Загрузка документа…
Көңүл буруңуздар!
Ушул токтом
2027-жылдын 1-апрелине
чейин колдонулат
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ
2026-жылдын 10-июну № 2026-П-12/34-5-(БС)
Тигүү тармагынын ишкердик субъекттерине
берилген кредиттерди кайра каржылоо маселелери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын банк системасынын натыйжалуулугун жана коопсуздугун камсыз кылуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген долбоорду ишке ашыруунун алкагында финансы-кредит уюмдары, төмөнкү шарттар аткарылган учурда, потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга 5% өлчөмүндө тиешелүү резерв (мындан ары – РППУ) түзүү менен кайра каржылоо максатында тигүү тармагындагы ишкердик субъекттерине жаңыдан берилген кредиттерди «байкоого алынган актив» категориясына классификациялоого укуктуу:
- тигүү тармагындагы ишкердик субъекттери кеминде 12 ай иштесе, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык иштеп, салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча аткарылбаган милдеттенмелери жок болсо;
- эсептөөлөр документ менен тастыкталып, карыз алуучунун финансылык абалына кылдат талдоо жүргүзүлсө (тиешелүү эсептөөлөр, финансылык көрсөткүчтөр менен);
- финансы-кредит уюму карыз алуучуга төлөөлөрдү жаңы графикке ылайык төлөө мүмкүнчүлүгүн бериши мүмкүн болсо (такталган, документ менен тастыкталган финансылык маалыматтардын негизинде);
- негизги карызды төлөө боюнча жеңилдик берилген мезгил аралыгы 6 (алты) айдан ашпаса;
- акыркы реструктуризациялоодон 1 (бир) жылдан ашык убакыт өтсө.
Жогоруда көрсөтүлгөн кайра каржыланган кредит боюнча мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз аныкталган учурда, финансы-кредит уюму төмөнкү классификацияны колдонууга тийиш:
Классификация категориясы | Пландаштырылган төлөмдөрдүн мөөнөтү өтүп кеткен календардык күндөрдүн саны | РППУ, % |
Байкоого алынган | 4-29 | 10 |
Субстандарттык | 30-59 | 25 |
Шектүү | 60-89 | 50 |
Жоготуулар | 90 же андан көп | 100 |
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын жөнгө салуучу талаптарынын ушул токтомго каршы келбеген бөлүгү гана финансы-кредит уюмдарга карата колдонулат.
3. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана 2027-жылдын 1-апрелине чейин колдонулат.
2026-жылдын 11-июнунда https://www.nbkr.kg/contout.jsp?item=2145&lang=KGZ&material=132463 расмий сайтында жарыяланды
4. Юридика башкармалыгы:
- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 1 (бир) жумуш күнү ичинде токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын;
- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
5. Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, «Микрофинансылык уюмдарынын ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, коммерциялык банктарды жана микрофинансылык уюмдарды тааныштырсын.
6. Башкарманын катчылыгы бөлүмү ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
7. Токтомдун аткарылышын контролдоо Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.
Төрага | А. Бакетаев |