Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 23-июну № 225
Кыргыз Республикасынын жарандыгына
кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 7-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө» жана «Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын ортосундагы жарандык алуунун жөнөкөйлөтүлгөн тартиби жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралу» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын сунушун эске алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө адамдардын өтүнүчтөрү тиркелген тизмеге ылайык канааттандырылсын.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
2026-жылдын 26-июнунда https://president.kg/kg/news/all/40559 расмий сайтында жарыялынды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |