Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 4-июну № 404-т
Мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Кочкор районунун Ормон-Хан айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 23-декабрындагы № 13/3 токтомун көңүлгө алып, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-статьясына, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренесинин 9, 10-пункттарына, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Кочкор районунун Ормон-Хан айылындагы муниципалдык менчик болуп саналган «Ормон-Хан» сейил багынын аймагында жайгашкан, мамлекеттик менчикте жана Кочкор райондук суу чарба башкармалыгынын балансында турган жамгырлатып сугаруу ирригациялык системасын Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Кочкор районунун Ормон-Хан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине белгиленген тартипте өткөрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Кочкор районунун Ормон-Хан айыл аймагынын айыл өкмөтүнө төмөнкүлөр сунушталсын:
1) ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн объектти муниципалдык менчикке кабыл алуу жана сакталышын камсыз кылуу;
2) ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн объектти максаттуу багыты боюнча гана пайдалануу;
3) ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн объектти мамлекеттик кайра каттоону жүргүзүү;
4) ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн объектти андан ары ээликтен ажыратпоо;
5) ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн объектти күтүүнү жана андан ары тейлөөнү жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүү.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.А. Касымалиев