Бир эле адам катары менен эки жылдан ашык мамлекеттик аттестациялоо комиссиясынын төрагасы боло албайт.
ОКБ билим берүү уюму ар бир адистик боюнча мамлекеттик аттестациялоо комиссияларынын төрагаларынын маалыматтар базасын өз алдынча түзөт.
14. Мамлекеттик аттестациялоо комиссиясы ОКБ билим берүү уюмунун окутуучуларынын жана башка мекемелерден чакырылган адамдардын: иш берүүчүлөрдүн, башка билим берүү уюмдарынын окутуучуларынын жана бүтүрүүчүлөрдү даярдоо профили боюнча ишканалардын, уюмдардын, мекемелердин адистеринин ичинен түзүлөт. Мамлекеттик аттестациялоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн курамы жана төрагасы билим берүү уюмунун жетекчиси тарабынан бекитилет.
4-глава. Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоону өткөрүү тартиби
15. Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоого кирген аттестациялык сыноолорду өткөрүүнүн шарттары ОКБ билим берүү уюму тарабынан аныкталат жана жыйынтыктоочу аттестациялоо башталганга чейин алты айдан кечиктирбестен бүтүрүүчүлөргө маалымдалат. Бүтүрүүчүлөр экзамендердин программалары менен камсыз болот, аларга даярдануу үчүн зарыл шарттар түзүлөт, анын ичинде консультациялар берилет.
16. Өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал режиминин шарттарында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-февралындагы № 76 «Аралыктан билим берүү технологияларын колдонууну жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген кесиптик жогорку жана орто билим берүүнүн билим берүү программаларын ишке ашырууда аралыктан билим берүү технологияларын колдонуу тартибине ылайык аралыктан билим берүү технологияларын колдонуу менен онлайн режиминде бүтүрүүчүлөрдү жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоону өткөрүүгө жол берилет.
Ошол эле учурда купуялуулук режимин сактоону талап кылган, жеткиликтүүлүгү чектелген грифи бар дисциплиналар боюнча, ошондой эле маданият жана искусство ОКБ билим берүү уюмдарында атайын чыгармачыл дисциплиналар боюнча аралыктан билим берүү технологияларын колдонуу менен онлайн режиминде бүтүрүүчүлөрдү жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоону өткөрүүгө жол берилбейт.
Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары болгон бүтүрүүчүлөр үчүн күтүлбөгөн кырдаалдар пайда болгон учурда жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоо ушул Жободо каралган жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоону өткөрүүнүн бардык жол-жоболорун сактоо менен аралыктан билим берүү технологияларын колдонуу менен онлайн режиминде өткөрүлүшү мүмкүн.
17. Адистик боюнча жыйынтыктоочу дисциплиналар аралык экзаменге жана бүтүрүүчү квалификациялык ишти жактоого негизги кесиптик билим берүү программаларынын бири боюнча толук окуу курсун аяктаган жана окуу планында каралган бардык мурунку аттестациялык сынактардан ийгиликтүү өткөн бүтүрүүчүлөр киргизилет.
Өзүнчө дисциплина боюнча жыйынтыктоочу экзамен кесиптик билим берүү программасы боюнча толук окуу курсун аяктаганга чейин жүргүзүлүшү мүмкүн.
18. Жыйынтыктоочу экзамендерди тапшыруу жана бүтүрүүчү квалификациялык ишти жактоо аттестациялоо комиссиясынын курамынын үчтөн экисинен кем эмесинин катышуусу менен ачык жыйынында өткөрүлөт.
19. Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоого киргизилген мамлекеттик аттестациялык сынактардын натыйжалары ОКБ билим берүү уюму тарабынан белгиленген баллдык система боюнча «эң жакшы», «жакшы», «канааттандырарлык», «канааттандырарлык эмес» деген бааларга которуу менен бааланат жана комиссиянын жыйындарынын протоколдору белгиленген тартипте таризделгенден кийин ошол эле күнү жарыяланат.
20. Мамлекеттик аттестациялоо комиссияларынын чечимдери жабык жыйындарында комиссия мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштардын саны бирдей болгондо төраганын добушу чечүүчү болуп саналат.
21. ОКБ билим берүү уюмунун бүтүрүүчүсүнө тиешелүү квалификацияны ыйгаруу жана ага кесиптик орто билими жөнүндө документти берүү жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоого киргизилген аттестациялык сынактардын бардык белгиленген түрлөрүн ийгиликтүү өткөн шартта жүзөгө ашырылат.
22. Бардык экзамендерди «эң жакшы», «жакшы» деген баага тапшырган жана окутуунун бардык мезгилинде орточо баллы (GPA – Grade Point Average) 3,75тен төмөн эмес болгон, ошондой эле бардык мамлекеттик аттестациялык сынактарды тапшырган жана бүтүрүүчү квалификациялык ишти «эң жакшы» деген баага жактаган бүтүрүүчүгө артыкчылык менен диплом берилет. Бүтүрүүчүнүн жалпы окуу мезгилиндеги орточо баллы дипломдун тиркемесинде көрсөтүлөт.
23. Жүйөлүү себептер менен (медициналык көрсөткүчтөр, үй-бүлөлүк шарттар, документ менен ырасталган) жыйынтыктоочу аттестациялык сыноолордон өтпөгөн бүтүрүүчүлөргө ОКБ билим берүү уюмунан чыгарбастан, жыйынтыктоочу аттестациялык сыноолордон өтүүгө мүмкүнчүлүк берилүүгө тийиш.
Мамлекеттик аттестациялоо комиссияларынын кошумча жыйындары ОКБ билим берүү уюму тарабынан белгиленген тартипте уюштурулат.
Жыйынтыктоочу аттестациялык сыноолордон өтпөгөн бүтүрүүчүлөргө жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоодон кайра өтүүгө үч айдан эрте эмес жана жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоодон биринчи жолу өткөндөн кийин беш жылдан кечиктирилбестен жол берилет.
Оң бааны жогорулатуу максатында жыйынтыктоочу аттестациялык сыноолорду кайра тапшырууга жол берилбейт.
24. ОКБ билим берүү уюму тарабынан мамлекеттик аттестациялоо комиссиясынын бардык жыйындары видеотартуу менен камсыздалат.
25. Бүтүрүүчүлөрдү жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоонун натыйжалары ОКБ билим берүү уюмунун педагогикалык кеңешинин жыйынында мамлекеттик аттестациялоо комиссияларынын төрагаларынын жазуу жүзүндөгү отчетторунун негизинде угулат. Мамлекеттик аттестациялоо комиссиясынын жыйынындарынын протоколдору жана видеожазуулары, ишинин отчеттору ОКБ билим берүү уюмунун архивинде сакталат. Мамлекеттик аттестациялоо комиссияларынын отчеттору адистерди кесиптик даярдоонун сапатын өркүндөтүү боюнча сунуштамалар менен электрондук вариантта билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ал аяктагандан кийин эки айлык мөөнөттө берилет. Зарыл болгон учурда билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мамлекеттик аттестациялоо комиссияларынын төрагаларынын отчетторунун түп нускасын сурап алууга укуктуу.
26. ОКБ билим берүү уюмдарынын мамлекеттик аттестациялоо комиссияларынын ишине мониторинг жүргүзүү билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.
5-глава. Мамлекеттик аттестациялоо комиссияларынын
ишине текшерүү жүргүзүү тартиби
27. Мамлекеттик аттестациялоо комиссиясынын бүтүрүүчүгө квалификация ыйгаруу жана кесиптик орто билими жөнүндө диплом берүү жөнүндө чечими ушул Жобого ылайык жүргүзүлгөн текшерүүнүн натыйжалары менен ырасталган жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоону өткөрүү тартибин жана (же) билими жөнүндө документтерди берүү тартибин олуттуу бузуулар аныкталган учурда билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан жокко чыгарылышы мүмкүн.
28. Бүтүрүүчүлөрдү жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоону өткөрүү тартибин бузуулар аныкталган учурда билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган кызматтык (комиссиялык) текшерүү жүргүзүүнү демилгелөөгө милдеттүү.
29. Бүтүрүүчүлөрдү жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоону өткөрүү тартибин бузууларга төмөнкүлөр кирет:
1) экзаменди өткөрүүнүн, бүтүрүүчү квалификациялык ишти жактоонун же жыйынтыктоочу аттестациялоонун башка формаларынын белгиленген жол-жобосун бузуу;
2) бүтүрүүчүнүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоо учурунда тыюу салынган материалдарды, байланыш каражаттарын же башка техникалык каражаттарды жана (же) маалымат сактагычтарды пайдалануусу;
3) бүтүрүүчүгө жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоого жол берүү тартибин бузуу;
4) үчүнчү жактардын жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоодон өтүүгө катышуусу;
1. жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоонун натыйжаларын бурмалоо;
6) жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоодон өтүүдө бүтүрүүчүнүн жол берүүнүн же баалоонун натыйжасына таасирин тийгизген негизсиз катышпай калуусу;
7) билим берүү уюму тарабынан белгиленген жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоону өткөрүү тартибин анын натыйжаларын баалоонун объективдүүлүгүнө жана аныктыгына таасирин тийгизген башка бузуулар.
30. Кызматтык (комиссиялык) текшерүүнүн натыйжалары боюнча аныкталган бузуу фактылары, алардын мүнөзү, ошондой эле аныкталган бузуулардын жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоонун натыйжаларына тийгизген таасирин баалоо камтылган корутунду түзүлөт.
31. Текшерүү жүргүзүлүп жаткан адам милдеттүү түрдө кабарланууга тийиш жана анын пикирин ырастаган жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөрдү, ошондой эле башка документтерди жана материалдарды берүүгө укуктуу.
32. Кызматтык (комиссиялык) текшерүүнүн корутундусун кароонун натыйжасы боюнча билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат:
1) жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоонун натыйжаларын жараксыз деп таануу;
2) бүтүрүүчүгө жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоодон кайра өтүүгө жол берүү;
3) жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоонун натыйжаларын кайра карап чыгуу үчүн негиздердин жоктугу.
33. Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоонун натыйжаларын жараксыз деп таануу жөнүндө чечим мамлекеттик аттестациялоо комиссиясынын чечимин ушул Жободо белгиленген тартипте жокко чыгарууга негиз болуп саналат.
34. Текшерүүнүн натыйжасы боюнча кабыл алынган чечим Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сот тартибинде даттанылышы мүмкүн.».