Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 20-июну № 431
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
салык салуу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине
өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 «Салык салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамын ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 «Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 99, 100, 120, 125, 302 жана 324-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Салык органдары тарабынан камералык текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жободо:
– 3-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Ыйгарым укуктуу салык органы салыктык милдеттенмелерди эсептөөнүн тууралыгы бөлүгүндө салык төлөөчүнүн ишинин көрсөткүчтөрүнүн дал келбестиктери жөнүндө, ошондой эле салыктык отчеттуулукту толтурууда салык төлөөчү тарабынан кетирилген башка каталарды күбөлөндүрүүчү маалыматтарды алган учурда ыйгарым укуктуу салык органы бул маалыматтарды салык органына камералык же көчмө текшерүү жүргүзүү үчүн жиберет.»;
– 7-пункттун биринчи абзацында «ар бир» деген сөздөр алып салынсын;
– 11-пункттун 7-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«7) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин аймактарынан Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды импорттоодо кыйыр салыктарды (КНС, акциз) эсептөөнүн тууралыгын, анын ичинде ыйгарым укуктуу салык органынын тобокелдиктерди башкаруу системасына ылайык тобокелдик белгилери бар КНС салык базасы колдонулган товарлар боюнча;»;
– 18-пункттун экинчи абзацында «салык кызматы органы» деген сөздөр «салык органы» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 25-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«25. Салык төлөөчү кабарлоого каршы пикири менен кошо кошумча документтерди, анын ичинде салыктык жана башка отчеттуулукта чагылдырылган маалыматтардын аныктыгын тастыктоочу күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрдү же эсепке алуу документтеринин көчүрмөлөрүн берүүгө укуктуу, алар салык органы тарабынан камералык текшерүүнүн натыйжалары боюнча чечим кабыл алууда каршы пикир менен бирге каралат.»;
– 28-пунктта «берүү үчүн салык төлөөчүгө берилген мөөнөт аяктагандан кийин» деген сөздөр «алган күндөн кийинки» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 30-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«30. Салык төлөөчү тарабынан салык төлөөчүнүн ишинин көрсөткүчтөрүндө дал келбестиктер табылгандыгы жөнүндө билдирүүгө каршы пикир берилбеген же болбосо салыктык же башка отчеттуулукка тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилбеген учурда камералык текшерүүнүн натыйжалары жөнүндө чечим салык органы тарабынан салык төлөөчүнүн ишинин көрсөткүчтөрү шайкеш келбегени табылгандыгы жөнүндө маалымкат жана билдирүү салык төлөөчүгө тапшырылгандан кийинки күндөн тартып 15 календардык күндөн эрте эмес чыгарылууга тийиш.»;
– 35-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
«Камералык текшерүүнүн натыйжалары жөнүндө чечим ошондой эле салык төлөөчүгө электрондук документ түрүндөгү кат-кабарларды кабыл алууга анын макулдугусуз салык мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасы же башка маалыматтык системалар аркылуу жиберилиши мүмкүн.»;
– 38-пунктта «салык кызматынын органдары» деген сөздөр «салык органдары» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 42-пунктта «же пландан тышкаркы көчмө текшерүүлөрдү жана/же кайра текшерүүлөрдү жүргүзүүдө» деген сөздөр алып салынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 178 «Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 126, 326–329-беренелеринин, «Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кошумча нарк салыгынан ашкан сумманын негиздүүлүгүн жана өлчөмүн камералдык текшерүү жүргүзүү тартиби, кошумча нарк салыгынан ашкан сумманын ордун толтуруу жана кайтаруу тартиби жана товарлардын экспортун ырастоочу документтердин тизмеги жөнүндө жободо:
– 4-главанын аталышында «арызды» деген сөз «арыздарды» деген сөзгө алмаштырылсын;
– 12-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«12. КНС төлөөчү доонун эскирүү мөөнөтүнүн ичинде арыз бере алат:
1) КНСтен ашкан сумманын негиздүүлүгүн жана өлчөмүн камералдык текшерүүнү жүргүзүүгө;
2) камералдык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча ырасталган КНСтен ашкан сумманын ордун толтуруу жана кайтарып берүү жөнүндө.
Арыздардын формалары ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилет.»;
– 13-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«13. Салык органына КНСтен ашкан сумманын негиздүүлүгүн жана өлчөмүн камералдык текшерүү жүргүзүүгө арыз берилген учурда, КНС төлөөчү төмөнкүнү кошо алганда, документтердин өзүнүн мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн берүүгө милдеттүү:»;
– 15–17-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
– 19, 20-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«19. Эгерде КНС төлөөчүгө анын салыктык милдеттенмелерине байланыштуу кылмыш иши козголсо, КНСтен ашкан сумманын негиздүүлүгүн жана өлчөмүн камералдык текшерүүгө жана камералдык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча ырасталган КНСтен ашкан сумманын ордун толтуруу жана кайтарып берүү жөнүндө арыздар каралбайт.
20. Ыйгарым укуктуу салык органында КНС менен байланышкан маселелер боюнча салыктык текшерүүнүн натыйжалары боюнча салык органынын чечимине даттанууларды кароо мөөнөтүнүн ичинде КНСтен ашкан сумманын негиздүүлүгүн жана өлчөмүн камералдык текшерүү жүргүзүүгө жана камералдык текшерүүнүн натыйжалары боюнча ырасталган КНСтен ашкан сумманын ордун толтуруу жана кайтарып берүү жөнүндө арыздар каралбайт.»;
– 5-глава төмөнкүдөй мазмундагы 301–305-пункттар менен толукталсын:
«301. КНСтен ашкан сумманын негиздүүлүгүн жана өлчөмүн камералдык текшерүү жүргүзүүнүн натыйжалары боюнча КНСтен ашкан сумманы ырастоо жөнүндө салык органынын чечиминин негизинде салык төлөөчү импортко КНС боюнча милдеттенмелерди төлөө эсебине, салыктардын башка түрлөрү жана салык агенти тарабынан кармалуучу КНС боюнча салыктык карыздарды төлөө эсебине камералдык текшерүү жүргүзүүнүн натыйжалары боюнча ырасталган КНСтен ашкан сумманын ордун толтуруу жана кайтарып берүү, ошондой эле банктык эсепке кайтарып берүү жөнүндө арыз берет.
302. Бул Жобонун 3-пунктунун 3-пунктчасына жана 8-пунктунун 2-пунктчасына ылайык КНСтен ашкан сумманын ордун толтурууда жана кайтарып берүүдө КНС төлөөчү ички керектөө үчүн чыгаруунун бажы жол-жобосуна жайгаштыруу шартында Кыргыз Республикасынын бажы органдары тарабынан алынуучу импортко КНС төлөө боюнча милдеттенмелер пайда болгон товарларды Кыргыз Республикасындагы ЕАЭБдин бажы аймагына ташып келүү фактысы жөнүндө ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча бажылык тариздөө жүргүзүүчү бажы органынын белгиленген үлгүдөгү маалымкатын салык органына берүүгө милдеттүү.
Маалымкат Кыргыз Республикасындагы ЕАЭБдин бажы аймагына товарлардын жана транспорт каражаттарынын иш жүзүндө келип түшүүсүндө, аларга товар коштоочу документтер болгондо жана ошондо Кыргыз Республикасынын бажы органдары тарабынан алынуучу импортко КНС төлөө боюнча милдеттенме келип чыкканда, бул Жобонун 2-тиркемесине ылайык форма боюнча бажы органына арызды КНС төлөөчү берген күндөн тартып 2 (эки) календардык күндөн кечиктирилбестен бажы органы тарабынан берилет.
Орду толтурулган КНСтен ашкан сумманы колдонууну контролдоо ички керектөө үчүн чыгаруунун бажы жол-жобосуна жайгаштыруу шартында Кыргыз Республикасынын бажы органдары тарабынан алынуучу импортко КНС төлөө боюнча милдеттенмелер пайда болгон товарларды Кыргыз Республикасындагы ЕАЭБдин бажы аймагына ташып келүү фактысы жөнүндө маалымкат берген бажы органы тарабынан жүргүзүлөт.
Орду толтурулган КНСтен ашкан сумма берилген маалымкатта көрсөтүлгөн ташып келинген товарларга карата гана колдонулат.
303. КНСтен ашкан сумманы банктык эсепке кайтарып берүүдө КНС төлөөчү салык органына бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын импортко КНС боюнча карызынын жоктугу жөнүндө маалымкатты бул Жобонун 3-тиркемесине ылайык форма боюнча берүүгө милдеттүү.
Маалымкат бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан КНС төлөөчү кайрылган күндөн тартып 5 (беш) жумуш күндөн кечиктирбестен берилет.
304. Ыйгарым укуктуу салык органы менен бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ортосундагы ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү аркылуу бажы төлөмдөрү боюнча карызынын болушу же жоктугу жөнүндө маалыматтар ырасталган учурда жазуу жүзүндөгү ырастоо берилбейт.
305. Салык органы камералдык текшерүүнүн натыйжалары боюнча ырасталган КНСтен ашкан сумманын ордун толтуруу жана кайтарып берүү жөнүндө арыз келип түшкөн күндөн кийинки күндөн тартып 7 (жети) календардык күндүн ичинде КНСтен ашкан сумманын негиздүүлүгүн жана өлчөмүн камералдык текшерүүнүн натыйжалары боюнча ырасталган КНСтен ашкан сумманын ордун толтуруу жана кайтарып берүү жөнүндө же баш тартуу жөнүндө чечим чыгарат.»;
– 33-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«33. Салык органы КНС төлөөчүдөн ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген форма боюнча жөнөкөйлөтүлгөн тартип боюнча КНСтен ашкан сумманы кайтарып берүү жөнүндө арызды алган күндөн кийинки 5 (беш) жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 328-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн шартка ылайык келүүсүн, ошондой эле КНСтен ашкан суммалардын негизсиз пайда болуу тобокелдигинин төмөнкүдөй факторлорунун бар же жок экендигин карайт:
1) КНС төлөөчүнүн КНСти кайтарып берүүгө арыз берилген күнгө карата ишинин мөөнөтү 24 календардык айдан аз;
2) КНС төлөөчү тарабынан КНСти кайтарып берүүгө арыз берилген күнгө карата 12 календардык айдан аз экспорттук берүүлөрдү жүзөгө ашыруу;
3) толуктап эсептелген салыктардын суммасынын акыркы эки салыктык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча текшерилген мезгилдеги салыктык милдеттенмелердин жалпы суммасынан 10 пайызга ашуусу;
4) ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу салык органдарынан алынган товарларды ташып кирүү жана кыйыр салыктын төлөнгөн суммалары жөнүндө электрондук түрдөгү маалыматтын салык кызматынын маалыматтык системасында жоктугу жана/же ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагына экспорттук берүүлөр жүзөгө ашырылган учурда, алардын КНС төлөөчүнүн салык отчетунан айырмачылыгы;
5) КНС боюнча салык отчетторунун маалыматтарын жана/же электрондук эсеп-фактуралардын маалыматтык системасынын маалыматтарын талдоонун жыйынтыктары боюнча аныкталган товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүчүлөрдүн көрсөткүчтөрү менен КНС төлөөчүнүн көрсөткүчтөрүнүн дал келбестиги;
6) мурунку үч календардык жыл үчүн төлөнгөн салыктардын суммасы ордун толтурууга жана кайтарып берүүгө коюлган КНСтен ашкан суммадан аз.»;
– төмөнкүдөй мазмундагы 331-пункт менен толукталсын:
«331. КНСтен ашкан суммаларды үчүнчү өлкөлөрдөн импортко КНС боюнча салыктык милдеттенмелердин эсебине ордун толтурууда жана кайтарып берүүдө же алыш-бериш эсебине кайтарып берүүдө салык төлөөчү 302 же 303-пункттарга ылайык документтерди берет.».
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 23-июнундагы № 46 (3806) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |