Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 23-марты № 120
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 8-декабрындагы № 336 «Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ишинин айрым маселелери жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөрдү
киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ишин өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:
1..Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 8-декабрындагы № 336 «Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ишинин айрым маселелери жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлыктын 2-тиркемесинде:
- 16-пунктта:
биринчи абзацта «23» деген цифралар «24» деген цифраларга алмаштырылсын;
он биринчи абзацта «6» деген цифра «7» деген цифрага алмаштырылсын;
он бешинчи абзацта «3» деген цифра «4» деген цифрага алмаштырылсын;
-.«Жыйынтыгы» позициясында «270» деген цифралар «271» деген цифраларга алмаштырылсын.
2..Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
1).ушул Жарлыкты ишке ашыруу үчүн зарыл болгон финансы каражаттарын издеп тапсын;
2) ушул Жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |