Редакцияот 24.06.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

 

2026-жылдын 24-июну № 233

 

Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн

чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок

адамдардын укуктук абалын жөнгө салуу боюнча

чаралар жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын аймагында миграциялык мыйзамдарды бузуу менен жүргөн чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктук абалын (статусун) жөнгө салуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 70, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:

 

1. Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын миграциялык мыйзамдарын бузуу менен жүргөн чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга Кыргыз Республикасынын аймагынан 2026-жылдын 1-июлунан тартып 31-июлуна чейин чыгып кетүү мүмкүндүгү берилсин.

2. Визасынын, жашап турууга уруксатынын колдонуу мөөнөтү өткөн же болбосо жашап турууга уруксаты жокко чыгарылган, жүрүүгө укугун ырастоочу документтери (каттоосу, эмгек ишин жүзөгө ашырууга уруксаты) жок же болбосо мөөнөтү өтүп кеткен мындай документтерди колдонгон, же болбосо мыйзамдуу жүрүү мөөнөтү өткөндөн кийин Кыргыз Республикасынан чыгуудан баш тарткан, ошондой эле кирүүдө билдирилгенге шайкеш келбеген максатта Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам ушул Жарлыкта белгиленген мөөнөттө Кыргыз Республикасынын аймагынан өз ыктыяры менен чыгып кеткен учурда, Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында каралган жоопкерчиликтен, ошондой эле чыгуу визасын тариздөө үчүн төлөмдөн бошотулат деп аныкталсын.

3. Тышкы миграция жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар ушул Жарлыкты ишке ашыруу боюнча, анын ичинде маалыматтык-түшүндүрүү иш-чараларын өткөрүү боюнча толук чараларды көрсүн.

4. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 26-июнундагы № 47 (3807) саны менен жарыяланды.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

С.Н. Жапаров