Редакцияот 22.01.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖИБЕК-ЖОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жибек-Жолу айыл аймагынын  айылдык кеңешинин  I чакырылышынын  кезексиз I отуруму

 

ТОКТОМ

№1/1

2026-жылдын 22-январы

Согонду айылы

 

Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн Күң-Элек айылындагы Бүлөлү дарыясынан сугат суу үчүн келген узундугу 5,5 км аралыктагы дюкердик каналды Алай райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүү жөнүндө

 

Күң-Элек айылындагы Бүлөлү дарыясынан сугат суу үчүн келген узундугу 5,5 км аралыктагы дюкердик каналды Алай райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүү жөнүндө Жибек-Жолу айыл өкмөтү токтом кылат:

 

1.    Күң-Элек айылындагы Бүлөлү дарыясынан сугат суу үчүн келген узундугу 5,5 км аралыктагы дюкердик каналды Алай райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берилсин.

2.    Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Камиловго сунушталсын.

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

Төрага:

Н.Турсуналы уулу