Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кабыл алынган датасы
2026-жылдын 24-июну № 614-VIII
У.Т. Маматкеримовду Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамына бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 6 жана 8-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м к ы л а т:
1. Маматкеримов Урмат Таалайбекович Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин ыйгарым укуктарынын калган мөөнөтүнө Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамына бекитилсин.
2. «Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамын бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 18-июнундагы № 3187-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-пунктта «Чотонов Санжар Бейшенкулович» деген сөздөр «Маматкеримов Урмат Таалайбекович» деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
| М.А. Маматалиев |