Загрузка документа…
ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Орловка шаарынын кеңешинин ХХIХ чакырылышынын
ХIV кезексиз сессиясы
2026-жылдын 8-апрели № 97/14-29
Башка айыл өкмөттөрдүн жайыт пайдалануучулары үчүн жайыттарды пайдалануу тарифтерин бекитүү жөнүндө
Орловка шаарынын аймагындагы жайыттарды рационалдуу пайдалануу максатында “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 39 жана 34-беренелерине ылайык, депутат А.А.Абираевдин маалыматын угуп жана талкуулап Орловка шаарынын кеңеши токтом кылат:
1. Башка айыл өкмөттөрдүн жайыт пайдалануучулары үчүн жайыттарды пайдалануу тарифтери төмөндөгүдөй бекитилсин:
- бир баш бодо малга жылына –300 (үч жүз) сом;
- бир баш жылкыга жылына – 300 (үч жүз) сом;
- бир баш майда малга жылына– 70 (жетимиш) сом
2. Бул токтом тиркемеси менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий веб-сайтында жарыялансын.
3. Шаардык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү тиркемеси менен ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышы Орловка шаарынын мэри А.А.Койшыбаевге жүктөлсүн.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын кеңешинин жер, курулуш, архитектура жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганы орун басары |
| Х.С.Мамедов |