Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 28-апрели № 151
Кыргыз Республикасынын Президентинин
2024-жылдын 28-июнундагы № 170 «Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасынын жана социалдык стационардык мекемелеринин кызматкерлерине
эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө»
Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарынын медициналык кызматкерлерине эмгек акы төлөө системасын өркүндөтүү, мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарына врачтарды ишке тартуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 28-июнундагы № 170 «Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасынын жана социалдык стационардык мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбулада «алыскы райондордогу, чакан шаарлардагы жана айыл жергесиндеги» деген сөздөр «Бишкек жана Ош шаарларынан тышкары республиканын калктуу конуштарындагы» деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) 2024-жылдын 1-июлунан 2025-жылдын 31-декабрына чейин:
– клиникалык ординаторлорго жана интерн-врачтарга алыскы райондордогу, чакан шаарлардагы жана айыл жергесиндеги саламаттык сактоо уюмдарында жогорку окуу жайынан кийинки окутуудан өтүү мезгилине, андан ары жер-жерлерде иштөө үчүн саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен түзүлгөн контракт боюнча төлөнүүчү 20 000 (жыйырма миң) сом өлчөмүндө стипендия;
– Алыскы райондордо, чакан шаарларда жана айыл жергесинде жайгашкан саламаттык сактоо уюмдарында иштеген дарыгерлерге кошумча түрткү берүү программасы боюнча иштеген врачтарга негизги иштеген жери боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен түзүлгөн контракттын же келишимдин негизинде саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан квартал сайын төлөнүүчү 66 000 (алтымыш алты миң) сом өлчөмүндө врачтын депозитинин суммасы;
– саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген реестр боюнча алыскы райондордогу, чакан шаарлардагы жана айыл жергесиндеги саламаттык сактоо уюмдарында иштеген, талап кылынган врач адистерге (педиатрлар, неонатологдор, жалпы хирургия врачтары, анестезиолог-реаниматологдор) түзүлгөн келишимдерге ылайык 22 222 (жыйырма эки миң эки жүз жыйырма эки) сом 50 тыйын өлчөмүндө компенсациялык төлөмдөр;
2) 2026-жылдын 1-январынан тартып:
– Бишкек жана Ош шаарларынан тышкары республиканын калктуу конуштарындагы саламаттык сактоо уюмдарында жогорку окуу жайынан кийинки окутуудан өтүү мезгилине, андан ары жер-жерлерде иштөө үчүн саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен түзүлгөн контракт боюнча клиникалык ординаторлорго жана интерн-врачтарга төлөнүүчү 20 000 (жыйырма миң) сом өлчөмүндө стипендия;
– Алыскы райондордо, чакан шаарларда жана айыл жергесинде жайгашкан саламаттык сактоо уюмдарында иштеген дарыгерлерге кошумча түрткү берүү программасы боюнча иштеген, саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген саламаттык сактоо уюмдарынын реестри боюнча иштеген врачтарга саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан негизги иштеген жери боюнча түзүлгөн контракттын же келишимдин негизинде квартал сайын төлөнүүчү 66 000 (алтымыш алты миң) сом өлчөмүндө врачтын депозитинин суммасы;
– саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген реестр боюнча Бишкек жана Ош шаарларынан тышкары республиканын калктуу конуштарындагы саламаттык сактоо уюмдарында иштеген, талап кылынган врач адистерге (педиатрлар, неонатологдор, жалпы хирургия врачтары, анестезиолог-реаниматологдор) түзүлгөн келишимдерге ылайык 22 222 (жыйырма эки миң эки жүз жыйырма эки) сом 50 тыйын өлчөмүндө компенсациялык төлөмдөр;
3) 2024-жылдын 1-июлунан тартып Бишкек жана Ош шаарларынын медициналык тез жардам врачтарына өзгөчө эмгек шарттары үчүн саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан негизги иштеген жери боюнча төлөнүүчү 22 222 (жыйырма эки миң эки жүз жыйырма эки) сом 50 тыйын өлчөмүндө компенсациялык төлөмдөр.»;
3) 3-пунктта:
– 2-пунктча күчүн жоготту деп таанылсын;
– 3-пунктчада:
экинчи абзацта «алыскы райондордогу, чакан шаарлардагы жана айыл жергесиндеги» деген сөздөр «Бишкек жана Ош шаарларынан тышкары республиканын калктуу конуштарындагы» деген сөздөргө алмаштырылсын;
үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«– саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген реестр боюнча Бишкек жана Ош шаарларынан тышкары республиканын калктуу конуштарындагы саламаттык сактоо уюмдарында иштеген, талап кылынган врач адистерге компенсациялык төлөмдөрдү;».
2. Бул Жарлык расмий жарыяланууга тийиш жана 2024-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
С.Н. Жапаров |