РаспоряжениеКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин от 10 июня 2026 года № 424-т «Кыргыз Республикасында илим жана инновациялык технологиялар чөйрөсүндө фундаменталдык жана колдонмо изилдөөлөр боюнча координациялык кеңештин курамын бекитүү туралуу»

Редакция10.06.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

РАСПОРЯЖЕНИЕ КАБИНЕТА МИНИСТРОВ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ

 

от 10 июня 2026 года № 424-т

 

 

 

«Илим жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-январындагы № 47 «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын маселелери жөнүндө» токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында илим жана инновациялык технологиялар чөйрөсүндө фундаменталдык жана колдонмо изилдөөлөр боюнча координациялык кеңеш жөнүндө жобонун 13-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

 

Кыргыз Республикасында илим жана инновациялык технологиялар чөйрөсүндө фундаменталдык жана колдонмо изилдөөлөр боюнча координациялык кеңештин курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы                   А.А. Касымалиев