Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ
2026-жылдын 10-июну № 2026-П-09/34-3-(БС)
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын
2013-жылдын 28-мартындагы № 10/15 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы
тарабынан чет өлкө валюталарынын кыргыз сомуна карата расмий курстарын аныктоо
эрежелерин бекитүү тууралуу»
токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9, 25 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы № 10/15 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чет өлкө валюталарынын кыргыз сомуна карата расмий курстарын аныктоо эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр киргизилсин (тиркелет).
2. Токтом 2026-жылдын 15-июнунан тартып күчүнө кирет.
3. Юридика башкармалыгы:
- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын;
- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
2026-жылдын 11-июнунда https://www.nbkr.kg/contout.jsp?item=2145&lang=KGZ&material=132464 расмий сайтында жарыяланды
4. Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен коммерциялык банктарды, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигин, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматын, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетин, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Акча-кредиттик операциялар башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.
Төрага | А. Бакетаев |
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2026-жылдын 10-июнундагы № 2026-П-09/34-3-(БС) токтомуна тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын
2013-жылдын 28-мартындагы № 10/15 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы
тарабынан чет өлкө валюталарынын кыргыз сомуна карата расмий курстарын аныктоо
эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы № 10/15 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чет өлкө валюталарынын кыргыз сомуна карата расмий курстарын аныктоо эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чет өлкө валюталарынын кыргыз сомуна карата расмий курстарын аныктоо эрежелеринин:
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чет өлкө валюталарынын кыргыз сомуна карата расмий курстарын аныктоо эрежелерине карата 2-тиркеме төмөнкү мазмундагы 44, 45 жана 46-пункттар менен толукталсын:
«44. Бахрейн динары.
45. Вьетнам донгу.
46. Тай баты.».